Сүр наарын
Керектелүүчү азыктар: 500 грамм сүр эт, 350 грамм чык, 1-2 баш пияз, 2-3 тоголок сарымсак.
Даярдоо ыкмасы: Сүр наарынды жаңыдан сүрсүй баштаган эттен жасаган дурус. Сүр этти казанга салып, 1,5-2 саат кайнатып, бышканда чыгарып коюу керек. Эттин табы кайткандан кийин майда туурап, тууралган этке чык кошуп дасторконго койсо болот.
Маалыматтар Т. Бөрүбаевдин “Кыргыз даамы” китебинен алынды,
«Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»)


