“Акындык аял үчүн азап”

Фатима Абдалова кыргыз поэзиясында өз үнү, өз орду бар орто муундун ири өкүлдөрүнүн бири. Анын ар бир сабынан аялдын, болгондо да акын аялдын мээрими, жүрөк нуру төгүлүп турган, жай таңындай сергиткен жаркын сезимдерге бай ырлары окурмандарыбызга жакшы белгилүү. Төмөндө акын Фатима Абдалованын азыраак ачылып, көп төгүлбөй сүйлөп берген маегин окурмандарыбызга сунуш кылуу менен айрым ырларын жарыяладык.

“Кыз жүрөгү – ыр түнөгү” дегендей, аныгында аялдын турган турушу эле поэзия эмеспи. Ал эми акын аялдын кыялы асманда эле учуп жүрсө керек…
– Эми акындар сезимтал, назик жүрөк журт эмеспи. Алар чынында эле кыялкеч. Кыялкечтик ашкере аялзатына мүнөздүү көрүнүш. Ал эми акындык даарыган аялзатын элестете бериңиз. Алар көбүнчө ар кандай аянсырлардын кучагында жүргөндөй абалда болушат. Ошондон улам да айрым учурларда сиз айтып жаткандай “асмандап эле учуп жүргөндөй” туюлушу мүмкүн. Бир чети адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгы адамды учуруп турары да ырас. Акындын жандүйнөсү аруу, айжаркын болбосо жакшы ыр жарата албайт. Жаралбайт дагы. Ал эми аялзатынын, айрыкча аял акындын кыялында чек жок эмеспи. Ырларымда мындай бир саптар бар:
“Кыялдандым, кыял кызыл калп эмес”… же
“Кыялдар да кыялайт бир чындыктан”…
Анын сыңарындай, акындын кыялдарында ал жаратар чыгармалардын алтын куйрук саптары жалт-жулт этип тураары бышык. Бирок мындай кездер дайыма эле боло бербейт. Тескерисинче, акындын түпкү табияты жөнөкөй, басмырт, суз келет болсо керек деп ойлойм.

Менин билишимче, акынга баарынан мурда чыгармачылык чөйрө, кооз табият таасир берет эмеспи. Сизге булардын таасири барбы? Айрымдар акын болуш үчүн акындык тагдыр күтүш керек деп калышат. Атургай айрымдардын мен акын элем дешип баскан-тургандары, кыял-жоруктары өзгөрүп кеткенин көрүп жүрөбүз…
Акынга чыгармачылык чөйрө албетте керек. Бирок, акындык – табияттан. Аны чөйрө акын кылып жибербейт. Ал эми кооз жаратылыш акынды эле эмес ар бир эле адамды кубантат, толкутат. Көңүлдү да, көөдөндү да тазалап, керек болсо дарылап, сергектентет. Албетте табияттын кооздугу, ажайыптыгы акынга дем-күч берип, көңүлүн оштонтот. Мисалы, Алыкул Ысык-Көлдө көп болгон. Жандүйнөсүн дарылаган. Чыгармачылык эргүү алып, канаттуу ырларын учурган. Бүгүнкү күндө замандын залкар акындары Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев Арашанга көп барышаарын байкайм. Ал эми акындык тагдыр тууралуу оюмду айтсам, бул эми Теңирдин жазганы. Теңирим кайсы бир пендесин акын кылып, кайсы бир пендесине дагы башка өнөрдү берсе керек. Кээ бир акындардын мен акын элем деп кыял-жоругу, баскан-турганы өзгөрүп кеткен учурлары бар деп жатасыз. Акындык – бул билгенге оор жүк, хандын тагына, бектин жыргалына бербеген дөөлөт. Аны ар ким ар кандай көтөрөт. Китептери чыгып, элге таанылып алгандан кийин мен акын элем деп көтөрүлө сүйлөгөндөрдү, алда немедей мүнөз күтүп калгандарды деле көрүп жүрөбүз. Бул эми адам болгондон мурда акын болуп алгандар. Ушу жерде дагы бир жагдай бар. Айталы, бул жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жашоосун ырсыз элестете албаган, өмүрүн поэзияга, чыгармачылыкка арнаган, өз чындыгы үчүн өлүмдөн баш тартпаган, чындап акындык тагдыр күткөн улуу акындар да болушкан. Аларга аргасыз суктанасың, баш ийесиң. Алыкулду алсак, ал экинчи өмүрү болгон поэзияга акыркы деми калганча кызмат кылып өттү. Нандан танса да ырдан танбады. Анык акындык тагдыр деп ушуну айтсак жарашаар.

Бүгүнкү кыргыз поэзиясында аял акындардын ордун кандай көрөсүз?
– Аял акындардын ордун эми кандай көрмөк элем… Эшикте эркек акындардын күнү эмне болуп жатат, аял акынды айтпай эле коеюн. Акын аялда милдет да, түйшүк да чоң. Аны айтпасак да белгилүү. Ал эми аялдын акындыгына келсек, айрымдар айтып жүрүшпөйбү, аял ыр жазып эмне кылат, тынчыраак бала-бакырасын, казан-табагын карап отура бербейби деп. Бул суроонун үстүндө мен да ойлонгом. Көрсө, өзгөчө акын аял жазбай кое албаганынан улам жазат экен. Акындык билген кишиге атак эмес, азап. Өзгөчө аялдарга. Азап дегеним, акын адам түйшүктү арбыныраак тартат экен. Айрыкча эшиктеги орой турмуш аял акындын баягы аруу кыялын, сезимталдыгын мокотуп коюшу да мүмкүн. Ар бир сабыңдын ар жагында чырылдаган чындык турган соң, акын деген ошол үлбүрөгөн сезимдерин өчүрүп албашы керек.

