АКЫНДАР АЙТЫШЫ

Ыр жандуу окурмандарыбыз үчүн кайрадан “Акындар айтышы” долбоорубузду улантабыз. “Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дегендей, коомду түйшөлткөн нерселерге акындар кандай пикир кошот болду экен? Калеми курч, сөзүндө мурчу бар жаш акындарга бир нече сүрөт берип, сындан өткөрдүк. Натыйжасын өзүңүз баамдап көрүңүз.

АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ
Жашы – 28де
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жарык көргөн китептери – “Таш күзгү”, “Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре”
Сыйлыктары – Түрк элдеринин Эл аралык VI поэзия фестивалынын, Эл аралык «Шабыт» поэзия фестивалынын дипломанты. Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.
Учурда – Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин окутуучусу

Абийир түтөйт
Кайран аял туура жолду таба албай,
Канат какса багыты жок шамалдай.
Сыр билгизбей Ак үй турат майданда,
Сырты аппак, ичи кара адамдай.
Туу көтөргөн жигиттерди жок кылып,
Түтөйт байкуш өз абийирин жага албай.


ВЕНЕРА АКМАТОВА
Жашы – 25те
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жарык көргөн китеби – “Табылгам”
Сыйлыктары – Азырынча жок
Учурда – “Нур борбор” жаштар бирикмесинин мүчөсү

Эненин калкан жүрөгү
Эл күчөдү чамынып, эл күчөдү,
Эзилгенден эт жүрөк эч түтпөдү.
Эбин таап, элин бийлик сатар кезде,
Алтын такты, Ак үйүм, эх, түтөдү!
Коргоп өзүн кожолор качкан кезде,
Калкан болду эненин эт жүрөгү.


КУБАНЫЧ ЗАЙНИДИНОВ
Жашы – 26да
Үй-бүлөлүк абалы – Бир уулдун атасы
Жарык көргөн китептери – Жок
Сыйлыктары – “Чечен айтыш” сынагынын, “Нукура кыргыз” теледолбоорунун баш байге ээси
Учурда – Эркин журналист

Ак үйдүн ала салышы
Муздак дубал, мупмуздак, муздак эле,
Сырты көрктүү, а ичи супсак эле.
Сыбызгысы тумчуккан саясаттар,
Сырт тарапка таптакыр тумсак эле.

Темир тосмо сүр берчү, темир тосмо,
Тебелебейт дешчүбү, темир тоссо?
Темирге эмес, Теңирге сыйынган эл,
Тебелесе күр этти, Теңир кошо.

Ыш-түтүнгө чулганып күйүп жатты,
Ынтымак бүт ыдырап бүлүк салды.
Ырыскысын көтөрбөй көпкөндөргө,
Ызалуу журт муштумун түйүп жатты.

Заңгырачу Ак үйүң, заңгырачу,
Заң мыйзамдан куру кыял, шаң куралчу.
Заматта эле кейпинен кетти дагы,
Заманасы куурулуп аң кулады.

Бир жолу эмес, эки ирет өрт чулгады,
Бир жасаган иши да өр жылбады.
Канча кыргыз эр уулун жутуп алып,
Кара кийди кан ордо, көрк булгады.

Азыр санаам тынч эмес, төрт бөлүнөт,
Алда кеткен кыялдар көңтөрүлөт.
Ак мрамор чулгаган алтын ордо,
Ак үй эмес, ал жерден өрт көрүнөт.


ЖЫЛДЫЗБЕК ТУРСУНБАЕВ
Жашы – 28де
Үй-бүлөлүк абалы – Бир уулдун атасы
Жарык көргөн китептери – Жок
Сыйлыктары – “Чыңгыз Айтматов” фонду уюштурган Дебют 1-жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү
Учурда – “Манас FМ” радиосунyн диктору

Ак үйдүн арманы
Мен Ак үймүн, дартым ичке жыйылган,
Менменсинбейм, туум көктө жыгылган.
Турган элем хан-бектерге чеп болуп,
Турдакундун заманында курулган.

Айланам бүт бак-даракка чулганып,
Ак мрамор таза, тыкан, нур жанып,
Сүрөт тартып чет элдиктер жанымда,
Сүйлөшчү эле келбетиме суктанып,

Эки ажо тең аткарбастан талапты,
Эл мүңкүрөп, муңу күчөп баратты.
Эзилгендер жасап кандуу төңкөрүш,
Эки жолу мени келип талашты.

Так төбөмө чарк дей түшүп чагылган,
Туш-тушумдан оттор чыкты жагылган,
Тирүү жандай эч ким мени аябай.
Түндүк түшүп, талкаланды кабыргам.

Эстей келсем дале жүрөк ачышат,
Эптеп оңдоп колдонушуп жатышат.
Эзелкилер душман менен кармашса,
Эмкилериң мага келип басышат.


КАЛЫСТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Меңди Мамазаирова, акын, жазуучу. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери:
– Төрт ырдан тең жакшы табылга көрө алган жокмун. Ак үйдүн сүрөттөлүшү менен кыргыздын тагдырын бириктирген бир көпүрө жок. Чыныгы патриоттук сезим, күйүп- жануу анчалык байкалбайт. Техникалык жактан да айрым мүчүлүштөр бар. Ошого карабай мен өз добушумду Жылдызбек деген жигитке бердим. Анткени ал ойду толук түшүндүрүп, окурманды ойго салган, түйшөлткөн нерсени бере алган. Башка акындардын да саптары жакшы деген баага татыйт, бирок…

Жыпар Исабаева, акын:
– Мага Венера деген кыздын эки сап ыры өзгөчө ынандырды. Менимче, таамай салыштыруу. Сүрөттөгү аял менен “Коргоп өзүн кожолор качкан кезде, Калкан болду эненин эт жүрөгү” деген саптар өтө окшошуп турат. Башка саптардагы кемчиликтерди ушул эки сап жаап кеткен. Ошондуктан мен Венеранын ырын жакшы деп бааладым. Бирок мени Кубанычтын ырындагы ойлор жаңычылдыгы менен өзүнө тартты. Учурда чын эле элдин санаасы тынбай турбайбы. Ошондуктан Кубанычты жеңүүчү деп атадым.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо», №422 3-9-декабрь, 2010-жыл.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.