Айзада Абазова. “Кичинекей үйдөгү чоң бакыт”

(аңгеме)

Бул окуя күтпөгөн жерден болду. Айжан күйөөсү менен таарынышып, кызы менен баласын алып айылдагы үйүнө барган. Ата-энесин капа кылбаш үчүн балдары жайкы каникул учурунда отпускага келдик деп коюшту. Бирок, эне жүрөгү аны сезип жаттыбы, улам сурап жатты. Ага Айжан да моюн бербей, “күйөө баланын иштери жакшы, кошо келүүгө жумуштары чыгып, бошой албады” деп жооп берип жатты. Анткен менен мунусу эч нерсеге арзыбай калды. Балдары заматта “атам менен апам урушуп, биз уруксат сурабай качып келе бердик, апам бир аз атаңардан эс алып келеличи деп, атама айтпай эле келе бердик”, – деп баарын ачыктап койду. Ошондо гана Айжан:

– Апа, капа болбой эле коюңуз, биздики баягы да, бир жылда бир үйдө ушундай капиталдык ремонт жүрүп турат. Бир аз бири-бирибизден эс алган соң кайра эле бирге жашайбыз да. Кайда бармак элек – деп көңүл жооткотту.

– “Андай болсо болуптур, өзүң чоңоюп, өзүң өскөн үй. Эс алсаң, эс аласың да, бирок, мен да билем, үй-бүлө чатагын. Ал жөндөн жөн эле “эс алып келейинге” жеткирбейт. Анчалык чыдай албай жатсаң, өмүр бою азап тартып, бири-бириңерди кыйнабай бир жагына чечишип албайсыңарбы?

– Апа, өзүңүз айтчы эмес белеңиз, “күйөөнүн күйөөдөй азабы бар, чыдаш керек” деп. Мындай азапка батууга өзүмдүн да күнөөм болсо керек да. Күнөө эч качан бир жактан кетпейт эмеспи. Өзүмө жараша тилеп алган азабымды өзүм көтөрөм. Минтип көтөрө албай оордук кылып баратканда бир аз эс алып алайын дейсиң да, сиз андан көрө аны атама билгизбеңиз. Ал дагы балдарды суракка алып жүрбөсүн?

– Болуптур. Андай болсо, чарба курулуштарын баштап алып таза жүдөп жаттык эле, тиги усталарга жарма жеткирип келе койчу?

Айжан барса, эки уста сарай куруп жаткан экен. Салам айтып, жармадан чоң чыныга куюп, узата берерде саамга деңдароо туруп калды. Маңдайында турган адамды ал жакшы тааный турган.

Аңгыча уста да аны таанып: “Аа, велосипедчен кыз, сен үйдө белең? Жакшы турасыңбы? Шаардан качан келдиң, карындашым”?

– Жакшы, жакшы, Жанболот аке, кечээ эле келгем, сиз да бул жерде белеңиз, – деген Айжан көп сүйлөбөй жарма ичилип бүткүчө күтүп турду да акырын үйүнө жөнөдү.

Үйүнө баратып, терең ойго чөмүлүп кетти. Бул адам аны мындан он беш жыл мурунку мектептеги кезине жетелеп барды.

