«Күз» сынагы: Темирлик

КҮЗ

Шуудуру жалбырактардын
Угулат бутум алдында.
Элчиси Көк муз, Ак кардын
Келиптир кайра айлыма.

Кочуштап чачат алтынын,
Шыбырайт ар-бир кулакка:
“Иштедиң, жетет. Ал, тынып!
Эс алгын бир аз убакка”.

Кайрадан баары алданат
Бул уулуу ширин сөздөргө.
Шагырап толот айлана
Куураган дене, сөөктөргө.

Темирлик,
“Күз” сынагына

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.