«Манастаануу» окуу китеби жарыкка чыкты

Жаңы жыл алдында жогорку окуу жайлары үчүн өзүнчө жаңылык деп айтаарлык,саамалык болду. ЖОЖдордун студенттери үчүн көптөн күткөн “Манастаануу” окуу китеби жарыкка чыкты. Жогорку окуу жайларына “Манастаануу” сабагы киргизилип, бирок студенттер аталган сабакты окуу китебисиз окуп жатышкан. “Манастаануу” боюнча студенттердин курч муктаждыгына жооп берип, окуу китебин белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиев жазып берип отурат. Илимпоздун патриоттук демилгесине рахмат айтпай коё албайбыз.

Бул окуу китеби Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен жарык көрдү жана ал жогорку окуу жайлар үчүн министрлик бекиткен программа менен жазылган. Окуу китебинде “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушунда алган тарыхый орду жана анын бүгүнкү күндөгү мааниси, улуу эпопеянын эл оозунан жыйналуу тарыхы, китеп болуп басылуу таржымалы, улуу манасчылар, эпостун рухий-адептик, патриоттук дөөлөттөрү, дүйнөлүк гениалдуу дастандын Кыргызстандын жана дүйнө өлкөлөрүнүн окумуштуулары, манастаануучулары тарабынан изилдениши жана алардын теңдеши жок классика тууралу айткан орошон ойлору жөнүндө кеңири фактылык материалдардын негизинде баяндалат. Окуу китебинде “Манастын” сюжетинин кара сөз түрүндө кыска баяндалышы да берилген. Окуу китебинин кол жазмасы Улуттук илимдер академиясынын “Манас” бөлүмүндө талкууланып, жактырылып, Билим берүү жана илим министрлигинин методикалык комиссиясы тарабынан эксперттен өтүп, басмага сунуш кылынган.

“Манастаануу” окуу китебин алууну каалагандар Кыргыз билим берүү академиясынан келишимдик баада сатып алышса болот.

Такабай Асанакунов, Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.