Анда ал мектепте комсомолдун баштапкы уюмунун секретары болуп иштей турган. Бул жумуш өзгөчө жайында кыйын. Ай сайын ар бир комсомолдон 2 тыйындан чогултушса, жайкы каникулда ар бир айга 10 тыйындан, башкача айтканда ар бир комсомолдон 3 айга 30 тыйындан чогултуу керек. Мектеп чоң болгондуктан миңден ашык баладан бир топ эле акча чогултуу керек. Класстын комсоргдору жыл аягына чыкканда ким взносту төлөсө ошолордун акчасын төгүп, калган акча бербегендердин тизмесин ага карматып коюп каникулга тарап кете берише турган. Ошону үймө-үй кыдырып өзү чогултуучу. Айыл чоң болгондуктан жөө кыдырууга мүмкүн эмес болуп, мындайда велосипед тээп жүрүп, “велосипедчен кыз” аталып кеткен. Ошондой велосипедчен жүргөн күндөрүндө ал Жанболотко жолуккан эле. Аскерден жаңы келип, дайыма гимнастеркачан жүрүүчү Жанболот кийинки күндөрү Айжанды шынаарлап калчу болгон. Эмнегедир эле айылдын кайсыл тарабынан болбосун алдынан кездешип “кандай велосипедчен карындашым?” деп салам айта берүүчү жигитке Айжан да күлө багып каршы алып: “жакшы, гимнастеркачан аке” деп коюучу. Акыры бир күнү Жанболот ыңгайын келтирип, кыз менен жакындан таанышты. Көп өтпөй ага сезимин билдирүүгө да үлгүрдү. Буга чейин гимнастеркачан тааныш карааны көзүнө канчалык сүйкүмдүү көрүнүп жүрсө да алдыда чоң максаттары бар Айжан дароо эле ачык жообун айтып, жигиттин үмүтүн таш каптырган. Эми ошол кездеги сүйкүмдүү караанды кайрадан бир эстей, ансыз да жараланып турган жүрөгү тыз эте түшүп, мурдагыдан да сыздап ооруп чыкты.

Үйүнө келген соң атасынан аста сурады:

– Ата, Жанболот аке бизде качантан бери уста болуп жүрөт?

– Эки жумадай болуп калды. Жакшы жигит. Колу жөндүү, ишин билген, ашыкча сүйлөбөгөн, саламы түз, абийирдүү жигит. Мындайлар азыр аз. Мурда уста салганда кайра-кайра көзөмөлдөй берип, өзүм жасагандай жүдөп кетчү элем, Жанболот келгени баарын ага ишенип таштап кетип жыргап эле калдым, – деген атасынан бир эле суроо менен ушунча жооп алууга үлгүргөнүнө кубанды. Аны улай сөзгө апасы да кошулду.

– Чын эле мындай жигит азыр өтө сейрек. Үй-бүлөсүчү. Бактылуу үй-бүлө деп ушуларды айтыш керек. Кенедей-кенедей беш кызы бар жашаялмет болсо да, түйшүк деп түйтөйбөй, бири-бирин сыйлап турушат. Биздин көчөгө тыпырайган там салып көчүп келишкен.Аялы күндө түшкү тамагын жасап келет. “Жанболотко кабатыр болбогула, үйдөн деле тамак ичет” десек болбой, күндө же аялы өзү келет, же кичинекей кыздарынан көтөртүп жиберет. Кыздары да тим эле атасына ынак, бойтоюп, бойтоюп ээрчишип келип, атасына бир сыйра эркелеп кетишет. Ана карабайсыңбы, дагы келатат- деген апасы көчө жакты карап калды.

Аңгыча чын эле кичинекей 5-6-7 жаштар чамасындагы үч кичинекей кыз бойтоюп ээрчишип келип, жарыша салам беришти да, короонун аркасына атасын көздөй жөнөштү.

Бир аздан кийин үч кыз кайрадан бошогон идиштерин көтөрүп, дагы : “Жакшы калыңыздар, чоң ата, чоң апа” деп жарыша коштошуп жөнөй беришти.

Айжандын апасы менен атасы кичинекей кыздарды алкай узатып кала беришти. Бир убакта бир топ жерге барып калган кыздардын кичүүсү кайра артка келди да атасына кайрылып:

– Чоң ата, сиздин Айжан деген кызыңыз кана, мен таанышсам болобу? – деп сурап калды.

Кипкичинекей тирикарак кыздын тартынбай келип шакылдап сүйлөп турганына баары күлүп жиберишти. Аңгыча Айжан кызды үйгө жетелей, үйдөн момпосуй карматып сурады:

– Эми таанышалы. Менин атым Айжан, а сенин атыңчы?

– Менин да атым Айжан.

Айжан күтүлбөгөн бул жоопко алдастай түштү да, жүрөгү дагы тыз дей түшкөнүн байкады. Кайрадан бир кездеги гимнастеркачан жигиттин сүйкүмдүү карааны көз алдына тартыла түштү.

