“Ыр деген бул – өмүр, өлүм, тагдырың, / Ырдап берип келинге айткан сыр эмес”

Акын Эрнис Турсуновдун жаңы китеби жарыкка чыкты дегенде кыйлага издеп, таппай жүрүп басманын өзүнө барып араң таптым. Дегеле, ал проза жазабы, поэзия жаратабы, “Ата журт”, “Балбай”, “Боронбай”, “Биздин замандын баатыры”, “Автопортрет” деген китептерин такыр таппайм. Атүгүл эл акындары Сүйүнбай Эралиев менен Эрнис Турсунов которгон элүү басма табактан турган “Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы” да дүкөндөрдө жок. Эгер жолугуп калсак, Эрнис Турсунов менен баарлашуу – өзүнчө жыргал, эс алуу, сергүү. Аны “басып жүргөн энциклопедия” деп бекер айтышпайт да. Ал өз бетинче эксперимент жасаган, көп окуп, көптү билген, баамчыл, сөзмөр акын. Анын жагымдуу, кызыктуу касиеттери болбосо, жөн эле жүргөн пенде менен ким сүйлөшөт, “тээтиги келатат” деп качып турбайбы.

Албетте Эрнис Турсуновдун китептерине таңсык болуунун себеби бар. Далил катары, колубузда турган “Бийиктик” басмасынан 2009-жылы чыккан “Күткөн кезде кел-кел” деген китебине назар салып көрөлү. Бул китебине акын “этюддар, экология, экспромт, эпиграф, эпитафия, эротика, элегия” деген бөлүмдөрдү киргизип, ал ырларды классикалык кыска формада, терең ой толгоолор, көркөм каражаттар менен шөкөттөгөн.

Көз алдыга келе калса бир элес,
Калем алып жаза салган ыр эмес.
Ыр деген бул – өлүм, өмүр, тагдырың,
Ырдап берип келинге айткан сыр эмес.

Оттой ырлар өткүр болот кылычтан,
Оор жумуш таш көтөргөн жумуштан.
Баатыр акын таамай айтып чындыкты,
Башы алынган Батыштан да, Чыгыштан.

Жогорку көркөмдүк деңгээлде ыр жазуу – ойго келген эки сөздүн башын курап, аягы бүтпөгөн саптарды же сөз тизмектерин удургутуп, жаакты жанып, кызыл тилди сабап соктура берүү эмес. Сөздүн чыныгы маанисинде ыр жазуу, жандуу, образдуу, ойго бай, көркөм поэзия жаратуу. Акындык өнөр – чынын айтсак, ыйык өнөр, акылды сыгып айтсак, көп өнөрдөн бийик өнөр. Алган теманы акын өз бетинче сезип, дүйнөнү өзүнчө көрүп, өзүнчө ой толгоп, ассоциациядан өткөрүү керек. Антпесе ал поэзия болбой, жамак болуп калат.

Ажал! – десе жүрөк турат болкулдап,
Алдыбызда көпүрө бар солкулдак.
Аркы өйүзгө ким өтөт да ким кулайт,
Агып жатат албуут дайра толкундап.

Ажал келсе?.. Аркы өйүзгө өтүүгө,
Арга болуп калбайт беле көпүрө?
Өткөөлдөрдөн тирүүлүккө салынган –
Өтө албастан кулайт тура асыл жан.

Окурмандын эстетикалык талабын сергек сезген акын эч качан жүр-нарыга салган чабалдыкка, ооздон түшө калган супсактыкка, кунарсыз татымсыздыкка, жеңил ойлуу араңжан жансыздыкка барбайт. Чыныгы акында сөзсүз кубаттуу потенциал, чыгармачыл абийир болот. Абийирдүү акын окурмандын алдында жоопкерчиликти терең сезип, чыгармачыл вазийпасын маданияттуу, ыймандуу аткарат.

Экспромт
Бака чардап:
“Кургур-кургур-кургуйлап”,
Жаз жытына жаңы күүсүн сый кылмак.
Кимди “кургур” деп жатасың дегенсип,
Жылан келет жардан сазга ылдыйлап.

Бака чардап:
“Кургур-кургур-кургуйлап”,
Баскан изин жаткан өңдүү шылдыңдап –
Балчырата басат аттын такасы,
Кимди “кургур” дейсиң эми ыр ырдап?

