Өз өлүмүн күтүп жашаган акындар. Кагазга оролгон табият мыйзамы. Күбөсү күбүлгөн жолборс териси.

Быйыл алп акын Алыкул Осмоновдун 95 жылдык мааракеси. Бирок ал мамлекеттик деңгээлде белгиленбей калды. Ушул күнгө карата алыкулчу Памирбек Казыбаевдин багыттоосу менен акындын архивдик материалдарын, ал тууралуу жазылган эскерүүлөрдү карап отуруп Алыкул өз элине акын катары эле эмес, баскан жолу, адамдык бийик касиеттери, атуулдук позициясы да үлгү инсан экенине толук ишендим. Ар бир кыргыз өз ишине (акын ырга, саясатчы саясатка, президент элге, соодагер кардарына ) калп айтпай жашаса, мекенин сүйүп, “сен ооруба мен ооруюн…” деп чын дилинен жалбарып турса, ал анда бир берилген өмүрүн текке кетирбей, апасынын ак сүтүн актамак экен деген ойго келдим.

“Сен мива бак мөмөлөрү келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен..”
“Коштошуу” А.Осмонов

Кыргыз жазма адабияты түптөлгөн тээ союз учурунда ар бир жазмакердин кагазга чиймелегени, баскан-турганы, сүйлөгөнү, дегеле бардыгы компартиянын көзөмөлүндө болуп келгени маалым. Бирок жогорудагы саптар акын чындап эле ырына бир мерте да калп айтпаганын кабарлайт. Саптардын арт жагына катылган ойго, ырдын түпкүрүнө көз салып көрсөк, анда толуп – болуп турган жигиттик курактын табиятына ылайык келген аял-эркек маселеси бар. Албетте, бул жаратылыштын улуу мыйзам ченеми. Кантип эле алты саны аман эр киши кызылы кызыл, агы ак болуп, өзү айткандай мөмөдөй бышып турган аялзатын ооз тийгиси келбесин. Мындайда моралыңдын мааниси не? Эмне, ошончо жалындуу ырларды жазган Алыкул биринчи сүйгөн кызы Айдай, кийинки келинчеги Зейнеп менен эле чектелип калмак беле? Бирок учурунда эзилтип, элжиретип ийген “жылдыздуу мүнөттөрдүн” баары эле сүйүү болуп бербейт тура. Андыктан кайран акын “Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден, сүйүү деген сүзүп өтүү деңизден” деп махабаттын улуулугун даңазалап, ошол эле учурда баш бербеген кумарлуу сезимдерди компартияң түшүнбөгөндөй кылып кагазга ороп берип салгансыйт.

Баса, Жаш Гвардия бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде Алыкулдун үй музейи бар. Бул Алыкулдун үйү. Алыкул кармаган буюмдар, Алыкулдун китептери, сүрөттөрү сакталуу. Ошол үйдө атайын окурмандар пикирин билдирген китепче бар экен. Китепчеде Алыкулдун поэзиясын сүйүүчүлөрдүн түркүн ойлору, атактуу адамдардын жазган ой тамчылары сакталуу. Алардын арасынан бир кездерде Алыкулду сүйгөн Жамийла Сулайманова апанын жазган пикирин да таап алдык. Ал мындай: “Мен Алыкул жашаган сыйкырдуу үйгө бүгүн, 21-март Нооруз майрамы күнү келдим. Куран окудук. Оо бир кезде, 1949-жылдары келип конуп кетчүмүн. Андан бери далай суулар акты. Азыр болсо 75 жашка чыктым. Ошол кездеги энесиндей күйүмдүү орус кемпирге таңкалам жана ага ыраазымын.” деген Жамийла апа.

Сен эртең өлөрүңдү билсең эмне кылат элең?
Пушкинге жолуккан төлгөчү цыган аял: “Өмүрүң кыска болот. Дуэлге чыгып өлүмгө учурайсың” деп алдын ала айткан экен. Аны уккан акын дуэлден өлөрүнө чын дилинен ишенип, “эртең өлүп калчудай эмгек кылып”, сактангандын ордуна өзү Дантеске чейин эле бир нече адамды дуэлге чакырып, өлүм күтүп жүрүп не бир керемет поэзия ширесин белекке калтырып, акыры дуэлден каза табат. Дагы бир улуу акын Лермонтов жан туюму менен кырчын кезде кыйыларын билип, өлүм тууралуу ырларды көп жаратып, айтканындай эле өтө жаш кезинде жайрап калган. Сергей Есенин өзүнүн ырларында аны дайыма бир кара киши аңдып жүрөрүн айтып келип, кийин чындап эле 35 жаш курагында белгисиз себептер менен каза болгон. Есенинди кимдир бирөөлөр өлтүргөн деген версиялар бар.

