Жүлүнүнө кыргыз демин сактаган акын

Кыргызда ыр жазгандар көп, бирок нукура таза таланттар аз. Учурунда бекеринен алар тубаса талант жана “календарлык акындар” деп бөлүнбөсө керек. Айрыкча, тоо гүлүнүн сулуулугун, нары табигаттын сыйкырдуу кооздугун жан дүйнөсү менен сезип, ойго терең поэзиялык чеберчилиги аркылуу калкыбызга таанымал болгон, көркөм сөздү кастарлап, жандуу ырларында улуттук колориттүүлүк менен классикалык ыкманы айкалыштырган, ташкындаган талантынын таасындыгын жагымдуу ырлары тастыктаган, кайталангыс жаңычылдыгы башкалардан өзгөчөлөнгөн көз карашынан жана туюмунан көрүнгөн, кара күч менен акыл эмгеги айкалышкан Турар Кожомбердиев жүлүнүнө кыргыз демин сактаган чыгаан акын болгон…

Жакшынын өмүрү кыска болот тура, элине албан эмгек кылуучу кырчын курак 47 жашында арабыздан кетип, кайран акын Турар Кожомбердиевдин сөөгү туулуп-өскөн айылы Сары-Булакка коюлган эле. Аттиң дүйнө, замананын тардыгыбы, же кайдыгерликтин капшабыбы, залкар акындын көзү өткөндөн кийин бийлик менен байлыкка көзүн кызарткандар залкар талантты эскерген бир учур болбогондугун жүрөк күйө айтсак айып болбос. Ошентсе да, акындын окурманы катары анын мураска калтырган ырларын кайталап окуп, Турардын экинчи өмүрү ырларында жашай берерине ишеним зор.

Акын Т. Кожомбердиевдин адам катары да, акын катары да эскерер көп жактары бар. Анын кара күчкө ширелген балбандыгы жөнүндө аңыз кептер көп айтылат, бирок ал табигат берген кубатын жапа чеккен алсыздарды коргогонго жумшаганын замандаштары көп эскеришет. Ал гана эмес акын күз айларынын биринде коноктон келе жатканында жардам сураган үндү угуп, шашыла жетип барса, эки зөөкүрдүн бир аялзатын карактап жатканын көрөт. Кармашка киргенде “каршы-терши муштум” шакылдап жааганына карабастан, акындын “барскандай муштумдарына” каракчылар туруштук бере албагандыгын көркөм чагылдырып, таяк жегенине кайыл болгон Турар агабыз алсыз аялды коргоп калганына кубанганын да төмөндөгүдөй баяндайт:
“Жакам айрык, бети-башым канаган,
Оң ууртум шишип чыкты таш болуп.
Келе жаттым жаш келинди жетелеп,
Сүйүнүчкө, кубанычка мас болуп”.

Акын канчалык балбан болсо да, жан дүйнөсү наристеникиндей таза эле. Кеп баркын жогору баалаган акын өзүнөн чабал адамдын жүйөөлүү сөзүнө жыгылып, бир мажирөө, алсыз адамдай абалда калган учурлары көп болгон. Анын башкалардан артыкчылыгы ушунда эле. Өзгөлөргө үлгү катары анын жоомарттыгын, кайрымдуулугун, колу ачыктыгын жана карапайым мүнөзүн белгилесек болот. Ал жолдошту тандабаган, өзүнөн улуу, же кичүү экендигине, байлыгына, же мансабына карабаган. Айрыкча, акын катары таланттуу жана шыктуу адамдардын жапа чеккенин сезсе, колунда барын чачып кете берген адаты колу ачыктыгын гана эмес, ишенчээктигинен да кабар бергенсийт. Учурунда студент кезибизде кайран акындын колунан канча ирет даам таткан кездерибизди кантип тана алабыз жана унутабыз?

