Жылды жыйынтыктап

Туура эки жыл мурда ачылган “Кыргыз маданият борбору” үчүн 2010-жыл жемиштүү жыл болду. Өзгөчө акыркы айлар.

Google Analytics берген маалыматтарга таянсак, декабрь айында биздин блогго 3471 адам 4682 жолу кирип, 11804 бетти окуган (декабрдын 29ына чейинки маалыматтар). Ар-бир адам, башкача айтканда, 2,5 бет окуп, блогдо орточо 3,5 мүнөт болгон. Бул өткөн жылдын ушул эле убактагы көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 2-3 эсе көптүк кылат. Салыштыра кетсек:

2009-жылы декабрда блогго 1539 адам 1992 жолу кирип, 4600 бетти ачкан.

Географияга көңүл бурсак, биздин блог 2010-жылдын декабрь айында 39 өлкөдөн өз окурмандарын тапкан. Сөзсүз, эң көп окурман Кыргызстандан болгон – 3159. Экинчи орунда Орусиядан киргендер – 806 киши. Ошондой эле блогго Казакстандан – 96, Кытайдан – 53, Түркиядан – 50, АКШдан – 23, Германиядан – 16, Израилден – 15, Жапониядан – 14 киши кирген.

“Кыргыз маданият борбору” KLOOP блогдор платформасында ачылган сайттардын алдыңкы катарынан түшпөй келет.

Бирок муну менен гана тынчып калбай келерки жылы да өсүш жолунда болобуз деген тилек бар. Бул, биринчи иретте, биздин блогго киргендерди керектүү, кызыктуу маалыматтар менен камсыз кылуу жагында. Буга жетүү боюнча көптөгөн пландарыбыз бар. Аларды атабай туралы. Баардыгы өз убагында болот.

Биздин блогго кирип, блогубуздун ушундай ийгиликтерине жетишине салым кылгандарыңыз үчүн, сиздерге – окурмандарыбызга, ыраазычылык билдиребиз жана келээрки жылы да биз менен болосуздар деген үмүттөбүз.

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.