КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева: “Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин”

3Таң менен кошо сайраган булбулдун үнүн уктуңуз беле? Эми ойгонуп келаткан ааламдын жүрөгүн кубантып, тирүүлүктүн ажайып экенин жар салып, жаратылышты шаңга бөлөп башкача таңшыйт. Зейнеп эженин үнү да “Он сегиз жашты”, “Кызыл өрүктү” ырдаганда ошол таңкы булбулдай шаңшып, адам дилине тирүүлүктүн бир берилген белек экендиги тууралуу жакшы ойду сүртүп, жаштыктын, сүйүүнүн керемет экенин эскертип турат. Эже “Мен “Он сегиз жашты” он сегизге чыга электе ырдадым” деп эскерди. Бир жолу көгүлтүр экрандан Зейнеп эженин жаш кезиндеги концертин көргөн элем. Ошондогу булбул таңшык үн, эми эле көккө учуп, же сүт көбүк черткен өктөм тоо суусуна, болбосо жер кезген ак булутка айланып кетчүдөй эргиген келбет али да көз алдымда. Эженин андагы келбетин, үнүн унутпаган угармандары али да арбын экендиги “Биз силерди сагындык” аттуу концертте дагы бир жолу дайын болду. Бүгүн эженин ыр жандуу күйөрмандарына ырчы менен болгон маекти ыроолоону туура көрдүк. Анда кеп кезеги эжеде.

– Зейнеп эже, биздин эл канчалык ыр жандуу, талантка таазим эткен эл болсо да, өз менталитетинде ырчылыкты, актрисалыкты көп деле жактыра беришпейт. Сизге ушул кесипти тандоодо менталитеттин таасири тийдиби?
– Мен тилим чыккандан эле ырга жакын болуптурмун. Анткени, биздин үй-бүлөнүн баары, айрыкча атам ыр жандуу адам эле. Атам өзү айылда мугалим болгону менен ырдачу, манас айтчу. Ал тургай кезегинде айылдашы Ашыраалы Боталиевдер менен чогуу келип музыкалык окуу жайга тапшырганда, көптөн суурулган саналуу балдардын катарында окууга өткөн экен. Бирок, бир туугандары “эркек башың менен ак уруп артист болот деген эмне уятсыздык? Кереги жок, тентибей үй-бүлөңдү бак” деп окутпай коюшуптур. Апам болсо жакшы кошокчу болчу, мыкты ырдачу. Сахнадан кеткенче апамдын репертуарынан ырдап жүрдүм.

Жакшы ырдаган менен менин тилегим ырчы болуу эмес болчу. Мен актрисалыкты жакшы көрчүмүн. Атам отуз жылдай мектепте иштеп, анан пенсияга чыгып, почтодо иштеп калды. Ошондо ушундай бир сонун журналдар келчү. Алардын сыртында, ички түстүү беттеринде сулуу актрисалардын сүрөттөрү басылаар эле. Алар жөнүндө окуп алып, “кандай адамдар ушундай артист болот экен?” деп суктанып, тим эле жүрөгүм толкуп, “мен да ушулардай болсом” деп кыялданчумун. Андан сырткары Жамал Сейдакматова, Зейнегүл Эсеналиева деген актрисалар мага абдан башкача таасир этчү. Аларды биздин айылга келишсе эл төбөсүнө көтөрүп коноктошоор эле. Ушундай бир сулуу, назик, кийимдери жарашыктуу көрүнүп, карап эле отура бергим келчү. Алардын ойногон ролдорун туураганга аракет кылып, мектепте болсо такай башкы ролдорду аткарчумун.

