Аксуубай Атабаев: “Менин үч “Арманым” бар…”

Кыргыз музыка дүйнөсүндө үркөр жылдыздай бир учурда келип, ырчылык, обончулук өнөрүбүздү кылымдардын сересине жетерлик деңгээлге көтөрүп кеткен таланттар саналуу гана. Булар 30-40-жылдары келген Атай, Муса, Калмурат, Бектемир, Шекербек. Ал эми 60-80-жылдарда Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Аксуубай Атабаев, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев ж.б. келишти. Бул салт дагы эле уланууда. Бүгүнкү чыгып жаткан обончу-аткаруучуларды жылдыздай жыбырап кетти деп канчалык жерибейли, арасында татыктуулары жок эмес. Мындай муундар байланышы болмоюн музыкалык көрөңгөбүз көбөйбөйт. Эң негизгиси, баарына мезгил калыс, мезгил элек. Ушул элдин элегинен, убакыт сыноосунан өткөн чыгармалар гана улуттун сыймыгы катары андан ары өмүр улайт. Азыр биз кеп кыла турган 67 жаштын кырындагы Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу-композитор, айтылуу Аксуубай АТАБАЕВ агабыздын айрым ырлары (“Чагылган”, “Он сегиз жаш”, “Тоолор” ж.б.) элүү жылдан бери ырдалып келе жатса да эл тажай элек. Тескерисинче, күн өткөн сайын бул ырлардын маани-мазмуну, эстетикалык, тарбиялык тереңдиги артып барат. Кызыгы, кыргыз кыйыры менен ырдап жүрсө да автор өзү бул ырларга бир чыгып калды эле дегендей мамиле жасап, жаңы ырларымды эмнеге айтышпайт деген ойдо экен.

– Аксуубай ага, сиздин обондоруңуздан айрым обончуларга тиешелүү кандайдыр бир жалпы окшоштукту табалбайбыз. Мунун себеби эмнеде?
Биздин Ак-Суунун (район) Ак-Булуң айылынан кадимки Ыбырай Туманов деген комузчу чыккан. Ыбырай кара күүнүн алпы, улуу комузчу болгон. Бул кишинин күүлөрү бири-бирине окшошпойт. Кайрыктары башка күүлөрүндө кайталанбайт. Анан калса Ыбырай күүгө салбаган кыргыздын турмушу, керемет жаратылышы, тарыхы, муң-кайгысы, арманы, кубанычы калбаса керек. Кыргыз музыкасында мындай диапозону кенен, өтө масштабдуу музыканттар аз. Ошондой эле бизден Канымгүл Досмамбетова деген кыргыздын дагы бир булбулу чыккан. Мен булардын үчүнчүсү болуп калдым окшойт. Мектебибиз, салтыбыз ушундай болгон соң, менин дагы ар бир жараткан чыгармам бири-бирине окшошпой, өзүнчө өң-түстө болушун каалайм. Ошого аракеттенем. Ал эми өзүн-өзү кайталап калсаң, көрөңгөңдүн бүткөнү ошол дей бер.

Сиз чыгармачылыктын туу чокусуна жеттим, берчүмдү берип бүттүм деп ойлойсузбу?
Мен көп эмгектенем. Күнү-түнү ойлонуп жүрөм. Чыгармаларымды жан этимди жеп жатып жаратам. Баш-аягы 200дөн ашык обон жаратыптырмын. Ошонун ичинен жыйырмасы же отузу элге жеткендир. Калгандары турат. Акын болобу, обончу болобу, чыгаргандарынын баары эле элге жете бербейт. Айрым жакшы ырды, жарылып чыккан обонду түшүнүү үчүн мезгил да талап кылынат. Бирок ар бир эле акын, обончу чыгармам элге жетсе деп тилейт эмеспи. Мага көп эле акындар ырын алып келет. Алып тигиндей ыргытып коем. Бир килейген китептен бир сабы эле жагып калса, ага канат байлап учуруп обон чыгарам. Менин обондорум татаал. Татаалдыгы адамды ойлондурса дейм, бул обонду эмне үчүн чыгарды экен десе дейм. Адамдарга жашоону сүй, өмүрдү баала, артыңа из калтыр дегенди айткым келет. Демек, ар бир обондун ар жагында жаралыш себептери, көксөө, максат жатат. Эң негизгиси, мен дагы эле изденүүдөмүн. Буюрса, ишимди өткөрүп берип, чыгармачылыкка билек түрө киришейин деп жатам. Жүрөгүмдө кайнап, жай турмушта кол жетпей, жаныма тынчтык бербей жүргөн чыгармалар толтура. Ошол жаратылчу чыгармаларымда өзүмдү өзүм кайталабай, Аксуубай боюнча калгым келет.