Негизинде бардык аялдын бактысы сүйүктүү жары, бала-бакырасы болуп бейкапар бактылуу турмушта жашоо деп ойлойм. Бул жерде тескерисинче, турмуштагы өксүүлөр, тагдыр тамашалары, күнүмдүк тирилик, дүйнө-өмүрдү парасаттоо – аялды акын кылып жаткандай. Бирок канча бир ташпиши менен да акындык – бактылуулук. Анан бүгүнкү күндө акын аялдарга мамлекет тарабынан моралдык да, материалдык да колдоо жок. Мактангандай болбойлу, акын аялдар көбүнчө ичимтап келип, табиятында мырзалык бар. Атак-даңктын, наамдын артынан чуркабай кыйынчылыктарын кымыйып ичине катып, аялдыгын деле, энелигин деле, акындыгын деле көтөрүп, ырын жазып келатат. Ошондой мырза-айымдын бири ыраматылык акын Роза Карагулова болчу. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө абдан ооруп жүрдү. Же Маданият министрлигинен, же Жазуучулар союзунан көңүл бурулган жок. Белгилүү акын айымдар Үрүниса Маматова, Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова, Шербет Келдибекова татыктуу наамдарын алыша элек. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова эжебиз жазган эмеспи:
Кайсы элдин жүдөө болсо зайыбы,
Ошол элдин уулуна кой айыпты, – деп. Анын сыңарындай, акын айымдарын алпештеп алар мырзалар аз кыргызда.

Азыр ар бир чыгармачыл адам өзүнө өзү кам көрүп калды. Дегеним чыгармаларын өз каражатына же спонсордун жардамы менен чыгарат. Сиздин абалыңыз кандай?
Абалым Кудайга шүгүр. “Турар” басмасынын директору, кыргыздын көркөм дүйнөнү кастарлаган азамат уулдарынын бири Тилек Мураталиев жаңы жыйнагымды чыгарып бермекчи. Мен Тилек мырзага терең ыраазылыгымды билдирем.

Маектешкен Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Ата журт
Ата журтум дүйнөдөгү борборум,
Эстен кетпейт өзүңө зар болгонум.
Түркияда алты күндөй болом деп,
Алты жылы жашагандай болгомун…

Мүнөт өтпөй, саат өтпөй, күн өтпөй,
Ата журтум дүйнөдөгү күнөстөй.
Сени көздөй кача берип ойлорум,
Сезилгенсиң кала берген жүрөктөй…

Анда көрүп түрккө тийген кыздарды,
Ого бетер кусам артып кыйналдым.
Алар мага бактысыздай көрүндү,
Алар мага муңайгандан муңайды…

Алар мага муңайгандан муңайды,
Кантип жашайт көрбөй биздин Күн-Айды.
Кантип жашайт көрбөй ата-энесин,
Кантип жашайт тагдыр жазган жылдарды…

Сүрөтчү бала
(поэмадан үзүндү)
…Үч миңинчи жылды көрдүм, – дейсиң да…
Үнсүздүктөн – “үл-бүл” парда түрүлгөн.
Он жыл эмес, он кылымдын алдында,
Оңуп кеткен булуттардан – сүзүлгөн…

– Сен каякта, о ал кылым каякта…
…Кандай экен ал кылымда адамдар…
Кандай экен Ай, Күн, Асман, Жер бети,
Жаңыларды жаңы болуп караткан…

Бүгүнкүдөй жашыл бекен дарактар?
Эскирбеппи Асман, мейкин талаалар?
Өлүм дабаа табылыппы же жокпу,
Өлбөйт бекен, өлөт бекен адамдар?..

– Ушул Асман, ушул эле Ай, аалам,
Болгону анда жүрөт бизден башкалар…
Биз сыяктуу өлөөрүнө кейишип,
Биз сыяктуу өмүрдү издеп бараткан…

Жүрөктөгү гүлдөр
О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Күзбү-кышпы бүрлөрү төгүлбөгөн,
Көлөкөдө көңүлүң калса бирок,
Соолуп калган солуктап, өчүп өңдөн…

О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Угуп турган ааламды, көрүп турган,
Күлкү жааган, гүл жааган өткүндөрдөн,
Өмүр болуп өмүргө өсүп турган…

О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Сезип турган жаманды, кейип турган,
Тышы жылтыр, ичи жок төгүндөрдөн,
Өзгөрүлүп өңүнөн кетип турган…

О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Көрүнбөгөн дүйнөнү көрүп турган,
Суук кептен сустайып, өчүп өңдөн,
Көңүл менен көрүнбөй өсүп турган…

О, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн…

«Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.