Чындыкты тапкан, телегейи тегиз Кубатбек Жусубалиев

Жазуучу Кубатбек Жусубалиев өткөн кылымдын акыркы 20 жылында адабиятта социалисттик реализмден чегинген, карапайым кыргыздын нукура образын тарткан чыгармалары менен дүң салган эле.

Мындан 10 жыл мурда журналистикага жаңыдан кирип, тажрыйбам жок кезде сизге барып, адегенде эле “чындык деген эмне” деп суроо узаткам. Сиз ошондо “атаңдын башы” деп жооп берип, анан “Ош шаарынан өзүң жашаган Кердегей айылына чейин жөө келгенде анан чындыкты билесиң” дедиңиз эле. Мен жөө барган жокмун, бирок дагы деле ошол суроону бергим келип атат. Чындык деген эмне?
Кубатбек Жусубалиев: Сен эмне үчүн сурадың муну? Мисалы, ит деле жашайт, куш деле жашайт, эшек деле жашайт. Баары эле жашайт. Бул өзү чындык эмес. Бул адам үчүн чындык эмес эч качан.

Сен өзүң кандай деп түшүнөсүң? Чындыкты качан адам өзү бул турмушка, дүнүйөгө эмне үчүн келгенин, өзү кайдан экенин сураганын, ким жаратканын, анан ошондо азыркы акыбалы ким экенин, бул өзү кайда баратканын жана бул эмне менен бүтөөрүн сураган кишини ушул кичине чындык менен эсептешет экен, ойлойт экен десе болот.

Чындык деген өзү чоң суроо да, болбосо башканы айтууга болбойт.

Бирок сиз берген суроону көптөрү бербейт да. Демек чындыкты көпчүлүк билбей эле өтүп кетет экен да?
Кубатбек Жусубалиев: Оп, бали! Ушул сурооң жакшы. Өзүң чындык жөнүндө сурап атасың, бирок чындык жөнүндө ойлонгон эмессиң, жакшылап. Себеби дүйнөдө мени курчаган кишилер, эми мен башкаларды айта албайм, мен эми анча-мынча дүнүйөнү көрдүм, адамдарды көрдүм. Булардын 99 пайызы чындыкты түкүрүп да койбойт, орой айтканда.

Чындык – акыйкат деген сөз. Булардын экөөнүн айырмасы жок. Буга жеткен кишилер өтө аз. Кыргыздарда такыр эле жок десек да болот, себеби мен көрбөй атам, мисалы өзү кайдан келген, ким жараткан, эмне болот. Ушинтип эле кала береби же өзүнүн эмне үчүн жаралганын билеби? Муну менен кызыккан өтө аз болот экен жана анын жолуна түшкөн киши да абдан аз болот экен.

Кыргызстанда бир да киши жок деп атасыз, сизчи? Же бир адам барбы?
Кубатбек Жусубалиев: Э, мен жөнүндө кеп жок. Себеби мен дайыма-дайыма, тырмактайдан бери бир нерсени издеген кишимин. Ошондуктан чындыкты айткан өтө ачуу болот, балким өтө-өтө жакпайт. Бул киши кичине шамал тийип калыптыр деп айтышы мүмкүн, мүмкүн эмес ошентип эле айтышат.

Ошондуктан сен өзүң адегенде кичине башыңан өткөрүп, бул жөнүндө кыйналып окуп, жолуна түшүш үчүн үч нерсеге кайрылыш керек. Мисалы, биринчи дүнүйөнүн адамзатынын тарыхына, ыйык жазууларга, бүтүн адамзатынын жана үчүнчү адамдын азыркы абалы. Ошондо анан сен окуган эки жол менен өзүңдүн керт башың менен билген, китепти окуган жана бирөөнү туураган бул жерде жарабайт. Өзүң азыркы дүйнөнүн акыбалы үчөө бириккенде мен айткан чындыкка жакындатат. Ошондо гана бул жөнүндө айтууга, сөз кылууга, ойлонууга, мага окшогон киллер менен сүйлөшүүгө уруксат аласың.