– Жакшы кыз турбайсыңбы, Айжан, эми жакшы тааныш болуп жүрөлү, ээ, а сен эмнеге мени менен таанышам дедиң?

– Жана атама барганда чоң атаңдардын үйүндө Айжан деген шаардан кызы келди. Ал шаарда жакшы жерде, газетада иштейт. Силер жакшы окусаңар ошол эжеңердей жакшы жерде иштейсиңер, – деди. Анан мен сиз менен таанышайын деп ойлодум. Менин атым да Айжан, мен да сиздей жакшы окуйм. Сиз менен таанышып, сиздей болсом деп атайын эжелеримен калып калдым.

– Сен кичинекей болгон менен кыйын кыз турбайсыңбы, канча жаштасың?

– 5 те. Бирок, быйыл мектепке барам. Апам: “Кичинекейсиң, эмки жылы барасың” деп жатат. Бирок, мен: “Барам” деп жатам. Эки эжейим мектепке барат. Алардан окуганды, жазганды үйрөндүм. Атам: “Окуганды, жазганды үйрөнсөң барасыү” деген, мен окуганды, жазганды үйрөнбөдүмбү, эми барам да, ээ, эже?

– Сен чын эле жазганды билесиңби. Анда мынабул баракка жазчы, – деп Айжан сумкасынан ручка, барак алып чыгып, кызга сунду.

Кыз тыпыйган колдоруна ручканы эптүү кармап баракка: “Жанболот кызы Айжан” деп али мектепке бара элек болсо да бир ката кетирбей жазды. Айжан кыздын аты-жөнү жазылган жерди төрт бурчтуу кылып кайчы менен кести да арт жагына “Бактылуу бол, кичинекейим! Айжан кызга Айжан эжесинен” деген жазууларды жазды да сумкасынан бейжик алып чыгып, төрт бурчтуу кагазды бейжикке кийгизип, кыздын мойнуна тагып, ручканы бейжикке кыстарды да: “Эми ушуну менден эстелик кылып ала жүр, ээ” деп кызды узатып койду.

Эртеси, жумуштар менен райондун борборуна жөнөп кеткен. Түштө келсе, аны үйдө чоочун аял күтүп туруптур. Өзүн тааныштырган соң, кызына берген белеги үчүн ыраазычылык айтып, бүгүн кечте конок болуп кетүүсүн өтүндү. Айжан эмне дээрин билбей кармала түштү да, келиндин дагы суранганынан кыя албай макул болду. Айжан Жанболоттун үйүнө барып, конок болуп отуруп, ата-энесинин ал жөнүндө айткандарына ынанды. Бул кипкичинекей үч бөлмөлүү үйдө чын эле башкача бир ынтымак менен ырыскынын илеби уруп турат экен. Жарыша салам айтышкан кичипейил кичинекей кыздар адегенде эле кичинекей бөлмөлөрдүн чоң экскурсоводдору болуп кетишти. Айжанды сабак жазган столуна алып барышып, мектептеги ийгиликтери жөнүндө мактана башташты. Кечээки берген бейжикти дагы көргөзүштү. Ал бейжик открытка салчу колдон жасалган кооз үкөкчөдө экен. Аны кыздардын улуусу Чынара өз колу менен жасаганын мактана кетти. Ичинде толтура открыткалар. 8-мартка “Сүйүктүү апама”, 23-февраль “Сүйүктүү атама” деген открыткалардын бир нечеси жүрөт. Айжан мындай открыткаларды баласы менен кызы күйөөсү экөөнө да далай белек кылышканын эстеди. Бирок, эмне үчүн биз булардай ынтымактуу эмеспиз -деп ойлоду. Бул үйдөгү ынтымактын, бакыттын жылуу илеби аны ушунчалык суктандырып турду. Ушунча кичинекей үйдө ушунча чоң бакыт бар экенине ынанып отурган ал тамак ичип узагыча күн кечтеп кетти. Шаардагы ченем менен эсептегенде бир аялдамалык аралыкка Айжан өзү деле кетип калмак болгондо үйдүн кожойкеси Калбү: “Ошондой да болчу беле, сизди Жанболот жеткирип коёт” деп сылык коштошуп кала берди.

