Саякбай Каралаевдин «Манасы», Уркаш Мамбеталиевдин “Семетейи”

manas_karalaev1_obl“Турар” басылмасында Саякбай Каралаевдин айтуусундагы “Манас” эпосунун толук варианты жарык көрдү. “Кыргызстандын жаңы адабияты” сайты белгилегендей, залкар манасчыбыздын айтуусундагы “Манас”биринчи ирет толугу менен жарык көрүп жатат.

Китеп 1040 беттен турат. Сүрөттөрү Теодор Герцендики. Нускасы 2 миң.

semetej_oblУшул эле басылмада учурдагы көрүнүктүү манасчыбыз Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетей” эпосу басылып чыгарылды. Китеп 500 беттен туруп, 2 мин нускада чыгарылган.

Китепке эл жазуучусу, профессор Бексултан Жакиев рецензия жазган.

“Турар” басылмасы жылдын аягына чейин Саякбай Каралаевдин да “Семетейин” басып чыгаруунун пландаштырууда.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.