Айыл таланттары Бишкекте өнөрлөрүн тартуулады

Бишкекте “Айыл таланттары-2010” республикалык биринчи фестиваль өтүп, ага 40 райондун өздүк көркөм чыгармачылыгынын өнөрпоздору катышты.

Өлкө өзүнчө эгемендүүлүктүн түтүнүн булаткандан бери алыскы аймактардан алгачкы жолу борбор калаада өнөрлөрүн көрсөтүшкөн таланттар маданият тармагынын абалы начарлап кеткенин билдиришти.

“Айыл таланттары” деген аталыштагы фестивалга алыскы Алай менен Баткенден, Чаткал менен Ак-Талаадан, Лейлек менен Ак-Суудан, Талас менен Өзгөндөн келген элдик өнөрпоздор кыргыздын фольклордук чыгармаларынан баштап, азыркы обондорду созушту.

Калыстар тобунун баамында, республиканын чар тарабынан келген райондук маданият бөлүмдөрүнүн фестивалга даярдыгы бири-биринен айырмаланып, программалры ар-түрдүү болгону менен Совет маалындагыдан деңгээли өтө төмөндөп кеткен.

Мисалы, Лейлек районунан келген элдик өнөрпоздордун тартуулаган концерттик программасынын начар даярдалганын белгилешкен калыстар тобу “жергиликтүү бийлик маданиятка такыр көңүл бурбай калган экен” деген бүтүмгө келишти.

Калыстар тобунун мүчөсү Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдуновдун пикиринде ушундай кыйын кезеңде айылдык таланттардын “алыстан ат арытып” Бишкекке келип, өнөрлөрүн көргөзгөнгө ыраазычылык билдирүү керек.

“Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бийлик маданиятка туура эмес саясат жүргүзгөндүктөн, элдин руханий дөөлөтүнө доо кетип, жан дүйнөсү жабыркап турган учур”,-дейт эл артисти.
– Негизи маданияттын деңгээли Кыргызстан боюнча начар. 20 жылдан бери оңолбоду. Себеби дегенде маданияттын башчысына профессионал кишини коюш керек. Министрликке театрды билген, классикалык музыканы түшүнгөн, симфониялык оркестр эмне экенин ажыратып, технологиясын билген адамды коюш керек. Ошондо айыл маданияты да өсөт, борбордогу маданият да өсөт. Ал эми таланттарды колдош үчүн акча каражаты керек. Маданиятсыз экономика өспөйт да. Качан ушуну түшүнөбүз? Бир депутат же бир чиновник маданиятты өнүктүрөлү деп качан чыркырап чыкты? Элдин руханий дөөлөтү жоголуп баратат. Руханий дөөлөт, касиет жоголгондо улут жоголорун тарых көрсөтпөдүбү.

Эрмек Мойдунов “генийлер айылда төрөлөт” дегендей, улуу таланттар да айылдан чыгарын белгилеп, жаңы өкмөт айыл маданиятын көтөрүү боюнча тез арада атайын программа иштеп чыгып, кечиктирбестен ишке ашыруу зарыл деп эсептейт.

Базар-Коргон, Аксы, Нарын жана башка дээрлик бардык райондун маданият кызматкерлери элди маданий жактан тейлөөгө транспорттору жоктугун, музыкалык аспаптарга, аппаратураларга, улуттук кийим-кечектерге муктаждыктарын айтышты. Китепканада иштеген кызматкердин айлыгы 1 миң 600 сом болсо, өнөрпоздордун айлыгы эки миң сомдун тегерегинде экен.

Тогуз-Торо райондук маданият үйүнүн директору Анаркүл Каргабаева айылдык маданият үйлөрүнүн абалы өтө начар экендигин, кадр жетишпегендигин, маданият тармагындагы көйгөйдүү чечүүгө жергиликтүү бийлик кызыкдар эместигин билдирди.
– Чынын айтканда 100 пайыз маданиятты өнүктүрөлү деп жергиликтүү айыл өкмөттөрүнөн, мекеме жетекчилеринен эч бир сунуш түшкөн жок. Өздөрүнүн иш-чарасы болуп калса өткөрүп бергиле деп келишет. Салтанаты өткөндөн кийин унутушат. Негизинен маданият тармагын коомубуздагы эң төмөнкү катмар катары эсептеп, төртүнчү сорттогудай мамиле кылышат.

Анаркүл Каргабаеванын айтымында, опера жана балет театрын кой, облустук, мамлекеттик театрлардын, филармониянын артисттери райондогу айылдарга гастролдоп барбай калганына он беш жылдын жүзү болду.

Бул иш-чараны уюштурган Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Эл чыгармачылыгынын борборунун маалыматына караганда айыл маданиятын көтөрүү боюнча бир катар программалыр иштелип чыкканы менен каржынын тартыштыгынан улам ал турмушка ашырылбай келет.

Фестивалдын соңунда калыстар тобу Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн өнөрпоздорун “мыкты чыгармачыл жамаат” деп таап, баш байгеге коюлган 250 миң сомдук музыкалык аппарат менен сыйлашты.

Ал эми республиканын чар тарабынан келген айыл таланттары Маданият жана маалымат министрлигине парламент коалициясы сунуштаган жаңы министрдин дайындалышына нааразы болушуп, экс-министр Садык Шер-Ниязды ордунда калтыруу талабы менен президентке, өкмөт башчысына, төрагага кайрылуу жолдошту.

Аманбек Жапаров. «Азаттык», 22.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.