Алыкул-Шекспир 3:5

Элден чыккан нукура таланты менен Король Лирдин ролун Лондондо аткарып, дүйнөлүк театр сахнасын дүңгүрөткөн Муратбек Рыскуловду Шекспирдин шедеврлери менен таанышууга жол ачкан Алыкул Осмонов болгондугун көпчүлүк биле бербес…

– Ээ, Сакиш айланайын, Алыкул Шекспир, Отелло деп көп нерсени айтты. Алар кимдер ыя? Көңүлүн улап эле баш ийкей бергеним менен сөз төркүнүнө түшүнбөдүм- деп жубайы Сабира Күмүшалиевадан кеп-кеңеш сураган актер, көп өтпөй Отеллонун трагедиясын кыргыз сахнасына алып чыкканы чоң маданий жаңылыкка айланган.

Көрсө, Алыкул “Курманбек” спектаклинде башкы ролду ойногон актердун ички дараметине ишенип, Шекспирдин “Отеллосун” атайын М. Рыскулов үчүн которгон экен.

Тилекке каршы, акын өз котормосундагы оюндун алгачкы коюлушун көргөн менен атайын ачылышына жетпей, дүйнөдөн мезгилсиз каза табат.

Бул окуя 1950-жылдын ызгаардуу декабрь айынын 12-күнү болгон.

Ошол күндөн бери арадан мына быйыл алтымыш жыл өттү.

Вильям Шекспирдин өмүрү, чыгармачылыгы жана дүйнөлүк адабият менен искусстводогу ээлеген орду, маани-маңызы жөнүндөгү маалыматтарга таянсак, анын беш үйү музейге эле эмес, өзүнчө бир адабий-илимий изилдөө институттар тутумуна айланып, ааламга Шекпир таануунун шооласын чачып турганы өзүнчө руханий үлгү эмеспи…

А биздеги… Дүйнөлүк деңгээлди койдук, Алыкулдун Каптал-Арык, Бишкек, Чолпон-Атадагы музейлери жаңы деңгээлге көтөрүлүү тилкесине кире албай, тайсалдап турган шартта. Дагы шүгүр акындын төрөлгөн, торолгон жана чыгармачылыгы чыңалган жерлеринде үй-музейлери түптөлүп калганы. Ушундан улам да эсептин 3-5 болуп турганына тобо дейлик.

Буйруса, мамлекет маданият министрлиги аркылуу колдосо, демөөрчүлөрдүн жаңы мууну чыкса, Алыкул таанууну деле ааламдык деңгээлге көтөрүүгө неге болбосун…

Жолборс терисин күбө жедиби
Быйылкы жоболоңдуу жолборс жылында А. Осмоновго үч дата байланыштуу болду. Акындын төрөлгөнүнө 95 жыл (1915); каза тапканына (1950) 60 жыл жана атактуу котормосунун алгачкы басылышына (1940) 70 жыл.

“Жолборс терисин кийген баатырды” мындан 6-7 жыл мурда кайсы бир фонд чыгаруу аракетин иш жүзүнө ашыралбай калганда “Бийиктик” басмасынын жетекчилиги бизге кайрылган эле. Ошондо акын агабыз, басма ишинин ардагери Байтемир Асаналиевдин: “ай Памирбек, Алыкул деп кыйладан бери жүгүрүп жүргөнүңө рахмат. А бирок анык күйгөн болсоң, ошол “Жолборс теричен баатырдын” алгачкы жана кийинки басылыштарын салыштырып көрчү, көп нерсени табасың”, -деген кеңеши боюнча редакторлук ишти жасоого туура келди.

Чынында эле Алыкулдун котормо-чыгармасынын түп нускасы саналган 1940-жылдагы китеби кийинки басылыштарында ойго келбес оңдоолорго, кыскартууларга жана ашынган атеисттик чектөөлөргө учураптыр. Алардын айрымдары боюнча акын жана котормочу агабыз Эрнис Турсунов менен да кеңешүүгө туура келди.

Ошентип, басмага тапшырылгандан бери беш жыл өтүп, жолборс териңди күбө жеп бүтүрөт го, качан окуйбуз? -деп айрым тапандангандарга: -Каржылоо жагынан жардамдашсаңар китеп чыкмак, жолборс териси жалтылдайт эле дегениме лам дешпейт же колунда барлары деле билмексен, “жардам беребиз” дегендери да убадаларын убара кыла унуткан.

