КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВ: “Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна кыянаттык кылган”

Чубактын кунундай чубалган ремонт иштери кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрында биртоп жылдан бери бүтпөй келет. Сыртынан караган адамга баары жайында, кыбырап иштеп аткан театр көрүнгөнү менен бул жердин чечилбей жаткан ички маселелери, көйгөйлөрү көп. Чоң театрдын жүгүн, жоопкерчилигин мойнуна алып, жетекчи болуп шайланган жаңы директор, КР эл артисти Марат АЛЫШПАЕВди кепке тарттык.

Театрда биртоп жылдан бери ремонт болуп иштебей жаткан эле. Алгач ишти эмнеден баштадыңыз?
Улуттук академиялык театрга жетекчи болуп келгениме үч айдын жүзү болду. Ушунча убакыттын ичинде жасалган иштерди айтып берейин. Жакында маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз келип чогулуш өткөрүп, үч айдан бери эмне иш аткарганым тууралуу кабар алды. Себеби театрда 2007-жылдан бери ремонт иштери жүрүп, ал жарымына келгенде токтоп калган. Театрга жылуулук киргизилип, сантехникалык иштер, гримдөөчү бөлмөлөр, администрациялык кабинеттер ремонттолуп бүткөн. Бирок чоң сахнанын ремонту бүтпөй жатат. Негизи оңдоо иштери сахнадан башталып, көрүүчүлөр залына өтүп, фойени бүтүрүп, анан гана кабинеттерди, администрациялык бөлүмдөрдү бүтүрүш керек болчу. Ремонт туура эмес башталып калган. Буга чейинки оңдоо иштерине мамлекет тарабынан 17 млн. сом сарпталган экен. Маданият министри президентке улам кирип атып, жакында биздин театрга 8 млн. сом бөлдүрүп берип абдан кубантты. Эми бул каражатты үнөмдөп пайдаланып, театрдын ремонтун жылдын аягына чейин бүтүрөлү деген оюбуз бар. Театрдын үстүн жабыш үчүн 2 млн. сом сарпталат деп айтышкан. Биз ар кайсы курулуш компанияларга телефон чалып сурасак, 1 млн. сомго эле бүтөт экен. Аны менен катар башка бүтпөгөн иштерди да аткаралы деп пландаштырып жатабыз. Садык мырзанын кыргыз театрларына күйгө нүнө биздин чоң маселебизди чечип бергенине абдан ыраазы болдук. Театрда декорациялык зал бар эле, аны кичи зал кылып жасатып атабыз. Астыңкы кабатта көп жылдан бери ресторан, кафеге ижарага берип жүргөн зал бар, аны да көрүүчү кичи зал кылдык. Ресторан-кафеге берилген залга кышкысын 6 миң, жайкысын 10 миң сом гана ижара акысын төлөчү экен. Мынча каражатты өзүбүз театрды иштетип ашыгы менен таап алабыз деп ижарада тургандарды чыгардым. Учурда ошол эки кичи залга 15-октябрда ачыла турган театралдык сезонго бир нече спектаклди даярдап атабыз. Театралдык сезонду чоң масштабдуу оюндар менен эмес, он кишиден ашпаган спектаклдер менен ачсакпы дейбиз. Себеби чоң спектаклдерди кичи сахнага кое албайбыз. Азыр онго жакын спектакль жана эки жаңы оюн даярдалып жатат. 15-октябрда ачыла турган сезонго карата план түзүлүп, жарнактар даярдалып, 20-ноябрга чейин үзгүлтүксүз оюн койсокпу деген максатыбыз бар.

