Шамшыбек Өтөбаев кайталангыс талант эле

Арабыздан эрте өтүп кеткен таланттуу ырчы, обончу, мамлекеттик ишмер Шамшыбек ага алтымыш жашка чыкпай арабыздан эрте өтүп кеткен. Ташкындаган таланты, боюна сиңирген жөнөкөйлүгү менен айырмаланган агабыз 11-декабрь күнү элүү тогуз жашка чыкмак. Агайды бул сапар элге билим берүүнүн отличниги, эл агартуунун ардак громматасынын ээси Калила эже менен эскерип отурдук.

Шамшыбек аганы өнөрлүү адам катары билебиз, жакын адамы катары ал адам жөнүндө эмнелерди айтып бере аласыз?
Шамшыбек өзү адамкерчиликтүү, улуу-кичүүнү сыйлаган, кыргыз элинин каада-салт, үрп-адатын кармай билген, ар бир кыргыздын улуу инсандарынын тарыхына терең маани берген адам эле. Өзү төрөлө электеги адамдар жөнүндө жазып кеткен. Көркөм адабиятты көп окуп, үйдөгү китептерин аздектеген жан болчу. Бирөө жардам сурап келсе эч убакта жок дегенди билчү эмес, жардам эле берсем деп тураар эле. Анан дагы бир баса белгилей кетчү нерсе-абдан камкор ата, күйүмдүү жар болчу. Ата-энесин абдан сыйлачу. Бала кезимде көп кыйынчылыкты баштан өткөрдүм, балдарым мен көргөн кыйынчылыкты көрбөсө экен деп көп айтаар эле. Балдарын Москвадан, Турциядан, Казакстандан окутуп, келечегине абдан кам көрдү.

Агайды канча жашынан бери билесиз?
Мен жубайы Сабиранын бир тууган таежеси болом, экөө үйлөнгөндө менин колуман алып кеткен. Мен Шамшыбекти күйөө бала эмес бир тууганымдай көрөөр элем. Качан болбосун төрдөн орун берип сыйлап турчу. Өзү да меймандос, үйүнө конок чакырганды абдан жакшы көрөөр эле. Достору, катышкан адамдары көп болчу, коноктору менен ырдап, илгеркиден улай кеп салышып,тамашалаша жадырап отурганды жактырчу. Мейман келгенде балдарынын саламдашып тосуп алып, колдоруна суу куюп бергенин жакшы көрчү, шаарда төрөлүп-өссө да балдарын нукура кыргызча тарбиялады.

Күйөө бала катары алгач сиздин сыныңыздан өткөн турбайбы?
Сабира “Бир жигит бар, ичпейт, чекпейт” дегенинен сыртынан карап көрсөм жакшы бала өңдөнөт, бактың ушул адамда көрүнөт деп макул болгом. Жаңылбаптырбыз, Шамшыбек көптөгөн жакшы сапаттардын, чоң үй-бүлөнүн ээси болду. “Назик”, “Наристе”, “Асем” аттуу эстрадалык топторду ачып чет өлкөлөргө чейин чыгып келди. Мукам, мааниси терең ыр-обондорду жаратты. Бир эле учурда чыгармачылыгын да, кызматын да, үй-бүлөсүн да бирдей алып кете алган адамдар чанда кезигет, Шамшыбек ошолордун бири болгон.

Агайдын балалыгы кайсы жерде өткөн?
– Балалыгы Шың-Сайда өткөн, туулган жеринин сулуулугун сүрөттөп берүүдөн тажачу эмес. Ал жерде мектеп жок болгондуктан таекелеринин үйүнө жатып окуптур. Дем алыш күндөрү ата-энесин карай жөнөчү экен, бир жолу баратканында алдынан карышкыр чыгып калыптыр. Жылсам эле тиш салганы турат дейт, апкаарып үн чыгара албай жара тартса да көзүм көзүм көрбөсүн жерге отура калып көзүн бекем жумуп, бетин алаканы менен басып алган экен, канча отурганын ким билсин бир убакта көзүмдү ачсам карышкыр жок экен дейт. Балалыгында Шың-Сайга баратып бир топ окуяларга туш болуптур. Кийин чоңоюп интернатта окуп калганында кыштын күнү жолго чыгып ата-энесине жеткиче караңгы кирип, бир жагынан кычыраган кыш, айлананы каптаган туман арасында калат. Калчылдап үшүп, сөөгү какшайт. Карышкырга жем болбоюн деп түн кирип кеткенде бир бактын үстүнө чыгып алып отуруп таңында жол улайын десе буту кыймылдабайт. Бутуман айрылган турбайымбы деп ойлоп улуулардан укканы боюнча кар менен сүрсө бир аз кыймыл киргенсийт. Курсагы ач, каш-кирпигине муз тоңгонуна карабай суукка туруштук берип жолун улап, улам бир дем алган жерине “Ачка болдум. Үшүдүм. Шамшыбек” деп жазып кете берет. Калчылдап муз болуп тоңгон баласын апасы көрүп ыйлап тосуп алган экен. Анын жолду катар жазгандарын таекеси ат менен келе жатып окуп ит-кушка жем болуп калган жокпу деп атын чаап келиптир, ошол учурда Шамшыбек жаңы гана үйгө кирген экен. Бул анын бала кезиндеги башынан өткөн окуяларынын үзүмдөрү гана, өзү айтып берип отурса көз алдыңа ошол окуя тартылып өзүң кошо аралашып жүргөндөй сезим калтырчу.

