Абдылдажан Акматалиев: “Айтматов таарынычын ичине сактады. Аны кимге айтат эле?..”

– Абдылдажан агай, Чыңгыз аганын жанында көп жүрдүңүз. Балким ошондо турмуш-тиричилигине байланыштуу маселелерди да байкап, бушайман болсоңуз керек…
– Чыңгыз агайга мамлекеттик камкордукту Президенттер, Премьер-министрлер, Спикерлер көрүшү керек болчу. Калмыкиянын Президенти Кирсан Илюмжанов атактуу жазуучу Давид Кугульдиновго бардык шарттарды түзүп бергенин басма сөздөрдөн окуп калганым бар, ал турсун Чыңгыз агай өзү да кеп салып калар эле. Чыңгыз агайга жада калса транспорт бөлүнүп берилбегендиктен, ар бир таанышынан “тигил жакка, бул жакка жеткирип коёсуңбу?” деп сурап калчу эле. Алма-Атага чейин узаткан күндөр болгон, а казак агаиндерде ГАИнин коштоосу менен үлкөн жетекчилери тосуп алар эле. Ошондо мамлекеттин улуу жазуучуга кайдыгер болгонуна аябай капа болчумун, Чыңгыз агайды үйрөнчүк, мага окшогон айдоочулар да ташып жүрүшчү. Менин жигулиме түшкөндө ар дайым ойлор элем Чыңгыз агайдан сүрдөп, тердеп “бир кырсыкка учуратып албасам экен” – деп. Светофордун жашылы күйүп турса, машиналар аз болсо жеңилдеп калар элем. 60-70 көрсөткүчтөгү ылдамдык менен айдаганыма агай ыраазы болбогондой башын чайкап, “100-120 менен айдабайсыңбы” деп калчу. Чет жерде жакшы жолдо, жакшы машинада көнүп калса керек. Мага агайдын ар кимдин ар кандай машинасына түшө бергени жакчу эмес, кырсык болуп калышы мүмкүн эле да.

Ооба, Чыңгыз агай жөнөкөй болчу, бирок агайды жөнөкөй деп эле шалдыраган машиналарда алып жүргөндөрүбүз туура эмес да. Бир күнү Чыңгыз агай ишиме телефон чалып, Кино үйүнө тез келишимди өтүнүп калды. Эптеп бир таксини кармап барсам, агай эшикте күтүп туруптур. “Азыр бир жакка барып бирөөгө куран окутуп келели, машинаны коё бербе” деп калды. Мен уялып кеттим. Чакырган жерге барганда күтүп тургандарга “Замир, Смальтбек, ушунуңар туурабы, агайдын машинасы жок экенин билесиңер, өзүңөр жакшы машина таап алып кетпейсиңерби?” деп ачуум менен бир тийгем. Агайдын кулагы чалып калды окшойт, мени акырын тыйып койду. Анын үстүнө Кыргызстан компартиясынын мурунку биринчи секретарлары мамлекеттик камкордукка алынып, резиденциядан үй-шарт берилип, тамак-ашы беленделип, акыркы маркадагы татынакай транспорту алдыларында турса, эмне үчүн дүйнөлүк атагы бар, коомдук ишмерге андай мамиле кыла албаганыбызга жан дүйнөмдө келише албадым. Ушул маселени көтөрүп, кат жазып, ошол мезгилдеги Жогорку Кеңешке кайрылдым. Менин катыма оозеки түрдө гана “коомдук ишмерге мамлекет тараптан, бюджеттен эч нерсе каралбайт” деген жооп узатышты. Кайра мага “Айтматовго эмне жетишпейт?! Акчаларды эмне кылат?!” деген суроолорду жаадырышар эле. Мына ушундай. Ал эми фонтан оңдогонго, мааракелерге, салтанаттарга миллиондогон каражаттар кетсе, депутаттарга үйлөр салынса, жаңы маркадагы машиналар алынса, бир чиновникке эки-үч машина, эки-үч жардамчы кызмат кылып турса ага мүмкүндүк, шарт бар да, Чыңгыз агайга келгенде жок болуп калганы кызык. Көрсө, анын коомдук ишмердиги тоскоол, жолтоо болуп жаткан тура! Ооба, Чыңгыз агайдын өзүнүн каражаты өзүнө жетмек. Ага баарынан да моралдык колдоо зарыл болчу. Көздүн карегиндей сакташыбыз керек эле. Ар бир минуттук, ар бир сааттык өмүрүнө жоопкерчилик менен карап, камкордук жасоо милдетибиз болчу. А биз, тескерисинче, айкөл жүрөгүн аябадык, жан дүйнөсүнө бүлүк салдык. Эмне деген ушак-айыңдарды басма сөздөргө жазып, “атың чыкпаса жер өрттө” кылдык. Айтматовду адилетсиз сындап жатканда мамлекеттин жетекчилери кайра кубанып, кол чаап турду. “Койгула, антпегиле, уят болот, бир адамды таза кармайлы” деп трибунадан айтканга да жарашкан жок. “Айтматов бийлик талашат, Айтматов төңкөрүш деп айтып салды” – дешип, тескери, каршы материалдарды өздөрү уюштурушту. Айтматовдун кадыр-баркын кетирүүгө, моралдык жактан сындырууга аябай аракеттеништи. Жада калса, күнүнө түшүп жүргөн бассейнге киргизбей коюшу, кышында үйүндөгү жылуулуктарды, светтерди өчүрүп салышы ж.б. эмне дегенди түшүндүрөт. Айтматов кимге барып даттанмак эле?!. Баарын ичине сактады. Чындыгын айтып коюш керек, Аманбек Карыпкулов президенттин администрациясына жетекчи болуп келген убакта гана өкмөттүк гараждан керек учурда машинаны чакырып алууга укугу болгон. Бирок, ал деле көп узаган эмес.