Эрнис Турсуновдун ыр китеби колума тийгенде нагыз поэзия дүйнөсүнө киргендей болдум. Анткени китептеги ар бир чыгарма, мейли ал сегиз саптан, алты саптан, төрт саптан турабы, мейли поэма, баллада, ода, реквием, сонет болобу, сыдыргыга салгандай, поэзиянын эң зарыл атрибуттары менен жабдылган. Адамды терең ойго салган строфалар күчтүү эмоция, эргүү менен жазылган, автор дүйнөлүк поэзия үлгүлөрүнө сугарылып, таалим алганы дароо эле байкалат. Сырткы уйкаштары элпек, ички ыргактары так, муундары тегиз, ыр саптарын аллитерация, ассонанс, рефрендер коштоп, өзү эле ийкемге келип турат.

Аалам ичи баса берчү жол тура,
Азык кылчу сууда балык мол тура.
Балык анда: “айтаар элем бир ооз сөз,
Бирок менин оозум сууга толтура!” –

Деп айталбай сууга кирип жок болот,
Аны жеген ит да, куш да ток болот.
Сууда балык, тоодо жандык болбосо,
Тамак түтпөй жандуу турмуш токтомок.

Жашоо жүрүп жаткан жерде бардыгы бар: туулуу, өлүү, жыгылуу, жыгуу, жеңүү, жеңилүү, жек көрүү, айрылуу, бөлүнүү, сагынуу, эңсөө, сүйүү, түйшүк, куса болуу, ата журтту сактоо, жаратылышты коргоо сыяктуу турмуш көрүнүштөрүн поэзия дүйнөсүнө камтып, акын сегиз саптан турган октавага батыра билет. Бул акындык кылдаттык. Поэзиядагы октава да ойго келген бир нерселерди сегиз сап кылып, эч жыйынтыксыз чек коюп жаза салуу эмес. Анда тезис, антитезис деген болот. Сөзсүз түрдө сегиз саптын биринчи төрт сабы турмуштук көрүнүштөргө ой толгоп, экинчи төрт сабы ага карама-каршы бирдиктүү ойду айтып, ток этер точка коюп корутундулайт. Акын тезис жана антитезис менен жазылган сегиз саптарды формага жараша көркөм атрибуттар менен жабдыйт.

Ал жашады доомат кылып жазганын,
Доомат кылып жерде тирүү басканын.
Алтын орден таккан менен төшүнө,
Жаза албады калктын улуу дастанын.

Алтын калем алган менен колуна,
Алты роман калтырбады дооруна.
Ал жашады милдет кылып “эмгегин”,
Атак, сыйлык, акча төшөп бооруна.

Экология
Жаратылышты көздүн карегиндей сактайлы, талкалабайлы, бузбайлы деп көтөрүңкү публикацияларда жар салып айтканыбыз менен анын таасири образдуу жазылган поэзиядагы саптардай болбойт. Атүгүл карандай илимий далилдер да таамай жазылган поэтикалык саптарга караандабай калат.

Кайберендин көзгө илинбей буттары,
Кыйкыларда жел менен тең чуркады.
Чап секирип аңдып жаткан буйткадан,
Чаар илбирс уруп канын ууртады.

Таңыркатып кайберендин учканы,
Жалт карашты улуу тоонун куштары.
Өпкө, жүрөк бараткансып суурулуп,
Тырпырады, колу жерди муштады.

Ал жыгылды чуркап келип энтиге,
Чаар илбирс чапкан эле өлтүрө.
Акыркы ирет алтын күндү бир карап,
Жаны чыкты төрт аягы серпиле.

Тоодо кармаш, тоодо турмуш ушундай,
Тоолор турат калыбынан бузулбай.

Кыргыз поэзиясында атайы эпитафия жанрына кайрылып жазган Эрнис Турсунов али жетимишинчи жылдарда эле энеси дүйнөдөн кайтканда:
Энем калды Ысык-Көлдүн түбүндө,
Биз мейманда, сен түбөлүк үйүңдө, – деп жазган эпитафиясы башка күмбөздөрдө да турат. Эрнис Турсуновдун эпитафиялары мезгилсиз көз жумган замандаштарынын эстеликтерине да чегилген. Анын жанкитептеги эпитафиялары поэзиянын өзгөчө бир көөнөрбөй турган саптарын эске салат.