Турар агабыздын индивидуалдуу кулк-мүнөзү анын ырларынын да оригиналдуу чыгышына себепкер сыяктанат. Биз билген акын автобус-троллейбустарга түшкөндө орунга сейрек гана отурчу. Сезимтал акын ар бир кыймылга, окуяга сергек мамиле жасап, ага бөлөкчө көз карашта жыйынтык чыгара билген. Башкалар кетирген кемчиликтерге өзүн күнөөлүүдөй сезип, бушайман тартканын “Уяттын салмагы артат” ыры аркылуу келтирсек болот:
“Жайкы чилде. Автобус учат желдей,
Мен отурам карыларга орун бербей
Дулдуюп үн катпастан кара жердей…
Көзүмдү эл көзүнөн ала качып,
Билет алдым, кызарып, араң жатып.
Уяттын коргошундай салмагы артып,
Башымды жерге түртөт салаңдатып…”

Нукура акын, чексиз таланттын ээси Турар агабыздын кереметтүү ырлары эч качан окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Анын ырлары жөнөкөй, элпек тилде жазылса да, артында өтө бир тереңдик жашырылып жаткандыгын унутууга болбойт, анткени акындын адамдык касиетиндеги өтө татаал, көп кырдуу турмушу айкөлдүгү менен айкашып, ага кыргыз деми демөөр кошуп, кээде буюккан бороондой албуут жана тентек кыялы жуурулушуп, бул анын акын катары өз жүзүнүн, өз үнүнүн калыптанышына шарт түзгөндөй сезим калтырат. Акын өзү кандай болсо, ырларында да ошол касиет сиңирилгендиги менен айырмаланып тургансыйт.

Акындын чыгармачылык иштеги артыкчылыгы, кайсы темага кайрылбасын, чебер сүрөткер сыяктуу бөлөкчө көркөм ой жүгүртүп, түрдүү көрүнүштөргө башкача жаңы жыйынтык чыгара билгендиги менен өзгөчөлөнөт. Ырларында ритмиканын сакталышы, лирикалуулугу ойдун жаңылыгы менен ширелишет. Ушул артыкчылыктан улам акындын ырында башкалардан айырмаланган жаңы табылгалар, көркөм боёктор кеңири колдонулган. Буга акындын сезимин бүйрүгөн, бүтпөгөн темасына айланган жазгы жамгыр тууралуу ыр саптарынан мисал келтирсек болот. Жамгырдын касиетин акын “көктү тешип элек кылып,өзүн элге белек кылганын”, ошол учурда “чагылганды желек кылып булгалагандыгын” таасын сүрөттөсө, ошол эле жамгыр “зымдай ичке буттары” менен “ташты тээп” өткөнүн, анын артында берекелүү токчулук бар экендигин жар салат.

Албетте, табигат менен такай байланышта болгон сезимтал Турар агабыз жамгырдын кенчи булуттардын “тоо башында” комдонуп, “чагылганын катып алып”, этегине “мөндүрдү ороп алганын” чеберчилик менен чечмелейт. Акындын салыштыруулары күтүүсүз күчтүү чыккандыгы жогорудагы ыр саптарынан ачык көрүнөт.

Чагылган демекчи, адамзат чагылганды табигаттын катуу кырсыгы катары санаса, Т. Кожомбердиев ага окшобогон жаңы ойду жаратат:
“Күн күркүрөп, дене кошо “дүрт” этип,
Жүрүп кетти көктүн бетин жиретип.
Жамгыр чыккан тешиктерди чагылган
Жамап жүрөт, жалын менен ширетип”.

Не деген жаңы ой, не деген укмуштуу салыштыруу. Мындан күчтүү жаңылыкты бардык эле акындар таба албас!