Кичи зал канча орундук?
Биринчи кичи залга 150 киши, төмөн жактагы залга 60-70 киши батат. Бул кичи залга акын, жазуучу, артисттердин чыгармачылык кечелерин өткөрсөк болот. Биздин театрдагы дагы бир көйгөй – транспорт маселеси. Атүгүл жетекчиликке да машине жок экен. Бир машине алып оңдотсок, бензин көп кетет экен, ошондуктан азыр жөө жүрөм. Артисттер гастролго чыкканга унаа жок. Каржы министрлиги менен кыжылдашып атып “Мерседес” кичиавтобусун алдык. Ошол унаа менен 20-сентябрдан баштап театрдагы “Дем” тобу Караколго гастролго кетти. Көлгө барып көрүүчүлөрдү өзүм уюштуруп келгем. Эми ага эл аз келеби, көп келеби белгисиз, артисттер сыртка чыгып көрсүн дедим. Борбордо иштеп, XXI кылымда жашап жатып биздин театр интернетке кошулбаптыр. Чоң театр болгондон кийин өзүнүн веб-сайты болуш керек, ал да жок. Бул маселе боюнча “Кыргызтелеком” менен сүйлөшүп, алар бизге төрт айга демөөрчү катары интернет ачып бермей болушту. Азыр көпчүлүк эл интернет менен иштешет. Алар интернет аркылуу биздин театрдагы коюла турган спектаклдер, атактуу артисттер жөнүндө маалымат алып турушат.

Айыл жеринде акча маселеси тартыш, билет баасы канча болот?
Билет алыскы аймактардагы студенттерге 50, мектеп окуучуларына 30 сомдон сатылат. Ал эми кечкисин 80 сомдон койдук. Биякта деле студенттерге 50 сомдон, ал эми чоңдорго 80-100 сомдон кылсакпы деп атабыз. Ушундай ыкма менен бир жылча иштесек кырдаалдан чыгып кетербиз. Андан сырткары, ЖОЖдорго, айылдарга чыгып, театрдагы белгилүү артисттер менен чыгармачыл кече өткөрсөкпү деп турабыз. Жөн турбай иштеп, мамлекеттен алган айлыкты акташ керек. Азыр суук түшүп баратат, алыскы аймактарга чыгалбай калдык. Эмдиги жылы жаз алды менен театралдык сезон ачып, алыска чыксакпы деп ойлойм. Учурда театрда сахна жок, каражат табалбай жатабыз. Зал болсо ижарага берип, спектаклдер көрсөтүлүп каражат түшүп турмак эле.

Театрдын ичиндеги жамаатта ыйкы-тыйкы маселелер бар эле…
Мен келгенче жамаат ичинде анча-мынча түшүнбөстүктөр, ыйкы-тыйкы маселелер болсо керек. Өзүм артист болгондон кийин алардын көйгөйүн жакшы түшүнөм. Театрга жаңы келгенде эле аларга “ушак сүйлөгөндү, ичимдик ичкенди, интриганы жаман көрөм, мага келсеңер ачык сүйлөп, кемчилигим болсо бетиме айткыла” дедим. Азыр бири-бирибизди түшүнүп, бир калыпка түшүп калдык десем болот. Эми чечилбеген маселелерди чогуу чечип алабыз деп ойлойм.

Сиздин көңүлүңүздү өйүгөн жамаат арасындагы маселе эмне экен?
Чечилбеген маселе – бири-бирин түшүнбөстүк. Артисттер негизи амбициялуу болобуз. Ар бир артист гений. Жетекчи ошонун ар биринин ачкычын таап, бардыгына бирдей мамиле кылып сүйлөшө билиш керек. Мен бул жерде түбөлүк директор болбойм, силердин араңарга кайра эле артист болуп барам деп айтам. Баарыңарга бирдеймин, эч кимиңерди бөлүп карабайм дейм. Мамлекет кыйналса да бизге айлык акыны үзгүлтүксүз берип атат. Ошондуктан тартипти сактап, эмгек кодексине ылайык иштейли деп айттым. Мурунку бийлик кыргыз искусствосуна, кыргыз элинин маданиятына кыянаттык мамиле жасаган деп эсептейм. Себеби биздин улуттук театр менен жаштар театрынын ремонтунун башталганына үч жыл болду. Ал эми шаардык театрды жакшы иштеп аткан жеринен чыгарып жиберишти. УТРКдагы “Учур” телетеатрын да чыгарып ийген, ал эми Чүй театры канчадан бери мекемеси жок иштебей жүрөт. Акыркы кезде жалаң кыргыз театрлары иштебей калган. Эми муну ким жасаганын ачык айтса таарынышат. Бул ортодогу жөөттөрдүн кылганыбы деп да ойлойм. Ушунун баарын акырындап токтотуп отуруп, акыры маданият министрлигин агентствого айлантышкан. Ошол учурда маданиятка акча бөлүү да токтогон. Мындай ыкма менен Кыргызстандын маданиятын жоготуп, бир нече жылдан кийин башка мамлекетке сатып жиберүүнү көздөгөнбү деп да ойлойм. Башкалардын тилин, дилин, маданиятын алып, өзүбүздүн руханий дүйнөбүздү жоготууну көздөгөн. Эгер 7-апрелдеги коогалаңда мурунку бийликти алмаштырабыз деп окко төшүн тоскон балдарыбыз болбогондо маданиятыбыз таптакыр жоголуп кетмек.