Сизден угуп, анан чындыкты издөөгө жол ачылат да.
Кубатбек Жусубалиев: Мен айттым сага, кандай жол менен табыш керек. “Многие люди болтают языком, но делом никогда не исполняют, то что болтают”. Сөз менен иш бирге жүрүш керек. Сөз менен ишти бириктириш өтө кыйын болот. Булардын бардыгы жөн эле айтылган сөз эмес.

Көптөрү чындыкты каяктан издешти билбей динге кирет…
Кубатбек Жусубалиев: Чындыкты издегендин деле кереги жок. Пифогордун айтканы бар, “Дүнүйөдө эң кыйын нерсе эмне?” деген суроого, “Эң кыйын, эң оор нерсе – бул өзүн өзү билүү. Ал эми эң оңой нерсе дегенге, адат менен жашоо” деген. Ошон үчүн чындыкты билиштен мурда өзүнө кайрылыш керек, өзүн өзү билиш керек. Ошондо анан буруласың. Ал эми өзүн өзү билүү өтө кыйын болот экен.

“Түшүнүксүз” адамдар тууралуу
– Сиз өзүңүздү билдиңизби?
Кубатбек Жусубалиев: Өзүн өзү өлгөнчө билет киши.

Эмнеге башкаларга салыштырмалуу чыгармачыл адамдар чындыкты көбүрөөк издешет?
Кубатбек Жусубалиев: Себеби чыгармачыл адамдар көбүрөөк окуйт да, көбүрөөк изденет, көбүрөөк кыйынчылыкка дуушар болушат, көбүрөөк ойлонот. Анан кийин көзү ачылат.

Экөөбүз өсүп чыккан айдоо – бул өзү бүтүндөй адамзатынын айткандарын, дегендерин, мыйзамдарын физикадан, тарыхтан, филологиядан, философиядан болобу биз ошол айдоодон өстүк да. Алардын бардыгын эң акылдуу, айкөл кишилер жазган. Алар акыйкат дегенди издеген кишилер болгон. Анан башкалар таппаган акыйкатты табайын деп аракет кылат да.

Ошол эле учурда чыгармачыл адамдардын арасында ичкиликке берилип кеткендер да бар. Анын себебин эмнеден көрөсүз? Өзүн таштап койгон, же чындыкты таппай калган үчүн ошондой болуп кетеби?
Кубатбек Жусубалиев: Алар жөн эле эрки күчтүү эмес адамдар. Түшүнбөй калган да негизин. Ичип кеткен кишилер бул – зор кемчилдик да.

Ушул убакка чейин өкүнгөнүңүз эмне болду, деги эле эмнеге өкүнөсүз?
Кубатбек Жусубалиев: Мен билбейм эмнеге өкүнөм. Менде азыр өкүнүч жок. Мен адамдын эмне үчүн жаралганын, ким жаратканын, азыркы акыбалын жана кайда баратканын, бул эмне менен бүтөөрүн билдим да. Эгер буларды билбегенде менде зор өкүнүч болот эле. Бир бактылуу экенмин, буларды билгенден кийин менде эч кандай өкүнүч деген, коркуу деген болбой калды.

– Анда сизди телегейи тегиз адам деп айтсак болобу?
Кубатбек Жусубалиев: Болот да, кембагалым, болот. Телегейи тегиз деген ушуларды билди деген сөз. Бул нерселер бир күндө эле билинбейт, буларды билүүнүн жолуна түштү деген сөз да. “Жолду баскан билет” дейт кембагал кыргыз. Ошон үчүн муну басыш керек да.

Июнь айында орун алган кандуу окуяларды кандай кабыл алып, кандай бааладыңыз? Адамдардын пейили бузулган сайын ушундай жаман окуялар көп болот дейт…

Улуу дин тууралуу
Мухаммед пайгамбар тууралуу сөз болуп кетти. Кыргыздардын башынан дини болгонбу? Шаманизм, теңирчилик деп жүрүшөт. Сиз бул теманы да изилдеп жүрчү элеңиз.
Кубатбек Жусубалиев: Болгон, албетте. Кыргыздар эч качан “зачумленный” эл болгон эмес, башкалардай. Алар ар кайсы убакта ар кандай, адегенде теңирчилик, шаманизм деп. Бул көчмөн эл болгон да.