Айылда өскөн, жылкычынын уулу Т. Кожомбердиевдин албууттугу да, сезимталдыгы да, айкөлдүк жана жоомарттык касиети да анын табигат менен киндиктеш өскөндүгүндө. Кыштын ызгаарында, жайдын аптабында атасы Кожомбердиге кошулуп жылкы айдаган, эч кимге көз каранды болбой эркин өскөн Турар агабыздын таптаза жан дүйнөсүнүн калыптанышына өбөлгө болгон. Башкалардын ороң-бараң кыялдарына нечен ирет тушуккан, андай мамилелерге өз алдынча ой жүгүртүп, чечим чыгарганга кичинесинен үйрөнгөн, энесинен эрте калып, эрке өскөн Турар агабыздын кемчиликти бетке айткан, кек сактабаган, айкөлдүктү туу туткан, берешендик, тартынбастык, калыстык касиетинин калыптанышына түрткү болгон көрүнбөйбү? Көрөңгөсү турмуш менен тыгыз байланышкан акындын новатордук чыгармачылыгы да ушул өзгөчөлүктөр менен жуурулушкан сыяктанат. Сөзүбүздү акындын өз чыгармасы менен тастыктап көрөлү.

Жылкычынын уулунун Суусамыр жайлоосуна жылкы айдаган ошол учурда ата менен баланын ортосундагы мамиленин көркөм жана реалдуу сүрөттөлгөн, “кунанды бастыра албай” калган көпшөк баласына жаны ачыган ата кеч күүгүмдө балтыркандуу аймакка токтоттурат да, “тамактын жакшыларын” уулуна түртөт. Уйку-соонун ортосундагы баласына атасы чепкенин жапканы, чукуранып ойгонгон баласы ай батканда чепкенди “кайра атасына жаап койгону” зор чеберчилик менен сүрөттөлгөндүгү окурманды кайдыгер калтырбайт. Чакан ушул ырдын өзүндө эле канчалык таалим-тарбия бар экендигин айтуунун деле кажети жоктур.

Турар агабыздын тоолор тууралуу ырлары кайталанбас саптар менен даңазаланып келген. Кичинесинен жылкы айдап, жагымдуу жайлоонун кооз көрүнүшүндө чоңойгон акындын көк чийген тоо, жайкы түн, боз үй менен анын коломтосунда чатырап күйгөн арча отун тууралуу сүрөттөөсү адамды не деген ойго салбайт. Өткөн балалыгыңды эске салат. Ал эми коломтодо тамак жасап жаткан эненин, от ичкерткен алыбеттүү жылкычы атанын образдуу баяндалышы жана алардын шок баласынын жылдыздарды укурук менен сайгылаган, жерге кулап түшкөн жылдыздардын кадимкидей шыңгыр жылаажын үнү угулат. Бул ырдын таасын, так жазылган керемет көрүнүшүн Турар агабыздай романтикалык маанайда сөз менен бере алгандар сейрек чыгар. Ыр ушунчалык элестүү гана берилбестен, ырда буга чейин эч бир акын айтпаган канчалык жаңы ой, канчалык жаңы табылга жатканын окуган адам жүрөгү аркылуу сезет. Мындай ыр нукура көчмөн кыргыздын турмушун керт башынан өткөргөн адамдын жан дүйнөсүнөн чыкчу улуу саптар катары эсептесек болот. Ушундан улам акындын сезимтал болуп өсүшүнө чыныгы турмуш менен оргуган талантынын тийгизген таасири катары саноого негиз берет.

Айылдын турмушун ой элегинен акындай эч ким өткөрө албаса керек. Бир эле ырда бир чети жүрөк сергиткен, бир чети жүрөк ооруткан эки башка көрүнүштү кыска жана нуска түрдө чечмелеген Т. Кожомбердиевдин талантына ким башын ийбесин. Анын “Арабада” ырына кайрылып көрөлүчү:
Бир араба ичинде,
Кыздар толуп,
Жыргап барат.
Кызыл түстүү жоолуктарын
Ыргап барат.
Кыйчылдаган дөңгөлөктөр
Кыяк сымал ырдап барат.
Оболоп күн ойду-тоону,
Сырдап барат.
Онтотуп оору апаны
Кыйнап барат.
Ыр угулбайт, кыйчылдап
Төрт дөңгөлөк ыйлап барат.

