Актан Исабаев: “Апамды ичип кетет го деп “коркком”

Ырчы Актан Исабаевди акыркы убакта күйөрмандары жоктоп, сагынып жүргөндөрү чын. Анын сахнадан оолактап калганына да түркүн сөздөрдү байланыштырып жүрүшөт. Учурда Актан апасы, агасы менен биргеликте чет элдик долбоорлор менен иштеп, эл катары күн кечирип жүрөт. Болгону азыр убактысынын көбүн чет жакта өткөзүүдө. Сахнага чыкпай калганынын да бирден бир себеби ушул экен.

Демилге көп, демөөрчү жок
Акыркы жылдары сахнадан көп көрүнбөгөнүм менен анын артында биртоп эле ишти аркалап жатам. 2002-жылы жаш ырчыларды колдоо максатында продюсердик борбор ачкам. Убагында Мирбек Атабеков, Съездбек Искеналиев келип жүрүштү. Мен тарбия берген балдардын бири Ома, Раллия. Жакшы чыга турган таланттуу балдар көп болчу, бирок башын баштап коюп аягына чыгарбай таштап кете беришти. Ошондон улам азыр продюсердик ишти баштаган эрте экен деп ойлодум да, студиямды жаап салгам. Азыр ошол ишимди кайра жандандырып жатам. Жакында эле “Кыргыз клаб” уюмунун жигиттери атайын сапарыбызды уюштуруп, апам экөөбүздү Америкага чакырышты. Ал жакта жашаган кыргыздардын башын бириктирип концерт берип келдик. Буюрса чоң концерттик программабыз менен 5-ноябрда Прагага аттанып, андан ары Германия, Бельгия, Франция, Швеция, Италияга барууга камынып жатабыз. Бул иш-чараны жогоруда санаган өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жатат. Өзүбүздүн да чет элдик ишкерлер менен баштай турган жакшы долбоорлорубуз бар болчу, эгер мүмкүнчүлүк болуп калса ал иштерибизди да бүтүрүп келсек деген ойлор бар. Апамдын комузда ойноо өнөрүнүн DVD мастер классын жаздырганбыз. Ошону көп нускада чыгаруу үчүн демөөрчү издеп жатабыз. Миңдеген нускада чыгарып мектептерге тараталы деген тилегибиз бар. Азыр баары саясатка баш-оту менен кирип маданият көлөкөдө калып жатпайбы.

“Камбарканды” атам түзгөн
Негизи эле атам тартипке башынан катуу болчу. “Камбаркан” фольклордук тобун негиздеп, 1986-жылы Украинадан музыкалык аспап жасай турган чеберди таап, улуттук аспаптарды жасатып келген. Ага чейин чопо чоор, добулбас, сурнай дегендер бизде жок болчу. Ошентип алгач аспаптарды толуктап алып анан топту түздү. Эки жыл иштегенден кийин топтун арасында кайчы пикирлер чыгып, тил табыша албай уруштар көбөйө берди. Атамдын катуу тартибине, койгон талабына топтогулар чыдабай кайра атама каршы чыгышкан. Өзү ар бир адамга костюм тиктирип баарын нөлдөн баштагандан кийин “Камбарканды” таратып ийгенге даабай, топтон кетүүгө аргасыз болгон. Бир жылдай китеп жазып жүрдү. Кийин комузга нота чыгарып дагы бир ирет ачылыш жасады десем болот. Азиз Салиев деген жазуучу атамдан жардам сурап, экөө Тоңго музыкалык мектеп ачышкан. Атам ошол мектептин ачылышына барып, кайра Бишкекти көздөй келатканда жол кырсыгынан каза болду.

Атам түптөгөндү жоготконго акыбыз жок
Чыгармачыл адамдар үчүн жандүйнөгө азык бере турган жакшы көрүнүштөр, окуялар, эң жөнөкөй эле жакын адамдарыңдын жылуу сөзү керек экен. Убагында эл мени жакшы кабыл алып, колдогонунан көтөрүлдүм. Колдогондорго жараша теңирден тескери сүйлөп, бут тоскон душмандарымдын саны да арбын болду. Чынын айтсам, ошол кезде үй-бүлө курууга да далалат кылып, аным ишке ашпай жүргөн. Ушунун баарын көрүп отуруп аракет да кылгым келбей калган. Ошол маалда жакындардын колдоосуна зар болуп, бирок алар тараптан да күткөн нерсемди ала алган жокмун. Анткени таянган тообуз, тирегибиз атам каза болгондон кийин баарыбызга, өзгөчө апама оор сокку болду. Баарыбызды атам башкарып, айтканын эки кылбай көнгөн жаныбыз ал каза болгондон кийин деңгиреп эле калдык окшойт. Апам да эч нерсеге көңүлү чаппай, өзүн убактылуу таштап салды. Ошондо ичип кетет го деп коркчубуз. Убакыт баарын айыктырып өз ордуна коет экен. Кыйынчылыктарды жеңип, өзүбүздү колго алдык. Атамдын ишин уланталы, түптөп кеткен нерсесин түп-орду менен жоготконго акыбыз жок деген жыйынтыкка келдик.