Эми маданият тармагындагы маселелер чечилип атабы?
Кудай буюрса, акырындап чечилип атат. Мына, бизге мамлекет кыйналса да каражат бөлүп, “Учур” телетеатрына “Чатыр-Көл” кинотеатрын алып берди. Шаардык театрга Свердлов райондук администрациясынан орун берди. Биздин театрда да, жаштар театрында да ремонт иштери жүрүп атат. Эгер түштүктөгү коогалаң болбогондо маданият тармагындагы маселе эчак эле чечилмек. Эми акырындап жылып, оңолуп кетебиз деген ойдомун.

Ушул театрдагы аттуу-баштуу артисттердин көпчүлүгү эмгегибиз убагында бааланбай, наам албай калдык деп нааразы болгондорун көп угам.
Мага да ушул маселе менен кайрылып атышат. Театрдагы бардык чыгармачылык иштерди көркөм кеңеш чечет. Мисалы, мага документтерди алып келсе, көркөм кеңештин чечимисиз бирөөнү да сыйлыкка көрсөтүүгө акым жок. Мен жетекчи катары театрдын чарбалык иштери менен алектенем. Ким кандай спектакль коюп, кимди ойнотот, кимдерди чакырат, ушулардын баарын көркөм кеңешке өткөрүп бердим. Бул театрда беш жылдан бери эч ким наам албаптыр. Чындыгында үч жылдан бери театр иштебей жабылып турса аларга ким, кандай наам бермек эле? Бул жерде чыгармачыл артисттердин күнөөсү жок. Ремонт иштери жүрсө да жамаат иштеши керек болчу. Мисалы, он жылдан бери ремонт болуп аткан Москвадагы чоң театр токтоп калган жок, иштеп атат. А биздикилер ремонтко шылтоолоп иштебей жүрө беришкен. Чыгарган спектаклдери, оюндары жок болсо аларга кантип наам бергиле деп сурайм? Эми наамга ылайыктуу адамдарды көрсөтөлү деп атабыз. Кыргызга илгертен таанымал Чоро Думанаев эмдигиче наам алалек. Ал жаш кезинде “Көчө”, “Ак кеме”, “Ай тутулган түндө” сыяктуу биртоп тасмаларга тартылган. Чоро Думанаев киного тартылып жүргөн кездеги жаш балдар азыр эл артисти наамын алышты. Өткөн мезгилде наамдардын баары тааныш аркылуу, долларга бааланып, чыгармачыл адамдардын таланты акчага сатылып калган. Мисалы, шаардык театрда жөн эле катарда иштеп жүргөн жаш артист наам алганын угуп таң калдым. Башкы ролдорду ойноп жүргөн андан да мыкты артисттер наам албай жүрүшөт.

Сиз маданият министрлигинде бир аз иштеп калдыңыз, театрда иштеген жандүйнөңүзгө жакын бекен, же?..
Мен бул жерде өзүмдү сууда сүзгөн эркин балыктай сезем. Анткени театрда жетекчи болуп иштеп көнүп калгам. Бирок маданият министрлигинде төрт ай иштеп кыйналып кеттим. Анткени чиновник болуу менин натурамда жок экен. Эми бул жактан чыгармачылыгымды улантып спектаклдерде да ойнойм.

Шайлоо жакындап калды, силердин артисттерден да жарнактарга тартылып, үгүт иштерине катышкандар барбы?
– Жетекчилер шайлоодогу үгүт иштерине катышканга акысы жок. Ал эми артисттер акысыз эс алууга чыгып, үгүт иштеринде иштеп жүрүшөт. Мисалы, КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов үгүт иштерине катышып, андан сырткары 30 миң сом театрга төлөтүп берди. Кыйналып турган учурда бул каражат да керекке жарайт.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, nazik@vb.kg, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.09.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.