Кыргыздар өтө жакшы келаткан. Анткени алар эч бир динде токтоп, чочкого окшоп чөмүнүп, жылбай туруп алган эмес. Кыргыздар чындыктан чындыкка жөнөп келген. Ошондуктан алардын исламга киргени да ошондой жөнөкөй, орундуу болгон. Эми ар бир диндин бардыгынын өзүнүн чоң, улуу сулуулугу бар. Алар сөзсүз адамды бир нерсеге үйрөттү. Кыргыздарды, ошол эле башка элдерди да үйрөттү. Бирок алар эми мына исламда туруп алышты да. Мисалы, арпаны же буудайды жанчыганда өзүң билесиң эшекти, же атты баарын кошоктоп коет, анан алар бир момукту айланып жанчат. Кыргыздар эми эч бир дини айланып эле, чычып эле туруп алышкан эмес. Алар ар бир доордо, мезгилдин өз ыгына жараша өтүп турушкан. Эми исламды ошентип айланып туруп алышты. Ислам өзү акыйкатка өтө жакын. Убакыт келет, кыргыздар өтөт.

Кайсы жагына өтөт дейсиз?
Кубатбек Жусубалиев: Бардык китептерде улуу акылмандардын “ушинтип отуруп диндердин бардыгын табыштырып, бириктире турган маселе бар алдыда” деп айтканы бар. Ушул маселе турат да алдыда.

Тозок, акыр заман, жалган дүйнө, чын дүйнө деп айтылат. Сиз ошолорго ишенесизби?

Сизди көптөр башка динге өтүп кеткен деп айтышат. Кыргыздын дини кайсы деп сураганымдын түпкүрү да ошондо болгон. Бул суроо сизге катуу тиеби, же жакпайбы, бирок кайсы динди тутунасыз деп сурагым келип турат.
Кубатбек Жусубалиев: Бир акылдуу киши “эң улуу дин – чындык” деп айткан. Анткени булардын бардыгы жөн эле түшүнбөстүк, ушак. Мухаммед пайгамбардын айткандарын жеткирген адаммын, көрдүңбү. Ыйлап, сыктап.

Бирок чындык деген дин жок да же жаңы ачылабы?
Кубатбек Жусубалиев: Бар да. Эми ушуга карабайсыңбы, эмне деген… Анан ошондо түшүнөсүң.

Тазалануу жана жалгыздык тууралуу
Бир жолу “Агымда” иштеп турган кезиңизде “даанышман болуу абдан кыйын, мен жүзгө чыкканда даанышман болом” деп аткан экенсиз. Сиз даанышман болууга жетейин дедиңизби?
Кубатбек Жусубалиев: Булардын бардыгы жөнсүз сөздөр. Мен эмнеге силердей болгон журналисттерден жаа бою качам? Сени ушундай суроолорду берет деп качам. Силер тилиңерди ушунчалык кайрап курчутуп алгансыңар, бош суроолорго. Анан кийин мага окшогон кишилерди уят кыласыңар.

Сен мен жеттимби, жетпедимби менин турмушум аркылуу ойлонушуң керек. Себеби бул киши мисалы кантип жашап атат, эл кылганды кылабы, башка кылабы. Бир куштар болот сыланып, сыйпанган. Кушка же бир чымчыкка салса ташка отуруп алат, албайт. Себеби анын курсагы ток, ал куш тапталган эмес. Аны тапташ үчүн көп кыйынчылыктардан өткөрүш керек. Аны саяпкер эмне кылат? Энесин таанытат. Ачка коет көпкө чейин. Ар кандай нерселерге үйрөтөт. Тапталгандан кийин анан кекиликкеби, башкагабы салат. Шарт алат. Адам деле ошондой, ысыктан, сууктан өтүш керек.

Мага окшоп мисалы, эл эмне дебе жылдар бою эч кимди көрбөй, эч ким менен сүйлөшпөй жашаш керек. Бирок бул жөн эле эмес, илгертеден бери дербиштик деп коет. Бул тазалануу деген, бул жөн эле дырт-дырт осуруп коюп эле жүрө турган нерсе эмес. Ошондой нерселерден узак өткөндөн кийин гана адам ушундай нерселерге даяр болот. Ошондо анан ушул жолго түшкөн кишилерди билесиң, сүйлөшүп каласың. Ошондон кийин мага окшогон кишилерге барып сүйлөшсөң болот.