Сиздин ырларыңызды, айталы “Он сегиз жашты” Зейнеп Шакеева, “Эне жөнүндө балладаны” Эрмек Мойдунов, Болот Миңжылкыев элге жеткиришти окшойт. Ушундан улам жакшы обондун багын мыкты ырчы ачабы деген суроону бергим келип турат.
“Он сегиз жашты” 22-23 жашымда чыгарган экенмин. Мен мактанганды да, мени мактаганды да жаман көрөм. Ошол жашымда эмне үчүн өмүр өтүп жатат деген ойдо болгомунбу, айтор, жаралып калды. Ырдалып жүрөт. Азыр да ырдап жатышат. Бирок баарынан мага жакканы Зейнеп Шакееванын аткарганы. Ал эми обондун багын ырчы ачабы деген мындай, чыгармачылык көп процесстерди камтыган көрүнүш. Обон жаратканда мен кимге аткартам деп ойлоно баштайм. Бирок менин ырларымды ийине жеткире ырдап чыккан ырчы чыга элек. Ырас, даңазалуу Болот Миңжылкыев да ырдап кетти. Ошол эле учурда Эрмек Мойдунов да мыкты ырдап чыкты.

– Аксуубай ага, сиз мактаганды жаман көрөм деп жатасыз. Ошондой болсо да көзүңүзчө мактагандык болбосун, бирок “Жашагым келет жашагым” деген классикалык обонуңуз бар. Ушул ойлонтуп-толгонткон, жашоого үндөгөн ырдын төркүн-төсүн билмейин үйүңүздөн кубаласаңыз да чыкпайм го.
Бул ырдын сөзүн Барктабас Абакиров жазган. Ошол кишини эки-үч ай “момундай жаз” деп кыйнап отуруп жараттым эле. Өмүр, жашоо кандай керемет, кандай кымбат дегенди айтайын дедим эле. Мен Жалил Садыков, Жалил Абдыкадыров, Сооронбай Жусуев, Анатай Өмүрканов, Кемел Бакашов деген чоң акындар менен иштештим. Далай залкарларды көрдүм. Таалим тарбиясын алдым. Обон сөздү ээрчийт. Мен адегенде обонун жаратып алып, анан ага ылайык сөз издейм.

Эми “Эне жөнүндө баллада” деген ырыңызга келели. Бу дүйнөдө энеден ыйык эч нерсе жок. Ушул түбөлүктүү темага кандайча кайрылып калдыңыз?
Ар бир адамдын энеси бар. Атам өмүрү ырдабаган киши эле. Энем Жийдеке ырчы, кошокчу болгон. Бул обондо энени даңктагым келген. Белгилүү болгондой, Болоттон кийин бул ырды он бештей киши ырдады. Алгач Эрмек Мойдунов ырдап чыккан. Калыстыгымды айтсам, бул ырды аткарган ар бир ырчынын өзүнүн бийиктиги болду окшойт. Ал эми Болот Миңжылкыев менин эки ырымды (“Эне жөнүндө баллада”, “Кыргыз жери”) Нью-Йорктогу дүйнөгө белгилүү Метрополитен театрында ырдап келдим деп көңүлүмдү көтөргөн.