– Анан эмнеге актриса болбой калдыңыз?
– 1966-жылы онду өзүмдөн бир жаш улуулар менен бүттүм. Себеби, кошуна эжебиз окуса, ошону ээрчип кошо барып жүрүп окуп калгам. Эсимде, ошондо мектепте далай жолу уктап калып, атам көтөрүп келип эле жүрчү. Онду бүткөн жылы Ташкентке театралдык окуу жайга барам деп, бирок, жетишпей калдым. Анткени, анда төрт жылда бир жолу бул окуу жайга чакырчу. Анда бизде искусство институту да, консерватория да жок эмес беле. Андан сырткары биздин документтерибизди да кеч берип, көп окуу жайларда кабыл алуу аяктап калган экен. Мени немис тилинен берген эжейим “сен немис тилине оку” дегенинен ал окуу жайга барсак, ал жерде да кабыл алуу бүтүптүр. Бир гана Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда документтерди кабыл алып жаткан экен, ошол жерге тапшырып өтүп кеттим. Сегиз күн окугандан кийин эле “филармонияга солист керек” деген кулактандырууну окуп калдым. “Эмнеси болсо да барып көрөйүнчү” деп барсам, келген кыздардын баарын ырдатып, акырында мени “даяр артист турбайбы” деп кубанып алып калышты. Ошол учурда Сабира Суранчиева эже декретке чыгып, артисттер Россияга барууга даярданып, бирок, солистка таппай жатышкан экен. Насип экен, мен кошулуп калдым. Анан алар мени “сени биз өзүбүз окутуп алабыз, окууңа барбай эле кой” деп үгүттөшүп, кийин окууну сырттан бүттүм. Ошондо “мен ырчы болбойт элем, актриса болгум келет” деп бир жарылып алдым. Анда чоң артисттер “азырынча ырдап тур, анан роль деле аткарып көрөсүң” деп коюшту. Анан “макул, анда атам менен сүйлөшүп, уруксат алып келейин” дедим. Барсам атам “өзүң кааласаң бар, кызым. Булардын мени ырдатпай койгону жетишет. Жетекчиңер ким?” деп калды. “Асанкан Жумакматов” десем, “анда абдан жакшы. Мен аны жакшы тааныйм” деп эч ким менен кеңешпей дароо уруксат берди. Биз эжем экөөбүз эле болчубуз. Апам “өлүп-өлүп силерди гана карманып калдык” деп айтып калчу. Ошондонбу, ата-энебиз биздин айтканыбызга жок дечү эмес.

– Ошол Россияга барган алгачкы сапардан эмне айрыкча эсиңизде калды?
– Оркестр менен ырдап жатсам бир киши туруп алып аябай кол чаап жаткан, бир маалда балкондон учуп кетти. Артисттер “мына, сага кол чабам деп казак жигит балкондон учуп кетти. Дагы жакшы, балкон жапыз экен” деп аябай бору эзилип күлүшүп, кийин да көпкө чейин эстеп жүрүштү. Ошондо биринчи ырдаган күнүм болчу. Ошол күнү аз келгенсип таң эрте жыгылгам. Анда тар, түз тигилген юбка кийчүбүз. Вагондун тепкичтеринен түшөм деп юбкамдын тарлыгынан экинчи тепкичке аттай албай жыгылып, таң калыштуусу капрон байпагым айрылбай, бутумдун темирге тийген жериндеги эти үзүлүп кетип аксап жүргөм. Ошентип, аксаңдап ырдасам, тиги казак жигит учуп кетип жатпайбы. Ошол бутумдун азабын көпкө чейин тарттым. Жеткен жерде дароо санчасттан тазалап жууп, таңышат да, батпай калган туфлимди бутума байлап алып сахнага чыгам. Жашмын да, унутуп калып секирип жиберем, ошондо гана бутум эсиме келет.