Чыгармачылыгына кайрылсак, агайдын өзүнүн кесиби башка болсо керек эле, анан кандайча ырдап, алгачкы эстрадалык топторду түзүп калган?
Бул ага кудайдын табиятынан берген таланты болсо керек. Өзү кесиби боюнча курулушчу, политехникалык институтту аяктаган, андан кийин башка өлкөгө барып да окуп келди. Окуу жайдан хорго катышып, ошол учурда эстрада жаңы пайда болуп жаткандыктан өзү окуган окуу жайдагы таланттуу балдарды чогултуп топ түзгөн. Ал кезде азыркыдай каалаган музыкалык аппаратты табуу кайда, өжөрлөнүп жүрүп максатына жеткен. Чыгармачылык деп кесибин таштаган жок, кесибим деп чыгармачылыгын унутта калтырбады. Ал тургай тарыхка кызыгып китеп жазып, өзү жөнүндө жазылган китебин бүтүрүп, басмага акчасынан өйдө төгүп коюп өзү көрбөй кетти.

Агай күтүлбөстөн эле көз жумуп кете бербедиби, учурунда дарыгерлер жакшы карабай коюптур деген да кептер чыкты эле?
Аны айта албайбыз, маңдайыбызда жаркырап турган жылдызыбыз өчкөндө баарыбыз эле өзүбүздү жоготуп койдук. Капельница алып жүргөн, ошондон кетип калды. Бул да маңдайына жазылганы экен, ичибиз ачышып, ордун жоктогонубуз менен кайрып келе албайт экенбиз. Дегеле аны түбөлүк жоготууга ыраа көрбөй турган керемет адам эле да.

Канча баласы бар, агайдын чыгармачылыгын улачулары барбы?
Бир кыз, беш эркек. Балдары ата тарбиясын көргөн элпек, жөнөкөй, илим-билимдүү. Атасы аларга ар дайым “колуңардан келсе бирөөгө жардам берүүдөн баш тартпагыла” деп көп айтчу. Ал эми чыгармачылыгы боюнча эки баласын бир аз ырдатып көрдү окшойт, бирок алардын башка кесипти тандоосун туура көрдү өңдөнөт. Медер деген уулунан бир нерсе чыгат деп калаар эле. Балдар жаш, баары алдыда. Неберелерин да жанындай көрчү. Талант уланат дейт, балким неберелеринен чыгаар.

Мен деп алдыга жүгүрбөгөн мүнөзү бар деп айтышчу эле?
Ошондой мүнөзү бар үчүн өзү окуткан окуучулары наамга жетип жүрбөдүбү, эл бааласын дечү.

Таланттын көзү өткөн соң ага экинчи өмүр улаган чыгармалыры болот эмеспи, агайдын ырларын сураган ырчыларга берип, эскерип турасыңарбы?
Үй-бүлөдө ар бир баласынын, жубайынын жүрөгүндө дайыма жашайт, ал эми элде жүзү унутулбай жүрүшү үчүн чуркаш керек экен. Чын дилинен эстеп, мындай адам эле деген кесиптештери, достору да жок эмес, бирок атасынын атын унуткарбоого балдары аракет жасап жатышат. Ал эми ырдайм деген ырчыларга ырларын бериште, эч качан баш тартышпайт. Эстелигин тургузуп ашын беришти. Менимче Шамшыбек унутула турган адам эмес, буйруса атын берүү жөнүндө да аракеттер бар.

Айзада Көчкөнбаева, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.