Дагы бир кулактан кирип бойду алган “Тоолор” аттуу ырыңыз бар. Бүтүндөй бир муундар ушул ырыңыздын таасири астында өстү. Азыркы күндө деле бул ырдын деңгээлиндей ырлар аз…
Эми обончу болгондон кийин кыргыздын тоолорун, керемет жаратылышын, суу-ташын ырдабаганда, догурунуп келип алып ар бир ырым боюнча отчет сурап отурган сени ырдамак белем. (Аксуубай ага бир кыйла ачууланып алды. Табым жок дегенине карабай журналисттик өлөрмандыгымды артып барып алганым чын эле.) Бу, жазмакерлер эки-үч ырга эле жармашып аласыңар да. Андан кийинки жазылган чыгармаларыма деле кызыгып койбойсуңарбы. Ошол ырларымды коюп берейин ук десем укпай, минтип сүйлөп бер деп коколоп жатпайсыңбы. Адамдын жандүйнөсүн эңшерген, аттиң деп чимирилип кеткен “Жамгырды” ж.б.ларды эмне үчүн сурабайсыңар. Бул менин сөзүм эмес, уккан адамдардын, музыканы түшүнгөндөрдүн сөзү. Ал эми тоо деген тоо. Ага да тоодой мамиле керек. Ар бир кыргыз жүрөгүндө тоолорду ырдайт. Ар бир кыргыз тоолорду өзүнчө көрөт. “Тоолор” обону бул менин көргөнүм жана ага деген сезим-туюмдарым. Тоо менен кыргызды кантип бөлөсүң. Башка эмне дейин. Ал эми ырдын автору Абзий Кыдыров эле. Бул чоң акын болчу. Кийин бааланып калды.

Аксуубай ага, капалантсам кечирип коюңуз. Түбөлүктүү чыгармалар кимди болбосун ар дайым кызыктырат эмеспи. Кыргыз маданиятында бир эле күүсү же ыры менен тарыхта калган таланттар деле бар. Дүйнөлүк маданиятта деле ушул көрүнүш. Эми сиз кийинки жараткан чыгармаларга келсек, арман темасы арбын. Анчалык арманды обонго салышыңызга эмне себеп?
Жалил Абдыкадыров (театр режиссеру) деген залкар талант көзү өтөөрдө “Арман дүйнө, жалган дүйнө” деген ырын жазып, Аксуубайга берип койгула деп айтып кетиптир. Ал ырда мындай өксүү бар:
Адамдан наадандар көп чыгат тура,
Арамдык дайым өсүп, өнөт тура.
Тажатты бул дүйнөнүн куу-шумдугу,
Бири өлүп, бири шапар тебет тура.
Ушул ырга обон чыгардым. Ал эми Эсенгул Ибраевдин, Сооронбай Жусуевдин да “Арман” деген мыкты ырлары бар. Алар да атайы мага сунуш кылышкан. Ошентип, менин үч “Арманым” бар. Ал эми ички арманымды албетте сага айтпайм.

Дагы эле сиздин чыгармала-рыңызга келсек, “Махабатым” деген оттой күйүп, чоктой түтөп ырдаган ырыңыз бар. Бирок жеке баамымда сүйүү темасына аз кайрылгандай туюласыз. Сиз эмне, күйгөн-сүйгөндөн алыс болгонсузбу?
Сүйүүдө башыңдан, жүрөгүң-дөн өтмөйүнчө жыргатып эч нерсе жарата албайсың. Андыктан бул темага өтө салкын кандуулук менен мамиле кылам. Жөн эле күйүп-быша бергендин да чеги болот. Анүстүнө минтип төрт баланын, неберелердин атасы болуп калгандан кийин ушул өңүттөгү сөздү жөн эле коелу. Кыргызда ар ким өз курагына жараша кеп кылат. Кийин-соңу да кимдир бирөөгө суроо берериңде ушуну эсиңе алып жүр.

Акыркы суроом болсун. Улуу муун катары азыркы кыргыз музыкасынын деңгээлине кандай карайсыз?
Кыргыз элим өссүн. Өнөрү өркүндөсүн. Бирок өнөр кимдир бирөө айткандай, бурап койсоң өчүп кала турган лампочкадай болгон жасалма жылдыздарды жактырбайт. Жеңил мамилени, жалган атакты сүйбөйт. Жеңилдин топурагы да жеңил. Бир күнү шамалга кеткен камгактай дайын-дареги табылбай калат. Азыркы кыргыз обон дүйнөсүнүн жалган жылдыздары ушуну эске алышса.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.