– Абдан жаш ырдадым деп жатасыз, ошол учурда сизди акылынан танып жактырган фанаттар болдубу?
– Толтура эле болду. Айрыкча, казактар ыр жандуу, кең көөдөн, шамалдай эркин калк болушат эмеспи. Россиянын көп жеринде биздин концертке казактар келээр эле. Кишинин бою менен тең жааган кар алдында ырдап, угармандар карга, суукка карабай ыр менен кошо коштоп кол чаап турушканы эсимде. Ошондогу бир күйөрманым али да унутпай кат жазат. Бир аскер адамы менин концертиме келип, ырларыма абдан ашык болуп, бирок, жолуга албай кат калтырган экен. Ошол катын али да сактап жүрөм. Чыныгы ыр сүйгөн адамдын каты болчу. Өткөндө да “жумуш менен кетип, дагы сага жолуга албай калдым” деп жазыптыр, байкуш. Балким, ошол учурдагы тартиптин темирдей катуулугунан абдан берилген көп фанаттарыбызды билбей да калдык. Анын үстүнө анда мен абдан кичинекей кыз болчумун, улуулардан тартынып турчубуз, айтканын эки кылчу эмеспиэ.

– Сизде дил толкуткан, өмүрүңүздү башка нукка бурган сезимдер болдубу?
– Сезим тууралуу айтаарда дайым “артисттерде кантип сүйүү болбосун” дешеби деп ойлоп алам. Менде өзгөчө бир сезим деле болгон жок. Менимче, мен улуу сезимге үлгүрбөй калдым окшойт. Ыр деп ыр менен жашап, мендеги ой-кыялдын баары ушуга ооп кетти окшойт. Элдин сага болгон эбегейсиз колдоосу ансайын делбиретип, адам зор таасирден чыга албай калат экенсиң. Мен ошентип өзүмө-өзүм батпай жүргөн кезде жолдошум ала качып кетти. Ал канчалык жакшы адам болбосун, экөөбүз үйлөнөбүз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Каякка жүр десе баш тартпай кете берчүмүн. Ала качканда деле ошенттим. Эгерде кичине сезимин билдирип, жигит каадасын кылып сөз айтса, балким, андан качып, сактанып калат белем, ким билет. Алып баргандан кийин дароо эле элге салып отургузуп коюшту. Чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон, боорукер, ырга жакын жигит болчу. Ошентип, он сегизимде турмушка чыгып, жашап калдык, балалуу болдук. Кудайга шүгүр, Белек экөөбүз жаман жашаган жокпуз.

– Жаш, анан эч кандай сезимсиз турмушка чыкканыңызга өкүнгөн жоксузбу?
– Кээде “балким, башкага турмушка чыксам башкача болот беле?” деп ойлоп калам, бирок, өкүнүп эмес. Анткени, мен кимге, кандай сезим менен чыкканда деле ырды эмес, үй-бүлөнү, баланы жогору койгон жан экенмин, балалуу болгонума ыраазы болуп жашай бермекмин. Ошондон улам сексен биринчи жылы эрте эле сахнадан кетип калдым. Анын үстүнө ырдын айынан үйдө чыр-чатак көбөйдү, балдарым кыйналып кетти. Күндүзү жумушта, түнү кир жууп, тамак жасап, аз келгенсип гастролго чыккан сайын улам бир баланы жетелеп жүрүү бир топ кыйнап койду. Он жети жыл балдарды жетелеп жүрүп иштедим. Эки баланы эптечүмүн, үчүнчүсү төрөлгөндө айла жок сахнаны таштоого туура келди. Гастролдо балдарың ыйласа, ооруса жаныңдагылар да жактырбайт, балдарга да кыйын. Балдардын бирин көтөрүп, бирин жетелеп тээ Кенес Анархайга чейин бардык. Ошондо төрөп алганым жакшы болгон экен. Азыр балдарсыз турмушту элестете албайм. Аман болушсун. Мына, жолдошумдун көзү өткөнүнө үч жыл болду, Белектен калган беш белек, эки уул, үч кыз менен жашап жатам. Кээде ырас, бир топ нерсеге жетпей, эч кандай сыйлыкка ээ болбой кала бердик деп өкүнүп калам. Бирок, эл бизди унутпаптыр. Муну “Биз силерди сагындык” деген концертте, эл ар бир ырга туруп кол чапканда көзүм жетип сыймыктандым, “өмүрүм текке кетпептир” деп сүйүнүп калдым. Эл аман болсун.

Айжаркын ЭРГЕШОВА, «Леди.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.