Академик Ж.Акималиев: “Бүбүсара жалт караганда колумдагы пивом ыргып кеткен”

1959-жыл. Кыштын күнү. Аспирантурада окуп жүргөн кезим. Мен Киевге командировкага көп барар элем. Себеп дегенде Украина ошол кезде кант кызылчасынын 70 пайызын бергендиктен Бүткүл Союздук кант кызылчасы боюнча илим изилдөө борбору Киевде болчу. Командировочныйды жакшы төлөчү. Берекелүү заман.

Киевге Москва аркылуу учкандыктан Москвага токтоп, анан ары кетчүбүз. Москвага барганда музыкага жакын жаным сөзсүз театрларга кире кетчүмүн. Эмнеси бар экен деп кулактандырууларды окусам Чоң театрда айтылуу бийчи Галина Сергеева Уланованын 50 жашка чыкканына байланыштуу коштошуу концерти болот деп турат. Учуп эле жеттим . Барганым менен билет жок. Бир саат турдум билет сураштырып. Анан оюн башталайын деп калганда бирөө чуркап келатат менде бир билет бар деп. Акчасын бере салып, ордун деле сурабай кирип кеттим. Кирсем менин ордум театрдын эң үстүңкү орундарында экен. Отурсам жакшы көрүнбөйт. Элдин баары эле туруп көрүп атышат. Мен дагы тикемен тик туруп көрүп жаттым. Эми ал кезде Уланованын даңкы учуп турган кези эле. Жульеттанын ролун катырды. Кол чабууларды айтпагыла. Суктанып карап турабыз. Анан оюн ортосунда антракт болуп калды. Чыгып эле буфетине бардым. Ал кезде театрлардын буфетинде башка жерде табылбаган “Двойная Московская золотая” деген пиво сатылчу. Ошол пиводон, дагы бутерброд алып кайда отурсам деп орун издеп жатып Калый аганы (Молдобасанов) көрүп калдым. Жанында Бүбүсара Бейшеналиева турат. Дагы бир дүңкүйгөн бирөө. Ал композитор Таштан Эрматов экен. Бүбүсараны мурда сыртынан көрүп жүрчүмүн. Атагы чыгып калган. Жанынан көрөм деген ой жок эле.

Калый ага мени көрө коюп “о-оо, иним кел-кел” деп сүйүнүп кетти. Аңгыча Бүбүсара жалт карай калганда мен үчүн күн жарк эте түшкөндөй эле болду. Шашканымдан колумдагы пиво ыргып кетип, түшүп баратканда Калый кармап калды. Бул кебетем Бүбүсаранын дагы күлкүсүн келтирдиби жарк этип күлүп жиберди. Күлкүсү тим турганынан да керемет экен. Таза эле оозум ачып эстен танып калсам керек, Бүбүсара “ой жигит, эмне болду?” деп жаркылдап турат. Аңгыча, Кудай жалгап Калый аралашып:

— Бүбүсара, бул Жамин Акималиев деген менин иним, өзү окумуштуу, — деп тааныштырып жатат. – Бүбүсара,- деп мага колун сунду. Колу кол эмес эле кебез.

Бүбүсара ачык сүйлөгөн, ушунча жөнөкөй жан экен. – Калый, ушул колбасаңдан тажадым, өзүбүздүн улуттук тамактардан алып берсең боло, – деп жатат. Калый үч жаш улуу болсо дагы аны сен дейт экен. Калый ага — “ой, макул, макул” деп жатат. Кичине эсимди жыйсам керек:

— Калый ага, эртең убактым бар эле, анын үстүнө мен айылдан келбедимби, туура көрсөңүздөр сиздерди мен сыйлайын, – дей салдым. Макул болушту. Эртеси саат 12де Чоң театрдын маңдайындагы кыргыз элчилигинин алдынан жолукмай болдук.

Г.Уланова дүйнөлүк деңгээлдеги бийчи болчу. Бирок биздин Бүбүсара Бейшеналиеваны жанынан көргөндөн кийин ал быякта эле окшойт. Бүбүсара жөнөкөй эле кийинген, бирок табигый сулуулугу, жаракөрлүгү өзүнө батпай төгүлүп турган, кыймылы да керемет, бир кайталангыс жан экен. Атаңдын көрү, баягы Мусакем ырдаган Жаракөр, Даанышман, Ак зыйнат ушулар турбайбы деп, ичимден толгонуп, мейманканада жакшы деле уктаган жок окшойм.