Ээнбаштыктан улам “Элес” тобу чачыраган
1999-жылдары “Элес” тобу менен төрт ай Москвада жашап, ырдап жүрдүк. Ошол кезде ижарага алган үч бөлмөлүү батир биздин бири-бирибизди жакшы таанып, жакындан билүүгө жакшы шарт түздү десем жаңылышпайм. Балдардын акчаны жөнү жок сапырып, туура эмес жолдорго басканына жиним келди. Бир күнү баарын чогултуп алып, “Москва жеңил жашоо үчүн эмес, бул жерде дагы бир ай жашашыбыз керек. Силер болсо төрт айга жетчү акчаны эки айда түгөттүңөр. Азыр биз башка клубдарга барып продюсер издей турган акчаны жөнү жок сапырганыңар үчүн жада калса аэропортко да жете албай отурабыз” дегем. Ошол сөзүм үчүн айткандын оозу жаман болуп, орто жолдон түшүнбөстүктөр чыкты. Мындан ары “Элес” тобу менен иштеше албасымды айтып Бишкекке келе бердим. Мен жогоруда айткан нерселердин баарын буга чейин ичиме катып жүрчүмүн, бирок баарын эле ичиңе сактай берсең өзүңө жаман болот экен. “Элес” тобунда калган балдар акырында башы менен баңгизатка сүңгүп кетишти. Мен ошондо эле аягы жакшы бүтпөсүнө көзүм жеткен болчу. Топто кошкон салымым чоң экенин эч ким тана албайт. Баңгизаттын айынан ичим ачышканына карабай өстүрүп, там-туң бастырып койгон топтон кеткенге аргасыз болгом. Кудай деген кур калбайт. Бишкекке келип Ысык-Көл фестивалына катышып гран-прини алдым, дароо автоунаанын ачкычын колума карматышты. Андан ары өзүм чуркап жүрүп атымды түптөп алганга жетиштим.

Өзүм он тогузда үйлөнгөм, улуу балам он тогузда
Он тогуз жашка чыкканда үй-бүлө күттүм, атам келинчегимди көргөнү менен үйлөнүү тоюбузга катыша албай калды. Биз август айына тойду пландасак, атам ошол айда каза болуп үлпөт тойду токтотконбуз. Тилекке каршы, биринчи келинчегим менен түбөлүккө бирге боло алган жокпуз. Биз үй-бүлөбүз менен музыкант болсок, алар атасы баш болуп медиктер болчу. Турмуш болгондон кийин ортобузда көп түшүнбөстүктөр чыгып, акыры ажырашып тындык. Экөөбүздүн Эмир аттуу уулубуз азыр он тогуз жашта, бир жыл Канадада окуп келген, учурда Москвада жогорку билим алып жатат. Биринчи аялым менен ажырашкандан кийин көпкө чейин бой жүрдүм. Гузаль менен башында тааныш катары ал-акыбалын сурап койгонум болбосо жакын мамилебиз деле жок болчу. Окуусун Германиядан улантып, туризм академиясында билим алчу. Орто жолдон эс алууга келип экөөбүз кайрадан жолугуп калдык. Жылуу мамилебиз “кандайсың, бүгүн кечинде бошсуңбу?” деген жөнөкөй сөздөрдөн башталып, аягы баш кошууга алып келди. Экөөбүздүн баш кошконубузга беш жылдан ашып калды. Ортобузда Аяра, Арнэль аттуу эки ширин кыздарыбыз бар. Аяра араб тилинен которгондо “колунан көөрү төгүлгөн” дегенди билдирет. Ал эми Арнэль “элге арна” дегенди туюндурат. Улуу балам алыс жакта болсо да карындаштарына чалып сүйлөшүп турат. Кимди тартканын билбейм, аябай тууганчыл. Карындаштарын жакшы көрөт, мени алардан кызганып ичи тарыганын байкай элекмин.

Тамак жасаганды жакшы көрөм
Убактымдын тардыгынан туугандар чакырган жерге барбай калышым мүмкүн, бирок келинчегиме, кыздарыма сөзсүз убакыт табам. Көбүнчө үйгө азык-түлүктү мен сатып алып, ашканадан казан-табакты калдыратып калам. Камыр тамактарга ыктап, жоктон барды жасаганды жакшы көрөм. Келинчегиме кээде “бар, кыздарың менен ойно, телевизор көр, бүгүн ашкананы мен тейлейм” деп ага эркиндик берген учурларым көп болот. Гузаль ошонун кыныгын алып алып айрым учурда тамагыңды сагындым деп эркелеп калат. Азыр ал кыздары менен алышып үйдө отурат. Турмушка чыгып чет жактагы окуусун да аягына чыгара албай калды. Улуу кызымды кыргыз тилинде жакшы сүйлөсүн деп кыргыз бала бакчага бергенбиз. Кичүү кызым орусча сүйлөйт. Мен болбой тырышып жатып кыргыз тилин үйрөттүм.

Мени рэперге окшоштурушат
Көптөн бери ушул сөздү уга элек элем, азыр сиз айтып жатасыз. Мындан көп жыл мурда мени сахналаштарым, инилер америкалык репэрлерге окшошсуң деп көп айтышчу. Азыр эми жашың өйдөлөгөн сайын ыйбаа кылып калыштыбы, унчугушпайт. Убагында рэп айтып чыксамбы деген ойлор да болгон. Чыгынбай жүрүп ал максатым деле калып калды. Азыр чет жактарда жүрүп репертуарымды жаңыртып ыр жаздырганга да убакыт жок. Гезиттерге кечке бир сүрөтүм чыга бергенин көрүп өзүм да уялып кетем. Күнөө өзүмдө, фотосессия кылбасам журналисттер кайсы сүрөтүм болсо ошону чыгарышат да. Эми буюрса, алдыда жакшы пландарым бар, четинен ишке ашыра баштайм. Анын бири жакынкы күндөрү өз кесибим менен алектенем. Тактап айтканда, чет мамлекеттен рояль алдыртып топ түзөйүн деп жатам.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.