Өкүл ата, өкүл эне

Үйлөнгөндөн кийин кыз тараптан күйөөгө, күйөө тараптан келинге өкүл ата, өкүл эне дайындалат. Өкүл ата, өкүл эненин зарылдыгы төмөнкүдөн улам келип чыккан: үйлөнгөн жигит да, жаңы келген келин да көпкө чейин ата-энелеринен тартынып жүрүшөт. Ошентип турмуштун жайын билелек жаш жубайлар акыл-насаат тарбиядан оолак калышы ыктымал. Ошол себептен келинге да, күйөө жигитке да тарбия берип, көзөмөлдөп жүрүш үчүн өкүл ата, өкүл эне дайындалат. Өкүл ата менен өкүл эне жубайларга экинчи ата-эне ордуна болушат. Булардын айткан акылын өкүл балдар угууга милдеттүү.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.