Бири оору, бири дайым жакыр өттү.
Бирок да экөө бирдей баатыр өттү.
Бир жатат түнөк кылып акыретти.
Алар ким? –
Алыкул жана Мидин.
Дегеле андан кийин,
Акындын наркы кетти, баркы кетти.

Атактуу обончу Рысбай Абдыкадыров каза болгондон кийин анын Сулайман тоосунун жакасындагы көрүстөнгө коюлган таш эстелигине эпитафия жазып биришин өтүнүп, жубайы Давлет биртоп акындарга кайрылган. Эпитафия жазып көрбөгөндүктөнбү же башка себептүүбү, алардын жазгандарын жаратпай, Оштон Эрнис Турсуновго телефон чалат Давлет. Турсунов эки сап эпитафиянын эки вариантын сунуш кылганда, бир вариантын жактырып дароо жазып алат. Рысбай Абдыкадыровдун таш эстелигине акын Эрнис Турсуновдун эпитафиясы чегилген.

Эрнис Турсуновдун эпитафиялары жөн эле каза болгон маркумдарга зар ыйлап, арман катуу эмес, анын саптарына философиялык терең ойлор камтылган.

Балага кең-кесири жаткан бешик,
Ал бешик кең дүйнөгө ачкан эшик.
Эр жетсе тардык кылат жалган дүйнө,
Эр жетсе аздык кылат алган кесип.
Кең болот казган мүрзө:
Мүрзөгө батат тура дүйнө мүлдө.

Эротика
Адеп сактамыш болгон, насил-нарк жактамыш болгон, бирок ашыктык төркүнүнө туюнбаган тар көз караш, тайыз түшүнүктөгү айрым пенделерге кандайдыр жийиркеничтүү, уяттуу көрүнгөн аял менен эркектин жыныстык мамилеси эң байыркы замандардан бери аркыл манерада, аркыл формада, аркыл түрдө болуп келген, боло бермек. Адегенде жөн эле биологиялык муктаждык, андан соң катыштык канагаттануу катары анан жөрөлгө-жосун, үрп-адат, каада-салт көрүнүштөрүнө ылайык нике кыюу, баш кошуу, турмуш куруу катары эркек-аял ачык асман астында, көк шиберде, салкын абада, андан соң далдоо жерде, үйдө, төшөктө, көшөгө ичинде жалгашкан.

Жайлоодо… (билесиңер кыргыз жерин),
Үй ээси каратору кербез келин.
Калп эле жата кеттим уйкусурап,
Келинге кеп айтууга келбей эбим.

Түн эле. Түн менен түн кара келин
Келди да дүр эткизе жылуу демин,
Койнума кол жиберип, ийип белин,
Ийкемдүү белендеди талуу жерин.

Керемет аваз какты кара келин,
Көлкүлдөп эрип кетти денем менин.
Тер кетти алка-шалка дене-бойдон,
Бул эмне?.. (Эмне экенин терең ойлон!)

Капырай, кандай шумдук кара келин!..
Билбеймин, бул кумардын бүтөөр жерин.

Жайлоодо… жаш кезектен калган элес,
(Бир келет андай элес дайым эмес).
Атчанбыз, шериктерим: Кадыр, Кеңеш,
Алдыда килем кийген адыр-белес.

Бой жеткен кыздуу үйгө келип түштүк,
Мал баккан чалга салам берип түштүк.
Коймолжун кымыз сунган кызыл кыздын,
Колунан бал татыган кымыз ичтик.

Титирейт колуң тийсе кош мөмөсү,
Мөлтүрөп кош мөмөнүн бышкан кези.
Кел-кел деп, мен белен деп тартып турат,
Келберсип кызыл кыздын жаш денеси.

Чарт этип тийсең эле жарылчудай,
Албасак, бир балээге кабылчудай.

Демек, Эрнис Турсуновдун калеминен чыккан “жайлоодогу” сүйүү – “казинодогу” сүйүүгө караганда дилгир болуп дилинен чыккандыктан, делебе козгогон кумарлуу сүйүү. Акын кыргыз маданияты менен искусствосун кадырлаган окурмандарга дилгирлик менен окула турган, жакшы жазылган, колдон түшкүс жанкитепти сунуш кылган. Поэзиянын турмуштагы маанисине, максатына, таалимине, артыкчылыгына терең туюнган автордун ой толгоолору чындыктын дал өзүнөн чыккан.

Талант КОНОКБАЕВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.11.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.