“Шекерден – Теңирге жол”

Жазуучу, манасчы, котормочу жана кино ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Ашым Жакыпбековдун 75 жылдык мааракесине арналып өткөн китеп-сүрөт-макала көргөзмөсү ушинтип аталат. Иш-чараны “Алыкул үйү-борбору” менен автордун тууган-туушкандары уюштурган.

А.Жакыпбеков “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясында “Манас” эпосу боюнча башкы адис катары эмгектенип турганда, манас таануу тармагын кеңитүүгө да чоң салым кошкон. Жазуучу 1994-жылы 4-июнда Таластагы “Манас ордодо” өтүүчү иш-чаралардын сценарийин жеринде жазууга жөнөп жатып, күтүүсүздөн каза тапкан. Анда Ашыке 59 жашка да толо элек болчу.

Ушул өңдүү эскерүүлөрдү камтыган бул адабий-маданий иш-чарага жазуучунун курсташтары, замандаштары, калемдештери жана окурмандары катышып, жазуучунун талантына таазим этишти. Окурмандар үчүн жазуучунун өмүр-баянына, чыгармачылыгына арналган кыска-нуска материалдарды сунуш кылуудабыз.

Калемдештери менен окурмандардын ой-пикирлери Чыңгыз АЙТМАТОВ:
– Манасчылар Улуу сөздү төгүлтүп, буркан-шаркан түшө ыр менен айтышса, А.Жакыпбеков кара сөздүн жорго сымал керемети менен кештелей баян этет. Демек, бул жарыкчылыкта кыргыз аты, заты сакталып турганда “Манас” эпосунун кара сөз түрүнүн биринчи, алгачкы автору катары Ашым Жакыпбеков дайыма айтылары табигый иш.

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ, Кара-Буура районунан:
– Кайран киши, өзүнүн “Теңири Манасынын” жарык көргөнүнө күбө болбой, дүйнөдөн мезгилсиз өткөнүн билген бар, билбеген бар. Чыгармачыл адам үчүн мындан ашкан кайгы, мындан ашкан кордук барбы?

Кадырына жеталбай калдыкпы деп, Эстегенде эңгиреп жашып алам!
Динара БЕЙШАНАЛИЕВА, журналист:
– “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Гүлсарат” – бардыгы тең түбөлүктүү чыгармалар. Биринчи жолу булардын котормо экенин билгенде шалдая түшкөм. Ошол китептерге “Которгон Ашым Жакыпбеков” деп жазып койгондо, эки талантка тең табынып окумак экем…” А.Жакыпбековдун “Айгашка”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Айдагы жезкемпир” сыяктуу чыгармалары, өзгөчө, кара сөз менен жазылган “Теңири Манасы” алтын тамга менен жазылган тил казынасы, кыргыздын көөнөргүс байлыгы.

Төлөн НАСИРДИНОВ, журналист:
– Ашыкем чыгармачылык чыныгы тар жол, тайгак кечүүнү атайын тандады. Ага акыл азуусу да, чыгармачылык азуусу да жетилген кезде киришкендиктен эң кыска мезгилде, алты жылда “Теңири Манасты” аяктады. Дастандын өзү турганда Ашымдын кара сөз менен килейген китеп шилтеши куру убаракерчилик болуптур деген кепти укпадым. Сыйкырчы сууну артына агыза алар-албасын билбейм. Ашыкем адабиятта андан ашкан иш кылды. Эл романды жаздана жатып окуп, таңдай кагууда.

Токтосун САМҮДҮНОВ, акын, Алыкул сыйлыгынын лауреаты:
– Ал өзүнүн автордук китептерин аз эле чыгарыптыр. Бул жагдайга М.Светловдун: “Кечиримсиз көп жазганга караганда, кечиримсиз аз жазган жакшы” деп айтканы дал келет. Анын үстүнө көп жылын Ч.Айтматовдун орусча жазылган чыгармаларын кыргыз тилине которууга жумшады. Ошол котормолорду моокум кана кайрадан окуп жатканда төмөнкү бир окуя эске түшө берет…

“Правда” гезитинин кабарчысы Э.Хемингуэйден чыгармачылыгы жөнүндө интервью алмак болгондо, ойго келбес жооп угат: “Өзүңөрдүн Хемингуэйиңер бар эмеспи. Ошондон алыңыз”. Кеп, атактуу жазуучунун чыгармаларынын чыгын коротпой, түп нусканын деңгээлине тете, кээде андан да ашыра которуучу Иван Кашкин жөнүндө эле. Биздин улуттук адабиятта да ушундай окшоштук, салыштырууну Айтматов менен Жакыпбековдун мисалынан даана туябыз.