Карачы, жаштыктын деми арабанын дөңгөлөгүн ырдатса, мезгил өткөндө ошол арабанын оорулуу энеге жаны кейип ыйлагандыгында канчалык турмуш чындыгы философиялык маанайда чечмеленип жатат?..

Турар ага кайсы темага кайрылбасын, ал өзүнүн ыр саптарында нукура турмушту көркөм чагылдырып гана тим болбостон, күтүүсүз “коён секирик” менен биз сезбеген чындыкты көтөрүп чыгат да, доордун талабы менен жеке адамдын үмүт-тилегин көзгө көрүнбөгөн жиптер аркылуу бир биримдикте көргөзөт. Ар бир көрүнүштү жүрөгүнөн өткөргөн акындын максаты да бийик эле. Бирок ошол ой-тилекти ишке ашыруу оңойго турбаган. Нечен катаал сыноолорго дуушар болсо да, туруктуулукту туу тутуп, көздөгөн багытынан жазбай, келечек үчүн тынымсыз күрөш зарыл экендигин түшүнгөн адам гана жеңиш даамын татарын даңазалаган “Максат”, “Редакцияга барганда” аттуу ырларында таасын баяндаган.

Алгач ырларын алып барган учурда, аты таанылып калган акындардын бардыгы анын көзүнө бүркүт, шумкар, жагалмай көрүнгөнү, ыр саптарын окуган алар эртең кел, бүрсүгүнү кел деп убарага салганы, “даяр шылтоону” угуп, далай ирет жооп алалбай кеткендиги тууралуу эскерүүсү турмуш чындыгы эмеспи. Ушундай кырдаалга чыгармачылык ишке жаңыдан аралашкан канча жаштарыбыз дуушар болуп, куру убадалардан көңүл “кайт” болгонун акын каймана мааниде сынга алат да:
“…Татаал жолду тандап алгам тил албай,
Талант барбы?
Дале жүрөм биле албай.
Тартып келем чыгарманын азабын
Таасын ойду кайырмакка иле албай”, – деген саптар аркылуу окурмандарына жем салды суроо таштайт да, максатка жетүү үчүн турмуштун ачуу-таттуусун татып, жашоонун оор-жеңил жүгүн тартууга туура келерин белгилейт. Көөнөрбөс тилекти табигаттын жандуу бөлүгү катары карайт:
“Аралап мезгилдердин кышын, жазын,
Шөмтүрөп кургак жер жок бармак басым,
Кээ бирде таш жазданып, тикен кечип,
Максаттын ак аралайт кара чачын” – деп, кыпындай чындыкка жетишине айрым учурда бир адамдын өмүрү жетпей каларына каңырыгын түтөтөт. Алдыга канча бийик максаттарды койсоң, ага тоодой болгон тоскоолдуктар жараларын чакан ыр саптары менен чыныгы талант гана ачып берет көрүнөт. Ушундан улам, учурунда өз замандаштары А. Осмоновдун новатор акын экендигин, анын поэзиясындагы эч кимге окшобогон жаңычылыкты туя албаган сыяктуу эле Турардын ырларынын табиятын алигиче аңдап түшүнө албай жаткандай таасирге аргасыз берилебиз.