Алыкул да өлүмдү күтүп жашаганын билебиз. Себеби “айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт” аны кыйнап турган. Ошол эле учурда Түгөлбай Сыдыкбеков да Алыкул жабыркаган дарт менен ооруп жүргөн. Бирок ал сакайып, балпайган карыя болуп, эл, журтуна ак батасын берип, элибиз эгемендикке жеткенде дүйнөдөн өттү. Албетте, ар ким буюруган өмүрүн жашайт, биздин бул жерде айтайын дегенибиз башка. Дегенибиз, үмүт эч качан үзүлбөш керек эле, бирок Алыкул “күлүмсүрөгөн шер боюнча…” жашоодон кетерин айтып койгон. Башкача айтканда, Ысык-Көлгө, ар кандай санаторияларга барып дарыланып жүрсө да айыгып кетерине ишенген эмес. Мындан улам ал чындап өлүмдү күтүп жашаган десек болот. Ооба, баарыбыздын эле барар жерибиз ошол жак. Бирок ар бир эле пенде бүгүн-эртең өлөрүн билип жашап жүрүп өлбөй турган эмгек кылып кете албайт. Тескерисинче, мен баары бир өлөм да, жанды ашыкча кыйнабай андан көрө ойноп-күлүп алайын деген арсыз ойго жетеленет.

Алыкулдун күндөлүгүнөн
Жаңы жыл келаткан күндөрдө акындын сүйгөнү менен мындан 73 жыл мурун келген жаңы жылды тоскону, андан аркы күндөрү кызык көрүнөт экен…
“Биз – эки кыз, эки жигит, түнкү саат 12ни күттүк. Менин саатым мына 12. “Жаңы жылыңыздар менен” деп сүйүктүү карап, кол кармаштык. Анан мээримдүү, жумшак түндө чыгып, эң көңүлдүү сүйлөшүп бара жаттык. Ушул түн кандай сүйүктүү”.
(1-январь, 1937-жыл)

* * *
“Кубанычтуу жолугушуу кандай. Аны канчалык көп көрсөң, ошончолук сугуң артат. Ошончолук жүрөгүңдө от жалындап күйөт. Андан соң “Наталка Полтавканы” үч киши барып көрдүк. Көңүлдүү отурдук. Жолдо турмуш жөнүндө сүйлөштүк”.
(16-январь, 1937-жыл)

* * *
“Бул эң кызык түн эле. Мен эртең дем алганы кетем деген күн. Үйдө отурдук. Көңүл ачтык. Бир-эки сааттан кийин А. келди. Биз экөөбүздү калтырып кетишти. Биз күү уктук. Фокстрот бийледик. Анын, анын балалыгы ай! Чырак өчүп калды. Мен аркы үйдөн ширеңке апкелүүгө чыгып кайра келсем, А. жок. Ал керебеттин алдына жашынып калыптыр. Отурдук. Биринчи сүйүүнүн илеби канчалык, сүйүүнүн оту ошондой күчтүү. Бардык ырахат мына ошондо гана көз алдыңа элестейт. Биз түнкү саат 3-4төргө чейин отурдук. Анын да, менин да жүрөгүмдөн сүйүү кайтпады”.
(25-июль 1937-жыл)

“А. менен жолуктум. Сагынычтуу сөздөр көп эле”.
(25-июль 1937-жыл)
p.s. Күндөлүк П. Казыбаевдин “Мезгил жана Алыкул” деген китебинен алынды.

Алыкул менен Чыңгызга эстелик тургузуу кыял боюнча келатат
Айтматов менен Осмоновдун тагдырларын бир учукка байлаган күн – 12-декабрь. Ушул күнү эки залкардын бири бул дүйнөдөн өтсө, экинчиси анын ордун жоктотпоо үчүн жарыкка келгендей. Айтматов “Фудзиямадагы кадыр түн” спектаклиндеги каарманы аркылуу “Алыкулга тургузулбаган эстеликти кимге тургузмак элек?” деген оюн билдирген. Бул улуу жазуучунун тиешелүү жерлерге айткан тапшырмасы болчу. Андан бери көп мезгил өттү. Ушул убакка чейин Бишкекте акындын жарытылуу эстелиги тургузулган эмес. Улуттук китепкананын алдындагы мулуйган буту жок эстелиги акындын деңгээлин ачып бербейт. Мындан эки жыл мурун көзү өткөн, чыгармасы аркылуу Алыкулга эстелик тургузулбаганын сындаган Айматовдун өзүнүн азыркы абалы деле ошондой.

