7-ноябрь Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Токомбаевдин туулган күнү

Төмөндө филология илимдеринин доктору, профессор, КРУИАнын корреспондент-мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун “Залкар” аттуу жакында жарык көрө турган монографиясынан кыскача баш сөзүн сунуш кылабыз.

Кыргыз профессионалдуу адабияты тууралуу сөз жүргөндө А.Токомбаевдин ысмы бирден бир болуп аталары толук мыйзам ченемдүү, анткени, ал анын биринчи кирпичтерин коюшкан адам. Өзүбүздүн улуттук тилибиздеги алгачкы басма сөзүбүз “Эркин-Тоо” газетасынын 1924-жылдын 7-ноябрындагы “Октябрдын келген кези” аттуу ыры басылган. Ошондон тарта 84 жаштык өмүрүнүн (ал 1988-жылдын июнь айында кайтыш болгон) 50 жылдан ашык мезгилин бир тууган элинин адабиятына арнап, ага ак кызмат кылып келген.

Акындын Октябрь революциясына чейинки турмушу жалпы эле кыргыз элиники сыяктуу оор кыйынчылыктар менен коштолгон, анткени, ал 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш басылгандан кийин падышалык жазалоочу армиядан качып, Кытай жерине өтүп, үй-бүлөсү Үч-Турпанга чейин жетишкен. Ачкалыктан, оору-сыркоодон топ бүлө бүтүндөй кырылып, ошолордун ичинен жалгыз гана ал аман-эсен туулган жерге кайтат. Ысык-Көл жактан аталаш тууганын таап, анда бир канча убакыт баш маанектеп жүрүп, андан Кочкор тарапка өтүп, тилемчилик абалга чейин жетет. Ошол тушта Ташкенге мал айдаган соодагерлерге жардамдашып, эптеп жетсе, окуунун баары толуп калыптыр. Ал жетим бала катарында адегенде алты айлык совпарт школго кабыл алынып, кийинки жылы САКУга (Среднеазиатский коммунистический университет) кирип, аны 1927-жылы бүтүрүп чыгат да, Кыргызстанга келип басма сөз майданында эмгектенип (“Кызыл Кыргызстан” газетасынын редактолугуна чейин жетип) жүрөт. Ал адегенде “Кызыл учкун” аттуу адабий кружок уюштурат, андан кийин Кыргызстан Жазуучулар Союзун түзүүчүлөрдүн бири катарында анын биринчи төрагасы болуп шайланат. 1934-жылы СССР жазуучуларынын 1-съезди чакырылып, А.Токомбаев баштаган үчөө (М.Элебаев, Ж.Турусбеков, К.Маликов) Кыргызстандан делегат болуп барышат. Съездди М.Горький өзү башкарат. Ал 17-августтан 2-сентябрга чейин созулуп, республика, областтардан барган топтордун бардыгынын жетекчилерине сөз берилет. А.Токомбаев чыгып сүйлөп, көбүнчө кыргыз фольклору жана “Манас” эпосу тууралуу айтат. Орусчаны абдан начар билсе да, эптеп оюн түшүндүрөт. Дем алышка чыкканда президиум отурган тараптан М.Горькийге кокусунан эле жолугуп калат. Ал А.Токомбаевдин кайдан келгенин сурайт. Аалы Кыргызстандан экендигин билдирет. Анда Горький “адабиятыңардын очерки барбы?” деп сурамжылайт. Ал эптеп жоромолдоп бирдемелерди айтып жатканда, ар жактан кимдир бирөө келе калып, аны сөзгө алаксытып кетет. Ошону менен тигилердин аңгемеси үзүлүп калат. Кийин А.Токомбаев Горькийдин көзү өткөн соң ал тууралуу “Улуу Горький тууралуу эстеликтен” аттуу эскерүү макаласын жазып, ошол жолугушуудагы элестер тууралуу айтып берет. Улуу жазуучунун жаш авторго калтырган эстелигинин эң маанилүүсү ал кол койгон СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүк билети экендигин сыймык менен айтып да, жазып да жүргөн.

А.Токомбаевдин “Ленин тууралуу” аттуу биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкент шаарында басылып чыгат. Андан соң китептер удаама-удаа басылып отурат. Кыргыз совет адабиятынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан катарында 1974-жылы А.Токомбаев СССР Жазуучулар Союзунун 40 жылдык юбилейине байланыштуу Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамга арзыйт. Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылышынын депутаттыгына жана Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган.

А.Токомбаев кыргыз акын-жазуучуларынын бир нече муунун тарбиялаган устат, республиканын кадырман адамы болгон. Анын чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн жана чет элдер тилдерине которулган. Азыркы кезде ал өмүр бою жашаган үйдө музей ачылып, иштеп жатат.

А.Токомбаевдин чыгармачылыгында көп маанилүү темалар камтылган. Алсак, кыргыз элинин Октябрга чейинки оор турмушу, совет мезгилиндеги бакты-таалайы, эмгек, сүйүү рахаты сыяктуулар. Ошолордун ичинен акындын тунгуч темасы Октябрь жана Ленин темасына өтө жоопкерчилик менен мамиле кылат, СССР элдеринин достугун, айрыкча улуу орус эли менен кыргыз калкынын жылуу мамилесин кадырлайт.

* * *
“Улуулуктун татаал жолу” деген Аалы Токомбаевге арналган китептен көрүнгөндөй, кыргыз профессионал адабиятынын залкары улуу инсан даражасына жеткенге чейин ал өз башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөргөн.

