Алыкулдун эки томдук жыйнагы басмадан чыкты

osmonov kitep

Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата акындын эки томдук тандалган чыгармалар жыйнагы “Салам” басма үйүнөн жарыкка чыкты. Боёгу кургай элек эки томдуктун биринчисине анын ар кыл жылдарда жарык көргөн китептерине жана архивдик материалдарга салыштырылып тандалган ырлары, пьесалары, эл арасынан жыйнаган легендалары жана балдарга арналган ырлары топтоштурулган.

Ал эми экинчи томдугуна акындын “Жеңишбек” баш болгон 14 поэмасы жана акындын котормосундагы У.Шекспирдин “Отелло” драмасы менен А.С.Пушкиндин ыр түрүндө жазылган “Евгений Онегин” романы киргизилген. Ошондой эле ар түрдүү акындардан которгон ыр-тамсилдери менен макалалары да ушул жыйнакта.

Ар бир кыргыз жүрөгүн толкундаткан акындын чыгармалары жыйнак болуп эгемендүүлүк келгени ири көлөмдө биринчи жолу чыгып отурат. Белгилеп кетчү нерсе, бул эки томдук коомдук ишмерлер, Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонддун төрагасы Кеңешбек Көкөевдин жана акындын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча

Уюштуруу комитетинин теңтөрагасы Аскербек Эрматовдун демилге-көмөгү менен жарыкка чыкты.

Бул эки томдук жыйнактын түзүүчүсү – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев. Алыкулчу журналист-жазуучу М.Тентимишев бул жыйнактардын басмадан чыгышына акындын арбагы ыраазы болсун деп орошон чыгармачылыгын жумшаганын белгилеп кеткибиз келет.

Эки томдуктун ар бири 596 беттен туруп, ар биринин салмагы 350 граммга барабар экендигин да айта кеткенибиз ашыкча болбостур.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.