Борис Укагин

Ак диндүү бабалар мурда
Ак жылкынын
Ак-аппак сүтү менен
Аруулап койгон
Алтындан ардактуу улуу Алтай!

Бул жерге, бул жайга,
Бул тынчтыкка
Байыркы доорлордон
Бүгүнкүгө чейин
Эч ким тийген эместей
Эртең дагы эч ким тийбестей Алтай!
Жанымда -тынч,
Алыста -тынч.
Бийик дагы
Катуу дагы
Кыйкырып салгым келет
Бирок үн салбадым, Алтай.

Жаңы келген бул жылдын
Босогосу алдында…
Сен эмнени тыңшайсын?
Эмнени күтөсүң? –
Айтчы мага, Алтай,
Улуу, кенен Алтай!
Ап-аппак сүтү менен
Ак диндүү бабаларымдай,
Мен сени баалаган жокмун,
Алтындан ардактуу Улуу Алтай!
Бирок, мындай болсо да,
Бул жыйырманчы кылым менен
Отузунчу кылымдын, –
Элдеринин үндөрүн, көңүлдөрүн
Тыңшаганымда,
Магдырап, тынчып калам Алтай!
О, Ыраазы болсун
Бул тынчтыкка!
Ыраазы болсун ашка, сүткө!
Бул жаңы жылдын алдында
Жолго чыккан аруудан оруу
Ай чырайлуу Алтайга!
31-декабрь 1974 жыл.

Таш болуп эмнеге жаралган жокмун…
Таш болуп эмнеге жаралган жокмун?
Ташка, ташка суктанам
Таш үн катпас
Тынчтыкты да бузуп салбас
Калпты дагы ал таркатпас…
Таш болуп эмнеге жаралган жокмун?
Ташка, ташка суктанам…

Сүйүү
Жүз козунун ортосунда,
Жалгыз алтын козудайсың -сен.
Жүз талаанын ортосунда,
Жалгыз аккан суудайсың -сен.

Жүз гүлдүн ортосунан
Жүрөгүмдөн өнгөн гүлсүң -сен
Жүз жомоктун ортосунан
Жалгыз муңдуу жомогумдайсың –сен

Жүз үйлөр ортосунда
Очогумда күйгөн оттой-сен
Жүз уунун ортосунда
Уупунда эң зыян уусундайсың -сен
О, менин сүйгөнүм
От канаттуу чымчыктайсың.

Бул дүйнөдөн, ал дүйнөгө
Муштум түйүшүп,
Бала төрөлөт ападан…
Жашоо кыйын деп сезди бекен,
Согушка даяр келди бекен?..

Муштум түйүшүп
Бала төрөлөт ападан…
Эмнеге ушундай?… Ким түшүндүрөт?

Күнгө, Теңирге, тоолорго
Жерге, адамга жолукканга
Муштум түйүшүп төрөлөөр беле,
Кыйын жашоогобу?…
Эмнеге ушундай?… Ким түшүндүрөт?

Бул дүйнөдөн, ал дүйнөгө
Жашоо мүмкүн тап такыр башкача…
Өлгөн адамды байкасаңар –
Алакандары ачык!
Бул дүйнөдөн тез шашып,
Ачуу жашоодон алыс качып
“Азыр эле кел!” -дегендей
Саламдашууга камдай
Кимге ал шашат экен
Жыргал жашоо ал жакта бекен?…
Бул дүйнөдөн ал дүйнө
Жашоо мүмкүн такыр башка.

Алтай тилинен кыргызчалаган Байсура Масканова
“Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.