Аалы Токомбаев адабият майданына келген кезде өз өмүр баянында эскергендей, акын болоюн деп деле аракет кылбаган, болгон максаты “эзилген, караңгы элибизге кызмат кылсак” деген мүдөөнү гана аркалоо болуп эсептелген. Ошол себептүү ал күндөлүк коомдук-саясий маселелерге өз убагында үн кошуп, совет өкмөтүнүн жеңишин пропагандалоону өзүнүн ыйык максаттарынын бири катарында эсептеген. Ал совет өкмөтү багын ачып, илим-билимге жол чаап бергенине жетине албай, өзүнүн туулган күнү катары 7-ноябрды паспортуна жаздырган.

1924-жылы январь айында Ленин дүйнөдөн кайтканда, бир түн отуруп, эки окуучулук дептерге толтуруп, кошок ырларын жазган. Саясий тема козголгон ал ырларды басмадан чыгаруу маселеси коюлуп, аны рецензиялоо үчүн А.Токомбаевден көп жогору турган, профессионал адабияттын жол-жобосун жакшы билген К.Тыныстановго бергенде ал аны такыр жаратпай таштаган, бирок, китеп баары бир жарык көргөн.

Он жети жашында кат сабаты ачылган, оозеки чыгармачылыктан башка эч нерсе билбеген өзү менен жашташ уланга К.Тыныстанов өтө эле катаал мамиле кылып койгон экен.

А.Токомбаевдин 30-жылдардагы поэзиясы 20-жылдарга салыштырганда профессионалдык деңгээлинин бир топ жогору көтөрүлгөн дүгүн айгинелеп турат. Бул учурда өзгөчө анын философиялык лирикасы идеялык-көркөмдүк сапатынын бийиктиги менен айырмаланат.

30-жылдардын экинчи жарымы совет өкмөтүнүн тарыхындагы кара так болуп эсептелет. 1937-38-жылдарда өлкөбүздүн миңдеген мыкты кадрлары репрессияланып кетиши – бул өзүнчө бир чоң трагедиялык учур. А.Токомбаев да башка алдыңкы катардагы интеллигенция өкүлдөрү менен бирге түрмөгө отуруп чыккан. Ушул жерде бир маселени эске ала кетүү зарылдыгы бар. “Кыргыз адабияты” газетасынын беттеринде “А.Токомбаев ал жактан аман чыкпайт эле, өзүнүн жодошторун сатып кеткен” деген маанайдагы саясий доомат койгон макала жарыяланган. Бул эч кандай документтер менен далилденбеген ушак сөз.

А.Токомбаевдин өзү көргөн 1916-жылкы кыргынды таасын сүрөттөгөн “Кандуу жылдар” романы согуштан кийин негизсиз катуу сындарга дуушарланып, ал дагы бир ирет камала турган болгондо Борбордук Комитеттин биринчи катчысы И.Раззаковдун кеңеши боюнча Москвага качып, ал жакта эки жылча жашаган. Токомбаев өлөр жылында үчүнчү жолу негизсиз чоң чабуулга кабылды. Ал “Манастын” Орозбаковдук вариантында жат кошумчалар бар, аны жарыкка чыгарууда этият болуу керек деген сөзү үчүн аны “Манаска” каршы адам катары чуу чыгарышып, газета беттеринде ырайымсыз катуу сынга алышкан, А.Токомбаевди “манкуртка” теңештирген үндөр да чыккан. “Карыган жана оорулуу акынга ушундай ырайымсыз мамиле кылганыңар туура эмес” деп, макала жазган журналист А.Черемушкинаны да катуу тепкиге алышкан.

А.Токомбаев коомдук турмушта кайра куруу процесстери жүрүп жаткан мезгилге анчалык назар салбай, “Манаска” байланыштуу айтып койгон бир ооз сөзүн кечирип коюшса деле болмок. Улуу акыныбыз өзүнүн жекече ишениминен өлөр-өлгөнчө кайткан жок. Эмне кылабыз, мындай мисалдар адабият тарыхынан көп эле кездешет эмеспи. Алсак, Лев Толстой орус классик жазуучуларынын бир тобун жактырган эмес. Бул үчүн орустар аны эч качан тепкиге алышкан жок. Болуптур, анын жекече көз карашы деп тим болушкан.

Жазуучулар арасында интригалар дайым эле болуп келген жана боло да бермек. Атактуу Ч.Айтматовдун ысмы бүткүл дүйнөгө таралгандан кийин да Юрий Бондаренко сыяктуулар ал улуттук негизден ажыраган жазуучу деп жазып чыгашпады беле.

Узун сөздүн кыскасы А.Токомбаев кыргыз профессионал адабиятынын алгачкы кирпичтерин коюшуп, анын өсүп-өнүгүшүнө өлчөмсүз чоң салым кошкон залкар акын, коомдук ишмер экендиги калайык-калкка эчактан эле айдан ачык. Октябрдын салтанаты жана жеңиштери анын бүткүл чыгармачылыгынын кан-жүлүнүн аралап өткөн темаларынын бири. А.Токомбаев Улуу Октябрдын алгачкы жардап чыккан жана аны өмүр бою талбай ырдап келген Октябрдын ырчысы.

“Кыргыз руху” («Кыргыз гезиттер айылы»), 05.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.