Айтматов жана Ашыке
Төлөмүш Океев чет өлкөлүк меймандарга Ашым Жакыпбековду:
– Чыңгыз Айтматовдун айылынан болот, – деп тааныштырганда, Ашыке “сөз атасын өлтүргүсү” келбегендиктен:
– Чыңгыз менин айылымдан! – деп айтып калганда, эл менен кошо Чыке да жыргап күлгөн экен.

* * *
1976-жылдын күзүндө Ч.Айтматов убактысы жетишпегенин, башка чыгармаларын да элүү жылдыгына карата орусча жаза турганын жана аларды кыргызчалатууну А.Жакыпбековдун авторлугу менен ишке ашырууну айтат. Ошентип, 1977-жылы алгачкы котормосу “Гүлсараттан” башталган. Бул аталышты автор өзү коюп бериптир. Ал эми Ашыке:”Жаныбарым, Гүлсарым” деп сунуштаган экен. Ошондон тарта Айтматовдун ондогон чыгармаларын кыргызчалаткан.

Чыңгыз Айтматовдун жа-зуучулук стилин Ашыке Гүлсараттын жүрүшүнө, Каранардын демине жана да “Ак кемедеги” баланын ыйына салыштырганы өзгөчө пикир. Жазуучу ким деген суроого берген тыянагы: Жазуучу – эл абийири. Ага жетпеген соң жазуучумун деп айтуунун өзү сынык сөз.

Адабият тарыхына акыйкаттык калсын.

Эки залкар ортосундагы мамиле башынан эле мыйзамдык негизде башталганы менен авторго да, котормочуга да жагымсыз жагдайды жараткандар болгону бар. Адабиятчы К.Асаналиев Чыкенин үч томдугуна котормочулук укугун жокко чыгарып “Которгон А.Жакыпбеков” деген жазууну алдырып таштаган. Ошол томдуктарга Ашыкенин котормосунда кирген повесттер боюнча студенттерге “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы диалектизмдер” жөнүндө дипломдук иш жаздырганы убагында уу-дуу кепке алынганы маалым.

Бул тууралуу котормочу: “Алиги үч томдук чыгып жатканда дагы да болсо Чыкең өзү чакырып алып, кайсы чыгармалары менин мээнетим экенин тизмелеп, кол коюп берген кагазы азыр да басманын бухгалтерия архивинде жатат. Ансыз мага калем акыны кантип төлөшмөк эле” жана “Жазуучунун өзү кыргызча жазгандары бештен белгилүү, ал эми котормо жагын, башкача айтканда котормонун тили тууралуу кимдики деп изилдейсиңер, аны тарых чечсин, шашсаңар К.Асаналиевден сурап алгыла”, – деп жаш илимпоздорго жооп бергенин профессор Чолпон Жолдошева менен маектешүүсүндө айтканы бар (“КМ” 18-август, 1993-жыл).


Ашыкенин айрым пикирлеринен
Сагымбай бабанын “Манасы” бөтөнчө. Айткан үнү жазылып калбады, оозунан жазылып алынганы өзүнчө иштелип бүткөн улуу көркөм чыгарма.

Башка манасчылардан жалаң өз чөлкөмүнүн диалектилик сөз байлыгын көрсөк, Сагымбайда кыргыз элинин түндүк-түштүк сөз кенчи терең казылганы даана. “Көкөтөйдүн ашын” роман сыяктантып жайбаракат сүрөттөп, ар бир каармандын кейип-кешпирин, кулк-мүнөзүн ачып бере алган.

(“Сагымбай” макаласынан. “КМ”, 04.07.1992-ж.).