Өзүн өзү таанып, билген адам абдан жөнөкөй болуп калат дешет. Мен сизди канча жылдар бою өтө жакшы билбесем да билем, бирок сиз жөнөкөй эмессиз. Сиз дайыма адамды кагып, бой көтөргөндөй көрүнөсүз. Эмнеге?
Кубатбек Жусубалиев: Ооба, көрдүңбү, демек менде да көп жетишпестиктер бар. Мендей киши кагып сүйлөсө – бул бой көтөрүү же капа кылуу максатында эмес, бул себеби ошол киши кагылсын, согулсун, тапталсын, өзүн өзү карасын, жерге таштабай жүрсүн деген сөз да.

Бул жашоого келгенде ар бир кишинин өзүнүн миссиясы бар дешет. Бул жакта өзүн өзү тааныш үчүн эле келеби, же ошол чындыкты үйрөтүүгө салымын кошуш керекпи?
Кубатбек Жусубалиев: Адам ошон үчүн жаралат, өзүн өзү билиш үчүн келет. Болбосо башка максат жок ал адамда, түбүндө. Ушуну унутканы үчүн адамзаты ушул акыбалга келип калды. Бул эшек менен төөнүн акыбалына келип калды. Бул суроону чечиш ар бир кишинин жеке, ыйык милдети.

Сиз “мен жөнүндө билгиси келген адам менин чыгармаларымды деле окуп алса болот” деп айтып атасыз. Бирок сиздин чыгармаларыңызды окуганда эмнеге түшүнүшпөйт? “Жусубалиевдин чыгармалары түшүнүксүз” деп көптөрдөн угам.

Айрыкча чыгармачыл адамдар бир кылка жашоодон тажап кетет. Сиз Кердегейде көп жылдан бери эле жалгыз жашап келесиз. Жалгыздык тажаткан жокпу?
Кубатбек Жусубалиев: Жок, андай болбойт. Жалгыздык бир макоолорду эле тажатат. Жалгыздык – бул адамдарды жаман көрүү эмес же болбосо алардан өйдөсүнүү эмес, силер ойлогондой, бул кайра адамдарга жакындашуу деген. Бул өзүн өзү билүү деген сөз. Адам өзүн өзү таануу, билүү андан кийин дүнүйөнү таанып, анан Кудайды таануу деген сөз. Жалгыз деген сөз түбүндө тазалануу деген.

Тазаланыш үчүн өмүр бою жалгыз жашаш керекпи?
Кубатбек Жусубалиев: Эми ал ар кандай болот, ар кандай адамдыкы. Мисалы, сен мени үч-төрт жылдан бери чакырсаң келбей, эми келип атпаймынбы. Ошондой эле кеп.

Жарык дүйнө тууралуу
Акын Рамис Рыскулов менен сүйлөшүп, сиз түшүнүксүз адамсыз десем, “менден да апенди чалыш адам бар. Ал – Кубат Жусубалиев” деп калды. Деги эле апенди деген ким өзү?
Кубатбек Жусубалиев: Апенди деген акылман деген сөз, чыгышта. Өзүн өзү билип, дүнүйөнү билген адам билбеген кишилерге апенди болуп көрүнөт.

Жашоодо жолтоо болгон эмне?
Кубатбек Жусубалиев: Жашоодо жолтоо болгон эч нерсе жок. Жашоо деген – бул улуу, абдан сонун нерсе. Сүйүү, боорукердик, кайрымдуулук үстөмдүк кылган жашоо сонун да. Мында адамга эч бир жолтоо боло турган нерсе жок.

Сиз бир нерседен коркосузбу, жашоодо эмнеден коркосуз?
Кубатбек Жусубалиев: Жок, эмнеден коркосуң. Качан жашоонун чексиз, сонун, акылман экенин билгенден кийин эч нерседен коркпой каласың. Мен муну кичинекей кезимен эле түшүнгөм. Мурда баамдачу эмесмин, азыр эми түшүндүм.

Мен 2-курста окуганда Гагарин космоско учту эле. Мен ошондо “Мугалимдер гезитинде” практикада болчумун. Ошондо окуп калдым, Гагаринден “жерди бир айланып чыктыңыз, эмнени көрдүңүз, эмне бар экен” деп сурашса, “капкараңгы түн экен” деди. Мындай жарык жок экен. Ушундай керемет жарык ушул жерде гана. Жашоо деген ушул жарык да. Ошондуктан трагизм пайда болот да ушуну түшүнгөн кишилерде, башкалар ушуну түшүнүшпөйт.

