Азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин “Гүлистан” дастаны кыргыз тилинде басылып чыкты

Бишкекте иштеп жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондусунун заказы жана каржылык колдоосу менен Азербайжандын эң көрүнүктүү акыны Бахтияр Вахабзаденин “Гүлистан” дастаны өзүнчө китепчелер түрүндө кыргыз жана азербайжан тилдеринде басылып чыкты. Чыгарманы азербайжан тилинен жаш акын Алтынбек Исмаилов которгон. Адистердин пикири боюнча, бул соңку мезгилде Кыргызстанда ишке ашырылган ушунчалык жогорку деңгээлдеги ырлардын биринчи котормосу.

Эң жакынкы убакта Бахтияр Вахабзаденин “Биз бир кемедебиз” деген ырлар китеби кыргыз тилинде басылып чыгат. Китепти Бактыгүл Чотурова которгон.

Ж.Тынаев, «Кабар» МА, 13.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.