* * *
“Мырза уул” Алыкулдун сонун поэмаларынын бири. Фольклорду эң сонун пайдаланышы жанды эргитет. Ушул поэма боюнча киносценарий жазсам деген ой – мальчишеская мечта туула калды… Бирок ойлонуп отуруп, бир нерседен токтодум: “Мырза уул” түштүктөн алынып жазылган, элдин диалектилик ж.б. көп турмуштук, духовный кичине айырмаларын, тилин билиш керек. А мен билбейм – түштүктө болбогом. Барып-келүүгө эмес, азыр курсак тойгузганга тыйын жок…

(Студенттик күндөлүгүнөн. 3-дептер)

* * *
12-август, 1955-жыл.
Бүгүн кечке үйдө болдум. Күн абдан ысык. Мындай ысык күндөрдү көргөн эмесмин. Эч нерсе жазбастан талыкшып эле жатасың.

Бүгүн менин туулган күнүм. Өзүнчө гана болгону болбосо, биздин карапайым кыргыздар андай майрамды салт катары билбегендиктен, эч кандай белгилөө деле болгон жок. Жалаң гана муза менен белгиледим (Ошол күнү жазган ырынан үзүндү):
“Кош, жыйырма жаш – өмүр жазы кайрылбас,
Жашадым аз, көп нерсеге болдум маш.
Ачууңа кабак бүркөп түйбөдүм,
Таттууңа бой көтөрүп күлбөдүм.

Калгандан соң жан досумдан ажырап,
Жаңы достон адатымча сыр сурап.
Кыйын экен ынак болуу заматта…
Көз жиберип тааныбаган тарапка.
(Күндөлүктөн)

* * *
28-август, 1955-ж.
Мен ушул убакка чейин ар кимдер өздөрүнө “сүйүктүү жазуучу” тандап алышканына бир жагынан ишенип, бир жагынан ишенчү эмес элем. Быйыл жайында түшкөп көп ойлордун ичинде мен ага ишендим жана ал гана эмес өзүмө “сүйүктүү жазуучу да” тандап алдым. Ал – М.Шолохов. Майда окуган “Тихий Дондун” оор жана жагымдуу таасири али жаныма сиңип калгандай күчтүү жана ырахаттуу, мени алга жетелегендей сезилет.

Поэзиядан сүйүктүү акыным – Пушкин.

* * *
11-12.XI. 55.
Азыр, саат 1ден 3кө чейин Сарман, Бексултан мен болуп сүйүү жөнүндө козгоп көпкө талаштык.

Экөө: “Чыныгы сүйүү жүрөктөн чыкпайт, акыл-эстен чыгат б.а. адам жүрөгү менен эмес, акыл-эси менен сүйөт, себеби жүрөк ойлонбойт, баш ойлонот”, – дешти.

Мен буга каршы болуп: “Чыныгы сүйүү жүрөктөн б.а. адам жүрөгү, сезими менен сүйөт,” – дедим.

Ашыкенин ашыктык ырлары

Күндөлүгүнөн байкалгандай адегенде поэзияга умтулган жан дүйнөсү кийин кара сөздүн кашкөй чебери болгондо да ыр шиңгилдерден куру калбаганы туюлат.

Мисалы, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасындагы “Издеп жүрөм” ырынын мукамы (обону М.Рыскулбеков, аткаруучу Г.Мамашева) алиге Ала-Тоону термелтип келүүдө.

Ал эми “Көчө” көркөм фильминде актёр Ч.Думанаев ырдаган “Аппагымды” мага арнап жазган деп жубайы Күкүн эже ыраазы боло айтып жүргөнү жадымда.

Архивинен табылган “Сагыныч” ырында айылында өткөн балалыгы, жаштыгы, Айгашканы алкынта минип, Ала-Тоонун алкымында кыз өппөй ак мөңгүнү өпкөнүн сүрөттөө менен өткөндү сагына, азыркы абалын мындайча жыйынтыктайт:
Мен азыр сагынуучу кездеминби?
Сагына берчү болдум өткөнүмдү.
Алган кыз кемпир болгон, Айгашка жок,
А бирок ким өчүрөт эстегимди.
Ат болсо, Айгашкадай азынатып,
Издесем Ала-Тоодон аздегимди.
(6-июль, 1986-ж.)

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 03.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.