Жусуп акындын 70- жылдардагы каармандары

Бул жерде ондогон жыйындардын, чогулуштардын, курултай – съездердин токтомдорун сөз кылбай эле көркөм адабияттарда поэзияда калышы ал доорго жан салып турат. Эгер алар болбосо те-е 19 – 20 кылымдардагы Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок, Арыстанбек, Калыгулдардын асыл сөздөрү өткөндү көркөмдөп да, жаңылап да жеткизип келди. Ошондой эле энчи кийинки Совет доорундагы К. Тыныстанов, А. Токомбаев, М. Элебаев, Ж. Турусбековдорго тийди. Ушул себептен ошол чоң тарыхтын бир гана тамчысы болгон Жусуптун поэзиясында чагылдырылган акындын асыл үмүтүн жердештери, ини, кыздары кантип жүзөгө ашырышкандар тарбиялык жана маалыматтык мааниси чоң үчүн мындан 30 – 35 жыл мурун жазылган, айтылган акырында болуп өткөн окуяларга кайрылып жатабыз. Ооба балдар, кийинки укум – тукумдар элүү жылда чын эле жаңырып кетээрин билишсин. Ошол аркылуу жалаң эле кара курсактын камын кылбай Жусуп Турусбековдой акын бабасынын поэзиясын таасиринде өсүшсүн дедик! Ошондой эле анын 60 – 70, 80 – жылдардагы аталары, апаларынын эмгек жаратуучуларынан да кабардар болушсун деген таризде эскини жаңылык катары сунуштоону туура көрдук.

Кайда жүрүп, каяктан дем албайын,
Кайда барып, канча жер көрө албайын.
Бардыгында тууган жер өйдө турат,
Ушул чындык сага да, маган дайын!

Адам – адам жеринде, Мекенинде,
“Туулган жер” деп айтылбас бекеринде.
Чагылгандай жарк этип бир тартылар,
Жашоо жетип, бул өмүр өтөрүндө…

…Эне сүтүн оозантып наристеге,
Үн берип, карек берип периштеге.
Учсун үчүн канатын каккылатат,
Андан ары максаты өрүштөөгө…

Ошондуктан тууган жер ыйык делет,
Ошондуктан тоо – тузу ыйык келет.
Менин дагы туу- жерим кайда жүрсөм,
Жүрөгүмө бир жашап сыйып келет!

– Тири укмуш ай!- дейм оюмда,- мына бет маңдайымда Кескен – Бел машина ылдамдыгын каршы ала чыга келди. Андан ары тиги Ак- Сайга чейин төмөндөп жүрүп отурат. Баса, Кескен- Бел жөнүндө ой жүгүртсөм… Тиги күн батышты карай Ак- Теректин суусуна чейин созулуп жаткан өрөөндө адыр, жогорулап келип такалган бийиктик.Ал анча – мынча кесилип бир кезде жол түшкөндүктөн Кескен – Бел аталып калган. Дал ушул жерден тиги Кызылдын бир учу, Көңдөйдүн талаасы, андан арытадагы адырлар, түздөр, тоолор бир кыйла даана көрүнөт. Ал эми батыш жагында адырлар менен колхоз талааларынан соң улам алыстабыраак калган Ысык – Көлдүн борбор кылаасына чейинки аралык бир кыйла. Туш-тушун Ысык-Көлдү бийик адыр тосуп, кыркалай жаткан бул жерди Кара- Сай деп коюшат. Ал жер да жайы-кышы бири экинчисинен анча айырмаланбай, көпчүлүк учурда бозоруп жаткан өзүнчө бир аймак.

– Ар несинин өзүнчө бийиктиги бар көрүнбөйбү? Ушул жер тегерегиндеги адыр – тоолордон кыйла төмөн турса да, мага өзүнчө бийиктик катары туюм берет. Анткени, ал жерден үч тарабым алаканга салгандай данаа көрүнөт.Анчалык бийик эмес, адыр тоолордун, анын тегерегиндеги түздөр менен чакан өрөөндөрдүн, те-етиги алп бийиктиктерге улантылган жашыл беттердин, ошол тараптан желе жорто келип жеткен керимселдин кереметин ушунда дагы бир ирет сезем! Ушул жерден жылдын төрт мезгилине карата ар түрдүү табигат көрүнүшү көңүлдөргө түрдүүчө уюйт. Экинчиден, ушул Кескен – Белден тууган жеримдин керемет босогосун аттап: – Кана айтылуу Көк – Сай, сенин бери жагыңдагы түздөрүң, менен адырларың, Көңдөй, Жер-Үй, Бөрү-Көрбөс, Бүркүт! – деп саламымды узатам. Көзүмө даана көрүнгөн ошол аймактын айрымдарынын четтери гана кылтайган аларды ушул жерден кайра – кайра тиктеп, алар жөнүндө ой жүгүртүп, дал ошол аймактарда жашап жана эмгектенип жатышкан жердеш – замандаштарымды кыялымда терметким келет. Ооба аларды жөн гана терметип, алардын дарегине жөн гана ооз көптүрмө сөздөрдү айткым келбейт. Алар ага муктаж да эмес. Деги кайнаган турмуш бар жерде бардыгы болот турбайбы? Жердеш – замандаштарым бу күндөгү турмуш кутуна кут кошуп бийик тоолорун дагы көкөлөтүп дыйкандары ар гектар эгин аянтынан 50 -60 центнерден жогорку түшүм өстүрсө чабандары жүзүнөн, жүз сексен бешке чейинки төл берип жатышы кимди сыймыкка бөлөп, кимдин бүйрүсүн кызытпайт. Алардын эмгек жеңиштерине биз бүгүн учкан куш менен жарышып өтүп бара жаткан, бир кыйла бийик деп эртеден бери сөз кылган Кескен – Белибиз кыйла жапыздык кылар. Кызык, ушул жерден өткөн сайын, качандыр бир айылдашымдын айтканын эстеп күлүп да коём. Ал мындай, азыркы эле колхоздун борбору жайланышкан Ак – Сай кыштагында сексендерге барып калган бир киши жашоочу экен. Ушунча узак өмүрүндө кыштактан беш чакырымга анча жетпеген Кескен – Белди бир жолу да келип көрбөптүр. Ал өзүнүн бала – бакырасы, айыл-ападагылардан Кескен – Бел жөнүндө сөз угуп күндөрдүн биринде таң кала: – Капырай Кескен – Бел эле дейсиңер, килейген белди кесип таштаганбы? Деги канчалык тоону кесип жол салган? – деп таң кала сураган имиш ?! Мына,турмушта ушундайлар да болоруна ишенбей коё албайсың.

(Уландысы кийинки санда)

Тенти Орокчиев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.