Айжан менен Жанболот жолдо сүйлөшүп баратышты.

– Келинчегиңиз абдан мыкты жан экен. Мындайды кайдан таап алгансыз?

– Билесиңби, мен сага сөз айтканда, сен тыкылдап каршы болуп, мен шаабайым сууп отуруп калганда, “Капа болбоңуз аке, сиз кайсыл кызды болсо да бактылуу кыла аласыз” деп жооп бергенсиң.

– Ошенттим беле? Эсимде жок. Бирок, азыр таң калып жатам. Ошондо бул сөздү эмнеге негиздеп айтканым эсимде жок. Мектепте окуган кичинекей кезимде ойлонбой, түшүнбөй айткан сөзүм азыркы акылым менен алганда абдан туура айтылган экен. Сиз чын эле кандай кыз, кандай адам болсо да бактылуу кыла алат экенсиз. Карачы кыздарыңыз менен келинчегиңизди кошкондо бир эмес алты кызды бактылуу кылып жатасыз. Кээ бирөөлөр алты эмес бир кызды бактылуу кылганга жарабайт. А түгүл кызды бала катары көрбөй эркек самаган ата сөрөйлөр канча.

– Буга келинчегим да кыйнала берет. “Мен сага бир эркек төрөп бере албадым” деп жатып үйлөнгөнүбүзгө 9 жыл болду, 5 кыздуу болгонго үлгүрдүк. “Үйүбүз тар болсо, жаныңды кыйнап, мынча эмне кыйналасың. Эркек жыргатып жатыптырбы, мага ушунусу жетет” десем да болбойт. “Анда, болуптур, 10 кыз төрө. Он эсе бактылуу болоюн” десем, мага ишенбей карап, таң калат. Чын эле ишенбейт окшойт, бактылуу экениме. Карачы, кандай жакшынакай кыздарым, жакшынакай келинчегим бар. Мага мындан ашыктын кереги деле жок. Үйдү чоңойтуп алсам, кыздарыма шарт түзүп , ушуларым бактылуу болсо болду.

– Үйдү чоңойтуш сизге кыйын деле болбосо керек. Колуңуз жөндөмдүү турбайбы, баарын өз колуңуз менен жасап аласыз да.

– Эми ал да акырындап болор. Бизди эле айта бердик го. Өзүң кандайсың? Күйөө бала кандай?

– Кудайга шүгүр… А сиз айтыңызчы, ушундай бактылуу үй-бүлө куруш үчүн эмне кылыш керек?

– Билбейм, биз өзүбүз үчүн гана бактылуубуз го дечүмүн. Сага да ошондой сезилдиби?

– Ооба, көз тийбесин.

– Билбейм, ал Калбүгө байланыштуу го. Мени өзүң билесиң, жумшакмын. Бирөөгө, өзгөчө аялзатына катуу айта албаймын. Башка бирөө болгондо жумшактыгыман пайдаланып, чокума чыгып алып, топташ ойномок. Калбү антпейт. Канчалык жумшак болсом, ошончолук сыйлап турат.

Аңгыча Айжан үйүнө жете келип, сөздөрүн үзүштү да кош айтышып кала беришти.

Жүрөгү жараланып турган Айжан өзүнчө калганда дагы терең ойго батты. “Жумшак адамдар кандай жакшы”,- деди өзүнчө. Азыр ал турмуштун катуу сыноосунан муздап, жумшак мамилеге, жагымдуу сөзгө, жылуу мээримге суусап турган эле. Аны ойлогондо жүрөгү ого бетер мыкчылып, көзү жашка сууланып чыкты. Бир кездеги гимнастеркачан сүйкүмдүү жигиттин элеси көз алдына кайрадан тартылды. “Эх, мен…” деп катуу үшкүрүнүп алды. Чоң максаттар… чоң максаттар… Чоң максаттар чоң бакыт алып келеби? Чоң бакыт кичинекей үйгө эле бата турган болсо, чоң жолго чыгуунун кажети бар беле?…

 

ayzada_abazovaА.Абазованын башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.