Ашпозчуну аксакалдар шайлашат

Борбордон сыртка көп чыкпагандыктан, алыскы аймактардагы каада-салттарды көп биле бербейт экенбиз. Бул жолу Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Орозбеков айылына тойго барып калдык. Ар кайсы өлкөлөрдүн президенттерине тамак жасаган мыкты ашкана адистери эркектер экенин угуп жүрөбүз. Кыргыздар мыкты ашпозчу катары аялдарды санашат. Өздөрүн охналыктарбыз деп атаган бул айылда той-топурларда миңден ашык конокко аш басуучу адамды белгилүү бир мөөнөткө шайлоо жолу аркылуу тандашаары мени кызыктырды.

Көрсө, Эрмеков Мамат ава айыл тургундарынын, аксакалдардын добуш берүүсү аркылуу айылдыктар үчүн абройлуу деп эсептелген ашпозчу кызматына отуруптур. Бизде бирөөгө буйрук бере турган бийликтүү, пайдалуу кызмат абройлуу эсептелип, ал орунга отургусу келгендер көп болот эмеспи. Ашпозчуда кандай бийлик болот деп таң калып жатасыздарбы? Той ээси тойго кеткен тамак-аштын эсеп-кысабын бир гана ашпозчунун сөзү менен аткарат. Андан сырткары элдин баары кошомат уруп кайсы жерде болбосун “ысык салам” берип жүрүшөт. Болбосо, тойго келгенде аш салып бербей же бастыра салбай, аз эт кошуп коюшу мүмкүн. Андан сырткары ар бир тойго көрсөткөн кызматы төрт туякка бааланат. Болбоду дегенде бир улак берилсе ал болжол менен 2 миң сом турат. Мындан сырткары көйнөк, калпак, анан тойдон кешикти очойтуп салып беришет. Ал кешик менен ашпозчу кийинки тойго чейин жашайт. Кээде жумасына 3-4 той-ашка катышкан учур болуп калат. Болбоду дегенде айына 4 жолу аш басса, 4 союш бар. Аларды орто эсеп менен 5 миңден эсептесек, айына кеминде 20 миң сом киреше алат. Анткени, той ээлери көбүнчө тойго түшкөн малдан тандап туруп, ашпозчуга жакшысын жетелетишет.

Эт Ошто эмес, Баткенде аз
Баткен облусунда союш кымбат болгондуктан, этти аз беришет экен. Бир тилим эт менен деле бир табак ашты тарта беришет. Койлордун баасы 5 миңден 12 миңге чейин барат. Андыктан, Ошто этти аз салып беришет дегендер мындан кийин Ош деген сөздүн ордуна Баткенди колдонушса. Себеби, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа, Алай райондорунда мал көп болгондуктан, конокторду этке көмүп коюшат. Эки адам келсе деле он эки жиликти толук бышырып, жеринде жегенин жедирип, калганын салып беришет. Оштуктар этти аз коет дегенди укканда накта тоолуктардын кыжыры кайнаарын эстеп коюңуз.

Атамбаев кадимки Кадамжайдан
Эртең той деген күнү айылдагы аксакалдар, бекерпоз балдар той өтчү үйгө чогулушуп, сабиз аарчышат. Бул салтка айланган ишке барбай койгон болбойт. Эртең эле сенин башыңа той-аш өткөрүү туш келип калса жетим баладай болуп калышың мүмкүн. Көк чайды коюп алышып, айылдык саясатчылар колдорунда сабиз, бычак менен кызуу талкууга киришет. Бул жолку талкууга Орозбеков айылынан экенин танган Алмазбек Атамбаев болду. Көрсө, социал-демократтардын лидеринин ата-бабасы Кадамжай районунун Охна айылына (азыркы аты – Абдыкадыр Орозбеков айылы) барып такалат экен.

Карын ачса Кадамжайга бар
Той күнү таң атпай ири мал союлуп, эти бышырылат. Ашпозчу эттин бышышы жарымдап калганда ишке киришет. Майдын, сабиздин көлөмү кадимки үйдө аш баскандан биртоп айырмаланат. Мисалы, майдын көп экенин аш түгөнүп баратканда түбүндө чогулуп калган 2-3 литрдей майдан билсе болот. Тойдун ашы кадимкиге караганда таттуу болот. Мунун себеби, сабиздин көп кошулганы, зире, кээ бир учурларда мейиз, бий алма кошулганы менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан, той ашынан даам татыш үчүн ары-бери өткөн кишилер үй ээсин тааныса-тааныбаса да үйгө кирип, ашпозчуга бир табак аш салдырып жей беришет. Даамы ушунчалык таттуу болгондуктан, мектеп курагындагы бала бир табак ашты бажарып койгонуна таң калбайсың. Жол боюндагы үйлөргө ашпозчу көбүрөөк аш басат. Анткени, ары-бери өткөн айдоочулар деле курсагы ач болсо кирип аш жей беришет. Той болуп жатканын жергиликтүү элге таандык жол белгиси айтып турат. Сүрөттө көрүп турган жолдун ортосундагы жаман чакага сайылган кызыл байрак жакшылык болуп жатканынан кабар берсе, кара байрак өлүм-житим болгонунан белги берет. Жолдун ортосундагы бул белгини көргөн айдоочу ошол аймактан акырын айдап өтпөсө аксакалдардын каргышына калып калышы мүмкүн.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 08.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.