Эртеси жолуктук. Эми кайда барабыз десек Бүбүсара айтып калды: “Бу, европанын тамагын жөн эле коелу, бул жакта “өзбек рестораны” бар эмеспи ошого баралы, манты, шорпо же лагманы болсо керек” деп калды. Такси кармайын десем жөө эле барабыз деп Бүбүсара ортого түшүп алып, көркүбүздү ачып баштап баратат. Өтүп бараткандардын айрымдары Бүбүсараны бир кылчайып карап калып жатканын байкап бараттым. Ансайын “биздин Бүбүсара” деп көкүрөгүмдү көтөрүп калам. Бүбүсара андайга көнүп калганбы байкамаксан.

“Өзбек ресторанына” бат эле жетип бардык. Барсак кезек көп. Баары эле эркектер. Бүбүсара “силердин мындайга эбиңер жок, мен азыр” деп эшик тоскон кишиге барып бирдеме айтты окшойт, ал кезекти көрсөтүп жатат. Бүбүсара ансыз да баятадан көздөрү акчудай болуп өзүн карап турган эркектерди карап, жаркылдаган калыбында:

— Столько мужиков стоите. Неужели не пропустите такую красивую девушку как я? –деди эле, тигилер араң эле турушкан окшойт хор менен “пожалуйста” деп калышты. Бүбүсара эшикти кенен ачып бизге ишарат кылды эле шыпылдап өтүп баратсак, беркилерге жакпай калдык окшойт:

–О, с ней еще другие”- деп нааразы болду эле, Бүбүсара: “Эти мои мужчины, как я без них обедаю” – деди эле жаактары жап болду.

Менюсун карасак мастава, шорпо, манты, күрүч, шишкебек, айтор, баары эле бар экен. Бүбүсара ушуларды сагынган тура.

Башкаларыбызды билбейм Бүбүсара биринчисине мастава, экинчисине манты алдырып, аппетит менен жеп отурду. Калый ага тамашалап калды:

-Йе, Бүбүсара өзүң бийчи болсоң, ушунча тамак жесең семирип кетсең кантип бийлейсиң” – деп. Анда Бүбүсара айтып жатат:

-Калый, тамактан жалкоолор гана семирет. Мен күнүгө 10 саат бийлесем, мага күчтүү тамак керек да”… Баарыбыз күлүп калдык.

Бүбүсараны ошондон кийин жакшы билип, көзү өткөнчө сыйлашып, катышып жүрдүк. Аттиң, асылган оору 47 жашында алып кетти. Ал кыргызга жанган бир Чолпон жылдыз эле. Жан дүйнөсү, билими, акылы, сулуулугу, жаракөрлүгү, адамдык касиети табигый айкалышкан мындай аруузаты кийин-соңу болобу-болбойбу билбеймин. Ал баарыдан мурда нукура кыргыз кызы эле. Сөзүнөн, баскан-турганынан, өнө-боюнан кыргыз аялзатына тиешелүү бардык касиеттер байкалып турчу. Бир көрүп баарлашкан адам Бүбүсараны унутушу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Негизгиси кыргыздын эсиндеги легендарлуу сулуулар ушул Бүбүсарадай эле болсо керек. Жеке турмушу боюнча айткым келбейт. Бир гана көзү өткөндө Чыңгыз Айтматовдун катуу ыйлаганын көзүм менен көргөм. Ал тууралуу Чыңгыз жөнүндө кенен сөз кылганда балким, айтып берермин.

Ушу жерден композитор Таштан Эрматов тууралуу эки-ооз сөз айта кетпесем болбостур. Ошол бир-эки күн чогуу жүргөндө байкаганым Т.Эрматов сыртынан караганда дүңкүйгөнү менен ошо кебетеси да Бетховенге окшогон чоң композиторубуз экен. Бул киши ар ким эле тиш сала бербеген симфонияларды жазды кийин. Анча баркталбай калды окшойт. Ошондо К.Молдобасанов, Т.Эрматов, Б.Бейшеналиева үчөө 1959-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өтө турган декадасын даярдап жүргөндө, буларга мен жолугуп калып жатпаймынбы.

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым», 03.05.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.