Дайыма ойлончумун, Өкмөт Чыңгыз агайдын жанына кинооператор, дарыгерлерди эмне үчүн бекитип койбойт деп. Дарыгер ар дайым саламаттыгын карап турмак. Өзгөчө жүрөгү ооруган жылдары бүткүл дүйнөдөгү окурмандар тынчсызданып, айыгып кетишин тилебеди беле! Ошондо академик Мирсаид Миррахимов үйүнө келип-кетип жүргөнүн байкадым эле. Системалуу түрдө дарыгерлердин кароосунда болгон жок. Сахарга карата дары-дармекти да издеп калар эле. Доктордун дайыма жанында жүргөнүнүн зарылдыгы бар болчу.

Кинооператор-журналист болсо, жергебизде жана чет мамлекеттерде болуучу жолугушууларды, күндөлүк турмушун тартып турса кандай эстелик-архив болмок эле. “Айтматов” деген Гернштейн, Велинский менен Орозалиев тарабынан мындан отуз-кырк жылы мурун тартылган болгону документалдуу эки фильм бар. Биз ошону көрсөтүп, мактанып келебиз. Бул уят. Эмнебизге мактанабыз?! Айтматовдун жыйырма жылдан берки, башкача айтканда, 60 жылдык мааракесинен бери бир да документалдуу тасма жок, ошол аралык кыргыз искусствосунун, маданиятынын актай барагы болуп калды. Аны эч ким, эч качан толтура албайт. Бул биз үчүн чоң арман. Эми эмне кылуу керек?! Менин оюмча, азыр алдыбызда кечиктирилгис бир чоң милдет турат. Чыңгыз агайдын Кыргызстандан тышкары жерлерде жүргөндөрү жөнүндө көп материалдар алардын телестудияларында, мамлекеттик архивдеринде бар. Мына ушуларды бүгүндөн баштап, көчүрмөлөрүн алууга аракет кылышыбыз керек. Бул – мамлекеттин иши.

Айтматовдун көзүнүн тирүүсүндө эле Казак Республикасынын Президенти Н.А.Назарбаев көңүл буруп, атайын кабыл алып, Алма-Ата шаарынан чыгармачылык шарт түзүп берген, сегиз томдук чыгармалар жыйнагын орус жана казак тилдеринде чыгарууну дайындаган. А бизде эмне болду?! Көзү тирүүсүндө чыгармалар жыйнагын чыгарганга каражат таппай, окурмандардын жазылуусу менен басмадан чыкканы эле баарын түшүндүрүп турбайбы?! Албетте, Чыңгыз агайдын үйү, машинасы бар болгон, бирок, бул мамлекеттик камкордуктун зарылдыгы жок дегенди билдирбейт эмеспи!.. А бүгүн деле, Чыңгыз агайдын Рухуна мамлекет камкордук кыла элеги ырас.