Коммунисттик идеологиянын негиздөөчүлөрү, коомдук жана экономикалык илимдер боюнча ири окумуштуулар Маркс, Энгельстер тээ бир учурда искусство боюнча изилдөөлөрүндө бирде коом ой-пикирден озуп кетсе, бирде ой-пикир коомдон алдыга чыгып кетерин белгилешкен. Алар байыркы грек, рим адабияттарын, кайра жаралуу доорунун искуствосун жана жаңы кылымдын – капиталисттик доордогу реалисттик чыгармаларын терең талдагандан кийин ушул пикирге келишкен. Демек, адабияттагы жаңычылыкты түшүнбөөчүлүк дүйнөлүк адабияттын практикасында да кездешери ушундан ачык көрүнүп отургансыйт. Бирок бул менен өзүбүздүн түркөйлүгүбүздү актоо мүмкүн эмес. Ал мезгил менен азыркы прогресстин учурун салыштырууга болобу? Анан калса “жогорку” билим алуу жагынан канчалык мактансак да, интеллектуалдуулук жактан талапка жооп бербеген кадрларыбыз кайдан чыгып жатат? Алар Турар сыяктуу кеп баккан акын-жазуучуларыбыздын жаңы ойлорун туюп, анын өзгөчөлүгүн башкаларга ачып көргөзө алабы? Көрөңгөсү чектелүү адамдар чыныгы таланттын баасын баалай алабы? Акын агабыз айткандай, “бирөө жүрсө уктабай ыр чыгарып, бирөө жүрөт уктатпай чыр чыгарып”, мына ошол жаңжалды каалаган:
“Чыгаандар өлчөшүп берээктен,
Чындыкты чыгарып керектен
Бир карыш немени макташып
– Бийик! – деп салышты теректен”.

Арман күн ушунда тура! Көрсө биздин интеллегенциянын маңкурт болуп калганын, таланттуу чыгаандар мансапкорлордун ыплас жан дүйнөсүнүн таманында тапталып каларын акын алгачкылардан болуп түшүнгөн көрүнөт! Мындан башкача жыйынтык чыгаруу да азыр кыйын болууда. Буга Турар агабыз сыяктуу искусство адамдарына жасалып келген кайдыгер мамилелер негиз боло алат. Чыныгы таланттуулар сейрек жараларын билип турсак да, көрө албастык, ичи тардык көөдөнүбүздү уялап калгандыктан, Турар сыяктуу залкар акындардын кадырын сезбей келебиз. Анын карапайымдыгын жана жөнөкөйлүгүн апендичиликке, башкаларга жасаган адамгерчиликтүү адатын көйрөңдүккө, алсыздарды коргоп чыкканын зөөкүрлүккө теңегендер да бар. Ушундай мамилеге учурунда Турар агабыз да тушукканын жашырууга акыбыз жок. Ошол учурда акынды ичип кетти – деп башкалардын көзүнчө жалган боорукерликти жасагандар чынында канча ирет табалады болду экен? Ага биз эмес, акын агабыз:
“Үндөбөй жигиттик турса басынып,
Үңкүрдө бийиктик турса жашынып.
Наамына жарака түшүп айыкпас
Намыстан өлгүсү келет асылып”, – деген жообу анын ошол депрессия абалында жаралып жүрбөсүн? Ушундан улам, башкага башын ийгенден, ар-намысты жогору койгон акын:
“Жеңилбейм, чегинемин кезегинде,
Жеңилдин жүргүм келбейт эсебинде.
Абийирдин кала берип этегинде…
Алптын да жүргүм келбейт жетегинде” – деп бекеринен зор максатты койгон эмес чыгар.

Акынды жакындан тааныган атактуу жазуучуларыбыздын бири маркум Асанбек Стамов Турар агабыздын обонго жазылган ырларды жазууга кеткен убакыттары текке кеткен сыяктуу пикирине кошулууга болбойт. Турар Кожомбердиевдин жүзгө жакын обон чыгарылган ырларын уккан жаштарыбыз анын мазмунуна, элестүү саптарына дагы деле суктанышат. Тилекке каршы азыркы күндө радиоуктурууларда берилген саны бар, сапатсыз ырлар көп берилип жаткандыгын угармандар да, радио кызматкерлери да танбас. Ал эми бардыгын акча менен ченеп калган бул көрүнүштөр да учур келгенде четке кагылып, обон менен сөздөрү айкашкан ырлар да үстөмдүк кылар. Ошондо Турар агабыз сыяктуу акындарыбыздын ырлары кайрадан обого көкөлөй турган учур келерине ишеним бар.