Чын эле компьютердеги текст техникалык жактан эскирип же өчүп калабы, спонсор табылабы, быйыл жарык көрсө деп жүргөндө, “Бийиктик” басмасынын башчысы Кадыров Жумадин иним кубанычтуу жана сырдуу кабар айтты.

Сыр дегеним -демөөрчүлүк көргөзгөн кыргыз жигити өз аты-жөнүн китепке ачык жаздыртпастан: “Алыкул талантына таазим эткен жалпы күйөрмандарынын атынан” дегенди гана өтүнүптүр.

Ошентип, кол жазманы кайра бир сыйра окуп, сүрөттөрүн толуктоо, мукабасын жасалгалоо жана “Шотанын шооласы” макаласын жазуу менен “Жолборс терисин кийген баатыр” жетинчи ирет басылууга тапшырылды. Атын белгисиз калтырган Алыкулдун анык күйөрманына рахмат!

Буйруса, жаңы 2011-жыл урматына окурмандар бул китепти бири-бирине белек катары татуулашып, жаңы төрөлгөн наристелерге баш каармандардын ысымдары коюла баштаса Алыкул өзү: “жыл айланбай айыл-апада төрөлгөндөргө -тариэл, Автандил, Нестан, Тинатин, Асмат, Нурадин деген ысымдар коюла баштаганын байкап, өзүнчө кубанып калдым” деп жазганындай биз дагы сүйүнүп, жагымдуу жагдайдын маңдай жаркыратчу руханий лаззатына тунарбыз. Мындан ашкан рахат, байлык болорбу.

Алыкул жана Айтматов
Ушул эки залкар инсандын тагдырларын бир учукка байлаган күн 12-декабрь. Бири бул дүйнөдөн өтсө экинчиси анын ордун жоктотпоо үчүн ушул күнү жарыкка келгендей жышаан берет.

– Алыкулга тургузулбаган эстеликти кимге тургузмак элек? -деген оюн “Фудзиямадагы кадыр түн” спектаклиндеги каарманы аркылуу айттырып, анын тегерегиндеги маселелерге көңүл бөлүп жүргөн Чынгыз Айтматов 2008-жылы күзгө маал акындын Бишкектеги үй-музейине келсем деген ниети бардыгын “Сильва” борборунан айтышкан.

Өзү учурунда буямасы келбей, убагы жетпей жүргөн көп иштеринин бирөөнү колдон келишинче башкалар бүтүрүп жаткандыгын көрсө, акылын айтса деген кыязда жүрдүк. Бирок, ойдо жок окуяны онунчу июнда угуп, өлбөстөй туюлган Чыкебиздин тууру бош калганына каңырыгыбыз түтөп, опол тоо ордунан жылгандай боштукка кептелдик… Өзүнө, элине тургузуп кеткен сөз мунарына таазим этүүдөн, арбагы ыраазы болорлук иш жасоодон башка аргабыз жоктугуна баш ийүүдөн бөлөк эмне бар!?

Жаштар саясатынын коомдук маанилүү демилгелерин өркүндөтүүдөгү өзгөчө салымы жана аларды ишке ашыруудагы жигердүү алдыңкы жаш атуул номинациясы боюнча Шоморов Сыргак Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун мурастарын сактоогодогу иши үчүн Президент Р. Отунбаева кол койгон Кыргыз Республикасынын Ч.Т. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреатынын Алтын диплому менен 2010-жылы 10-ноябрда сыйланды.

Мына ушундай асыл максат, агадил аракеттери эриш-аркак “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин он жылдык мээнети дал ошол Чынгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына татыктуу болгону эки залкардын руханий сүрөөсүндөй туюлат.

Бирикменин алгачкы күндөн берки эң жаш мүчөсү гана эмес, анын бардык чарба иштеринин дилгир көмөктөшү, экспонат топтоо, жыйноо жана башка иштеринин уюштуруучусу же азыркычы алганда менеджери (мээнеткечи десе жарашчудай) Шоморов Сыргакка Айтматов сыйлыгынын ыйгарылышы Алыкул күйөрмандарынын жалпы сыймыгы экендиги ырас эмеспи.

Буга шыктанган бирикме жамааты дагы жаңы багыттарды көздөө менен Алыкултаануунун аброюн мүлдө журттун, колдоосунда дагы жогору көтөрүүнү улуттук маданияттын ар-намысы, кадыры жана эл аралык ариети деп түшүнөт.

Памирбек Казыбаев, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси,
«Кыргыз руху»
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.