– Кийинки мезгилде Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кинотасмалардын бет ачарлары байма-бай болууда, Сиздин пикириңиз кандай?
– Айтматовдун чыгармачылыгына кийинки кезде жоопкерчилик менен мамиле кылынбай келе жаткандыгы да жан кейитет. Өзгөчө, буга мисал катары “Мосфильм” менен “Казахфильмдердин” тарткан кинотасмаларын айтсак болот. “Казахфильм” жараткан “Гүлсарат” тасмасы жөнүндө терс пикиримди башка бир маекте билдирген элем. Жакында “Ала-Тоо” кинотеатрында москвалык режиссёр “Чыңгызхандын ак булуту” деген тасманын бет ачарын жасады. Биздин кино ишмерлер, киносынчылар кандай кабыл алды билбейм, биз жөпжөнөкөй көрөрмандар аябай нааразы болдук. Айтматовдук идея таптакыр жок. Болгону Чыңгызхандын башында айланчыктап жүргөн Ак булут эле жакшы тартылыптыр. Каармандардын аттары жүргөн менен сюжети теңирден тескери болуп калган. Айтматовду окубаган адам, билбеген адам Айтматовду көп жазуучулардын бири катары кабыл алышарынан күмөн санабайм, бул Айтматовдун ысымына көө жапкандык, шек келтирүү деп эсептейм. Таланттуу режиссёр Айтматовдун идеясын улап, тереңдетип кетет. Мисалы Болот Шамшиевдин “Ак кемеси”, Геннадий Базаровдун “Саманчынын жолу”. А москвалык режиссёр, операторлор бөлүнгөн чоң каражатты жабуу үчүн эптеп эле кино тартылды деген отчёт бергендей болуп калыптыр. Эгерде кинону көрсөңүз, картинадагы пейзаждык сүрөттөөдө машиналардын жүргөн жолдору жатат. Чыңгызхандын мезгилинде качан машиналар болгон эле. Электр столбалары линиялары менен турат. Чыңгызхандын учурунда свет болду беле?! Чыңгызхан светтин жарыгында жүрдү беле?! Боз үйдүн жанында казан асылып турат, а казандын астында чөп өсүп турат. Очокто чөп болобу, күл болобу?! Тасмага кыргыздын белгилүү артисттери тартылыптыр, ошолор эмне үчүн ушундай тескери жөнөкөй көрүнүштөрдү айтып коюшпайт? Каармандардын ысымын которуп койсо, анын Айтматовдун чыгармасына тиешеси бар экени эч кимдин оюна да келбейт. А Айтматовду окугандары болсо, киного тартылуудан баш тартышмак эле, режиссёр, сценарист, операторлор менен талаш – тартышка түшмөк. Биздин кино жаатындагылар бул кинотасманын кемчиликтерин көрүп турушса да, көз жумуп койгондоруна таң калам. Бул кинону жараксыз катары өндүрүштөн алып таштоо керек жана Айтматовдун романынын негизинде тартылган фильм катары окурмандарга көрсөтүүгө толук каршымын. Экинчиси, Чыңгыз агай жөнүндө документалдуу кино экен, “Россия” кинотеатрында июль айында бетачары болду. Документалдуу тасма болгондуктан, Чыңгыз агайдын өмүрүнүн акыркы жылдарындагы кадрларды көрөм го деген ой менен баргам. Бирок, мында да көңүлүм кайт болуп, жан дүйнөм муздап калды. Көрсө, алар Чыңгыз агайдын Ысык-Көлдөгү “Белек” пансионатына кызыгып келгендер экен, ошол жерге имарат куруу жөнүндөгү проектини талкуулоого алышыптыр. Чыңгыз агайдын ошол учурдагы гана кадры документалдуу болбосо, калганынын баары биз көрүп жүргөн эски, көнүмүш материалдардын монтажы экен. Кинонун убактысын чоюу үчүн “Жамийла”, “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу”, “Маңкурт”, “Бороондуу бекет”, “Ак кеме” ж.б. көркөм тасмалардан пайдаланылыптыр. Чыгармачылык изденүү таптакыр жок. Эгерде биз ушундай деңгээли төмөн, идеясы жок, бурмаланган, эстетикалык табиятка туура келбеген кинотасмаларды мактай берсек – Айтматовдун кадыр-баркын түшүрүп алабыз. Тескерисинче, бөгөт, жолтоо болушубуз керек, мен ушуга кино искусствосунда жүргөндөрдү чакыраар элем.

