Тагдыр

(икая)

Бир күнү күүгүм ченде кайырчы үйүнө кайтып келатып, тагдырына наалып, кейип-кепчийт:

– Бакыт деп коюшат… Кана ал Бакыт?.. Жолу болсун ошол Бакыттын?..

Кайырчынын наалыганы тандырдын жанына батат да, анын арыз-муңун угуп келүүгө Бакытты жиберет. Тигил оозун ачып тагдырына жаңы эле доомат кое баштаганда Бакыт шап этип кайырчыны колдон алат:

– Кел бери, коркпо. Мен сенин бактыңмын.

Аң-таң түшкөн кайырчы аркы-беркини ойлонгуча Бакыт аны көтөрүп алып аба жарып учуп жөнөйт. Көп убакыттан соң бир үңкүрдүн оозуна апкелет да:

– Үңкүрдүн ичинде эсепсиз байлык бар. Каалаганыңды ал. Бирок, алганыңды көтөрүп кеткендей болушуң керек. Кайра кайтчу жол узак, жалгыз жол жүрөсүң. Эгер байлыгыңды жерге түшүрүп жиберсеңандан түбөлүк куржалак каларыңды эсиңе түй. Акылыңан адашпа, – деп коздөн кайым болот.

Кайырчы үңкүргө кирип сансыз байлыкты көргөндө көзү чачырап, колуна тийгендин баарын кабына сала баштайт. Бир сааттай убакыт өткөн соң, буума болгон кабын жонуна араң артып, үңкүрдөн чыгат. Бир аздан кийин далысы талып, чарчаганын сезет да, ойлонуп туруп, оор капты көтөргүчө тоодон ылдый тоголотуп жүрүп отурууну чечет. Ошентип, так үйүнө келгенде баягы кап жок болуп кетет. Оозунан алдырган бөрүдөй болуп кайырчы эмне кылар айласын таппай, кыйкырып-өкүрүп, тагдырына наалат айта баштайт. Ошондо көз ирмемде Бакыт пайда болуп кайырчыны минтип каарыйт:

– Сен өзүңдүн жана өз Бактыңдын алдында оор кылмыш жасадың. Сен эч нерсеге ыраазы боло албайсың, канча байлык болсо да сенин көзүң тойбойт. Сен асыл таштарды көтөрүшүңчө гана алып кетишиң керек болчу. Ашык байлык, ашык дөөлөт баш жарат дейт. Сен дөөлөтүңдү кармай аобай тоголотуп жибердиң. Бул сага сабак – барга каниет кылганды үйрөн.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.