Турар аганы алгач адабиятчылар менен студенттердин жолугушуу кечесинде көргөн элем. Анда 17илерге келген учурум эле. Физика факультетинде окусам да, ошол жолугушууда биринчи ирет эптеп чүргөгөн ырымды окуганым эсимен чыкпайт. Кийин мындай жолугушууларга көп баруу адатка айланган. Окууну таштап, аскерге кеттим. Милдетимди өтөп бүтөөрүмдө мен ашык болгон кызды ала качып кетиптир. Фрунзе шаарына (борбор калаабыз мурда ушундай аталган) келип, маанайым басмырт тартып баратканымда кездешип калдым. Акынды тааныдым, учурашкан соң негедир ылым санап ичимдеги бугумду төктүм. Агалык кеңешин айтып, “Дружба” ресторанында шампан ичип маектештик. Ошондо Турар аганын:
“Көп көрдүм күндүн кыска, узагын да,
Көп болдук сагынычтын тузагында.
Ал селки мен самаган эрдин тосуп,
Отурат күйөөсүнүн кучагында…” – деп бир канча куплет ырын тартуулаганы азыркы күндө мен үчүн зор реквием катары көңүлүмдө кала берди. Бейтааныш жаш жигитке таанымал акындын жасаган ушул астейдил мамилесинде канчалык адамгерчилик, айкөлдүк, мээримдүүлүк жатканын айтууга сөзүм жетпейт. Дегеле өзүм билген, тааныган нечен инсандар бар, бирок алардан мындай жароокер мамилелерин көрбөгөндүгүмдү ачык айтууга туура келип отурат.

Ошол учурда: “Чыгармачыл адамдан чыгаан физик да, химик да чыкпайт. Кесибиңди туура танда!” – деген сөз айтылып кеткен эле. Эки анжы оюмду билгендей кебинин таасириби, кайрадан окуумду улантам деген пикиримден кайтып, журналисттик кесипке ээ болуу үчүн кийин экинчи ирет окууга тапшырганымды эстейм. Ой жүгүртсөм, менден физик эле эмес, дурус мугалим деле чыкмак эмес экен деген жыйынтыкка келем…
Элибиздин таанымал акыны, алгачкылардын бири болуп Ленин комсомолунун сыйлыгынын лауреаты болгон Турар Кожомбердиевдин “Кызыл алма”, “Таңкы симфония”, “Күн. Жер. Жүрөк.”, “Эне жана от”, “Нурлуу терезе”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Ыр булак”, “Кыл чокулар”, “От өчпөгөн коломто” сыяктуу ырлар жыйнактары адабият сүйүүчүлөрдүн китеп текчесинен түшпөй келет. Анткени акындын ар бир ыры анын жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыгып, калктын ой-мүдөөсү менен айкалышкандыгында. Акын тууралуу айта турган сөзүбүзгө кагаз түтпөс. Гезиттин мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүлүгүнөн улам, айта турган сөзүбүздү да кыскартууга туура келип отурат. Эртеби, кечпи бул темага кайрадан дагы кайрыларбыз.

Акырында айтарыбыз, таланты менен өзгөчөлөнгөн акын Турар агабыздын чыгармаларын жана жарык көрбөгөн ырларын топтоп, алдыда келе жаткан анын 70 жылдык юбилейине карата китеп кылып чыгарууга республикабыздын Жазуучулар Союзу жана Маданият министрлиги чечкиндүү аракет жасайт болду бекен? Же унутулган ысымга кайдыгер мамиле үстөмдүгүн жүргүзүп калабы? Элибиз айткандай, булардын “кулагына күмүш сырга” тагып, кандай жыйынтык чыгарарын чыдамсыздык менен күтө туралы! Мүмкүн акын өзү үмүт кылып:
“Кучагын ачпай турмуш кененирээк,
Кулагы болсо дагы кереңирээк,
Жаралып бизден кийин келген муундар
Жашоого түшүнүшөөр тереңирээк” – дегендей Турар аганын акындык жана адамдык тагдырын кийинкилер калыстык менен карашар чыгар. Үмүт үзбөй туралы!

Эртабылды Аттокуров, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27-31.08.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.