– Айтматовдун өзүнө кинотасмалар боюнча ой-пикириңизди бөлүшкөн учур болду беле?!
– Мен Чыңгыз агай тирүү кезинде эле агайга чыгармаларынын экрандаштыруудагы айрым кемчиликтер жөнүндө оюмду ортого салып, жада калса басма сөз беттеринде түрктөр тарткан “Кызыл жоолук , жалжалым”, “Ак кеме”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Жоргонун жүрүшү” (“Гүлсарат”, Урусевский), “Кайрылып куштар келгиче” (“Бетме-бет”) кинотасмалары боюнча пикиримди билдирип келгем. Анткени, китеп окуу ар адамдын убактысына, шартына, көңүлүнө ж.б. байланыштуу болот жана чыгарманы окуп жатканда ар бир окурман жан дүйнөсүндө өз алдынча кабыл алат. А кинодо болсо бир жарым – эки сааттын ичинде бир эле көрүүдө беш жүз – алты жүз киши көрөт, кабылдайт. Кино адабиятты адамга тез жеткирет. Ошондуктан, ал чыгарманын идеясын, мазмунун бурмалабай, так, ачык-айкын жеткирүү керек. Эсимде, Чыңгыз агайга “Фудзиямадагы кадыр түн” кинотасмасы менен чыгарманын ажырымы, дал келишпестүүлүгү тууралуу онго жакын принципиалдуу көз карашымды билдирген макаламды алып барып берген элем. Негизинен агай менин оюма кошулган жана “сценарийге менин фамилиямды кошпогула деп каршы болсом, кошуп коюшуптур” деп жооп узаткан. Кино сынчы болбосом да, үч-төрт көркөм жана документалдуу тасмаларга кеңешчи болуп, алардын өндүрүштүк-чыгармачылык изденүүлөрүнө аралашып калган жагдайым бар. Өткөндө телевизордон “Мосфильм” бир кино көрсөттү, карышкырлар, алардын бөлтүрүктөрүн уурдагандар, андан жапа чеккендер жөнүндө Айтматовдун таасири көрүнүп турат, жакшы деп айтаар элем. Айтматовдун “Кыяматындагы” Акбаранын эле окуясы. Садырбаевдин тасмасы “Акбаранын көз жашына” окшошуп кетет.

Эгерде бизде күчтүү киносынчылар болсо – ошол кино жаратуучуларды жарга такап, “Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган” деп жаздырып койсо эң туура болоор эле.

– Ата-Бейитке барып турасызбы, акыркы жолу качан бардыңыз эле?!
– Айына жок дегенде бир жолу барам. Агай менен жан дүйнөмдө сүйлөшөм, көлдөн келээрим менен бардым. Ата-Бейит сумсайып турат, гүлдөр да соолуп, чөптөр саргайып… Бул жолу да өткөн-кеткендерди эстеп көпкө чейин турдум. Айтматовду жылдыз дейбиз?! Кандай жылдыз, кайсы жылдыз?! Анан бир ой келди: Айтматов – Чолпон жылдызы деп экөөнү бирге атасак, барабар жазсак, эмне болот?! Айтматов-Чолпон жылдызы… куп жарашып тургандай. Асманды карайм – Чолпон жылдыздардын баарынан мурун чыгып турат, анан баарынан кеч батат. Жер шарын айланат. Урматтуу окурмандар, Сиздерге кайрылам, биз окурмандар Чолпон жылдызга Айтматовдун ысымын кошолучу. Ооба, “Айтматов Чолпон жылдызыбыз” деген эпитетти жөн эле колдонбой, чынында астрономиялык аталыш катары реалдуу ыйгарсак эмне болот?! Ата-Бейиттен келе жатсам, кулагыма агайдын коңур, жагымдуу үнү жаңырат: “… Мен болгону үйүрүңдө учуп бараткан канаттуу кушмун. Мен каркырамын. Караңгы түндө жылдыздарды көздөй учуп баратып өз оюмду ойлой берем. Кудайга жана адамдарга айтып ыйлай берем. О, адамдар, Жерге этият болгула, ийиниңер жеңилдесин! Силерди, адамдар, кырсыктардан, жалбырттап өчпөй тутанган өрттөрдөн, тыйылбаган кандуу уруштардан, кайрадан оңолуп ордуна келбеген жаман иштерден сактасын…”

Маектешкен Күнболот Момоконов, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20-27.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.