Ушундай жарыкты ким берди? Абдан керемет күн, керемет жер. Ким пайда кылды? Киши ошол жердин кожоюну катары бардык нерсеге абдан чоң сүйүү, ак пейилдүүлүк менен мамиле кылыш керек да. Ал ошону кылып атабы, жокпу? Сен айткан тоскоолдуктарды адам өзү жасап атат. Тоскоолдук деген ошол сен суроо берген, Ош окуялары жана башкалар. Көп пасчылык бар да адамда. Демек күрөшкөн да адам. Дин деген ошол, ар кандай улуу диндер бардыгы ошого жардам берет. Ал өзгөрүш үчүн адамдарда күрөш болуш керек. Диндин улуулугу, сулуулугу ушунда.

Кызыңыз Жамбы каякта азыр? Ал жөнүндө да көптөрү билгиси келет да.
Кубатбек Жусубалиев: Жамбы аябай жакшы кыз. Ал абдан таң калтырган нерсе да, акылман, ак пейилдүү. Мен таң калам да аябай, ал азыр Америка университетинде философиядан сабак берет. Ал ушунчалык жакшы иштейт, бир жылда ал жерге декан кылып коюшту. Ушунчалык кайраттуу. Докторлугун Гарварддан жактаганы атат. Мен өзүм таң калам да карап отуруп, ал мени дароо түшүндү. Мен акыйкат десем башкалардай болуп сураган жок. Дароо окуй баштады. Ал чындыгында менин кызым да, эми түшүндүм атаң гөрү.

Сиз дагы чыгарма жазып атасызбы?
Кубатбек Жусубалиев: Мен бир роман жазып атам. Көптөн бери. Орусча бир вариант, кыргызча бир вариант жазайын деп атам. Бирөөгө пайдасы болсун деп атам да окуганда. Бул менин жеке тажрыйбам тууралуу.

Адамда жаштыгын сагынган же дагы башка учурлар болот да. Сизде ошондой болобу, сиз кимди, эмнени сагынасыз?
Кубатбек Жусубалиев: Менде андай нерселер жөндөн жөн эле жок. Менде азыр адамдарга болгон өтө улуу боорукерлик бар. Менде адамдарга болгон улуу жакшы көрүү, сүйүү жана боорукерлик акырындап жаралып атат. Адамдагы эң баалуу нерсе ушул экен. Адамдарга болгон ушул нерселер пайда болгондо, сени жаратканга да ошондой пайда болот экен.

Достук дегенди кандай чечмелеп бересиз?
Кубатбек Жусубалиев: Достук деген сөз – жаны бир, каны бир деген. Ал кишиге сен жаныңды да бересиз. Мисалы аны бирөө өлтүрөм десе, “кой, мени өлтүр” дейсиң. Ошону дос дейт.

Сиздин ошондой досторуңуз барбы?
Кубатбек Жусубалиев: Албетте бар. Бирок акыйкатты билген кишилер ушундай дос болот. Өзүн өзү агарткан жолго түшкөн аз да, бирок бар да. Бир улуу кииш айтыптыр “Адамдардын ортосундагы тууганчылык Авил менен Кайинден бүттү” – дептир. Анткени Кайин акесин өлтүрүп койгон да. Ошондо кан менен тууганчылык бүттү дептир. Чыныгы тууганчылык каны да, жаны да бир тууганчылык акыйкат менен болот деген экен. Ошондо анан бүтүндөй улуу акылмандар Конфуций, Пифагор, Сократка окшогон адамдардын коому ошондой кишилерден гана болот да. Демек азыркы бүт проблемалар жок болот деген сөз да. Бир гана ак пейилдүүлүк, сүйүү, акылмандык жана сулуулук.

Сиз тоолорго жакын, тоолордун арасында жашап атасыз. Тоо деген сиз үчүн эмне?
Кубатбек Жусубалиев: Тоо жакшы да. Таза, тынч…

Канымгүл Элкеева, «Азаттык», 05.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.