Орустар Сергей Есениндин эстелигин, башкасын айтпай эле коелу, акындын биринчи аялы төрөлгөн аймакка да коюшуптур. Есенин бул шаарга эки гана жолу: аялы менен үйлөнгөндө бир, ажырашканда бир гана ирет барган дешет. А.С.Пушкин Молдавияда бир кемпирдин үйүнө кайрылып өткөн экен, ошол жерге үй-музей курду деп басма сөздөн окуганым бар. Осмоновдун Ысык-Көл менен болгон байланышын баарыбыз жакшы билебиз. Бул аймакта деле акындын көрүнүктүү эстелиги жок. Негизи эле мамлекет Алыкулга акыркы ирет качан көңүл бурганын эстей албайбыз. Ошентсе да айрым азамат уул-кыздарыбыз өз демилгелери менен Алыкул Осмонов деген улуу атты кийинки муундарга өрнөк кылып калтырууга болгон аракеттерин жумшап келишет. Алардын арасында ысык-көлдүк Рита Борбукеева жана Бакыт Асанбаевди айтсак болот. Бул үй-бүлө өз каражаттары менен былтыр 12-декабрда Алыкулдун каза болгон күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында акындын үй-музейин ачкан.

Улуу акын өзү ооруп жүргөн мезгилде дартына дабаа издеп далай курорт, санаторийлерге, Ысык-Көлдүн ыйык жаратылышына барып жүргөнү белгилүү. Ошондой эле акын өзүнүн оорусуна бээнин сүтү менен кымызы, бийик тоолордун таза абасы дабаа болоор бекен деп Ат-Башынын атактуу Арпа жайлоосунун Коргон-Таш өрөөнүндөгү, ошол мезгилде Пограничник деп аталган колхоздун азыркы Казыбек айылынын чабаны Рахман атанын үйүндө бир нече жылдар бою дабаа издептир. Ал кишиникинде бээнин сүтүн, сары саамалын, кызгылт кымызын ичип дарыланган экен. Ошол эле учурда Рахман аксакалдын мүнөзүнөн, турмушунан алып “Рахмандын илими” аттуу чыгармасын жаратыптыр. Бул аймакта деле Алыкулдун эскерткичи турса ашыкча болбойт.

Буюрса, жолборс терисинин күбөсү күбүлүп жатат
Эгемендүүлүктүн оош-кыйыш заманы башталганы Алыкулдун эмгектери эстен чыгып, китептери кайрадан басылбай калды. Акындын китебин чыгарып, коомчулукка таратууну мурдагыдай жазуучулар союзу же китеп палатасы дегендер колуна алууга дарамети жетпегенине быйыл 20 жылга аяк басып отурат. Бирок жеке адамдар өз демилгелери менен акындын китептерин кайра бастырып жатканын айтпай кетүүгө болбойт. Мисалы, быйыл жеке ишкер Бактыбек Чалжановдун демөөрчүлүгү менен Алыкулдун 36 жылдан бери басыла элек “Көл толкуну” деген китеби кайра басылып жарыкка чыкты.

Ошондой эле жакында “Бийиктик” басмасынан “Жолборс терисин кийген баатырдын” түп нускасы кайра басылып, жарык көргөнү турат. Ал кол жазма бул басмаканада беш жылдан бери демөөрчү күтүп жаткан. Алыкулчу Памирбек Казыбаевдин айтуусу боюнча Алыкулдун котормо-чыгармасынын түп нускасы саналган 1940-жылдагы китеби кийинки басылыштарында ойго келбес оңдоолорго, кыскартууларга жана ашынган атеисттик чектөөлөргө учураптыр. Бул ирет жетинчи жолу жарыкка чыгып жаткан “Жолборс терисин кийген баатыр” котормонун түп нускасы. Атын белгисиз калтырып демөөрчү болуп жаткан Алыкулдун күйөрманынын айтуусуна караганда китеп буюрса, жаңы 2011-жылы окурмандардын колуна тийет.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.