Сюита АБДЫКАДЫРОВА, Р. Абдыкадыровдун кызы: “Атам менен апамдын мамилесин тасмага тартканда трагикомедия жаралмак”

Сюита деген музыкалуу ысымыңызды атаңыз өзү ыйгарса керек?
Ооба, атам менин музыкант болушумду аябай эңсеген, ишенген, өзүнүн чыгармачылыкта жетпей калган ойлоруна мени жетсе экен деп максат кылган. Аны өзү дайым айтаар эле, “Сенин атыңды Сюита деп бекеринен койгон эмесмин. Ишеничимди аткарасың деп ойлойм, кызым”. Бирок турмуш деген дайыма эле сен ойлогондой боло бербейт экен. Музыкант боло алган жокмун, бирок, музыкалык билимим бар. Эгерде чыгармачылыкты калтырбай улантып кетсем, мугалимдерим айтмакчы, менден жакшы пианист чыкмак.

А эмне үчүн ата жолун улабадыңыз?
Кичинемде атамдын мага ылайык жазылган, балдар ырларын аткарып жүрдүм.
Өзүмдү түзүк эле музыкантмын деп ойлойм, менин жашоомдо музыка бийик орунда турат, айрыкча классика. Бирок мен сахна дүйнөсүнө аралаша албадым. Ырчылык кесип меники эмес окшойт. Анан дагы атамдын таланты мага анча деле жукпаптыр.

Азыр каякта иштейсиз? Өзүңүздүн жеке турмушуңуз жөнүндө айтып берсеңиз?
Менин жашоом миңдеген адамдардын жашоосунан эч айырмасы жок. Ош мамлекеттик университетинде студенттерге “Дүйнөлүк адабият тарыхынан” сабак берем. Адабият менен музыка дайым тыгыз байланышта эмеспи, андыктан мен чыгармачылыктан аябай деле алыстаган жокмун деп эсептейм. Чакан үй-бүлөбүз, эки кызым бар. Салима жыйырма, Аян он жети жашта. Экөө тең студент.

Рыспай аганын мурунку үй-бүлөсүнөн төрөлгөн кыздары менен катышып турасызбы?
-Ооба, катышам. Аларды жакшы көрөм. Өзгөчө Алтынчач менен Гүлзатты. Кичинемен биргебиз.

Уулдуу болбой калганына өкүнчү беле?
Өмүр бою эле өксүдү.

Атаңыз менен апаңыз кантип таанышып калганын сиз билесизби? Экөөнүн үйдө мамилеси кандай эле?
Экөөнүн таанышканын айтып берип отурсам абдан узак тарых. Кыскасын айтканда, 1967-жылы апам педучилищеде окуп жүргөндө таанышышкан экен. Апам “Атаң мени биринчи көрүп чекемен өпкөндө, эсимди жоготуп, чалкаман кетип кала жаздагам” деп калчу. Өзүм аял, эне болгондо гана атам менен апамдын мамилеси өзгөчө экенин баамдадым. Салыштырып отурсам, экөөнүн мамилеси аял-күйөөнүн гана милдеттенмеси эмес, эки чыгармачыл адамдын союзу болгон экен деп калам. Апам да музыкалуу жан-дүйнөсү менен айырмаланып турчу. Атама дайым чыгармачылыгына арка-жөлөк болуп, кеп-кеңешин берчү. Негизи үй-бүлөдө бардык маселелердин башында ата туруп, ата чечиш керек го. Биздин үй-бүлөдө атабыз жалаң чыгармачылыгы менен алек болуп, ошонун гана үстүндө баш оорутчу. Ал эми,”эртең эмне жейбиз? Эмки айлык акыга чейин кантип жашайбыз?” деген суроолорду апам чеччү.

Экөөнүн мамилеси адамды зериктирбей тургандай эле (күлүп). Жок дегенде анан кайра элдешиш үчүн, урушуп алышар эле. Экөө бири-бирин чыгармачылыкта да үй-бүлөлүк шартта толуктап турушчу. Кудайтаалам ар бир адамдын маңдайына жан шеригин кошо жазат турбайбы. Аны табыш ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. А менин атам сүйүүсүн таап, Давлет аттуу аялзаты анын бактысына жаралган экен. Ошондо бизде видеокамера жок болуп калганына абдан өкүнөм. Анүстүнө аны алганга биздин чама-чаркыбыз чектелүү болчу. Эгерде видеокамера болгондо, мен алардын үй-бүлөлүк турмушун тартмак экемин. Ал кыргыз киносунун тарыхындагы эң сонун трагикомедиянын бири болмок.

Атам менен апам эч качан материалдык байлыкка умтулушкан эмес. Арийне, ата-эне балдарына үй, машине ж.б. калтырат го, а менин ата-энем мага аркасынан досторун, көптөгөн жакшы адамдарды жана жүрөктүн төрүнөн орун алган музыканы калтырып кетишти.

Атаңыздын мүнөзү кандай эле?
Анын мүнөзүн бир сөз менен айтканга эч болбойт эле. Бир туруп романтик, бир туруп сүрөтчү, бир туруп акын, бир туруп философ болуп кетчү. Бирок, кандай болуп өзгөрүп турбасын баары чын жүрөктөн болчу. Мага да кээде дос, кээде кичинекей бала, кээде катаал ата болуп өзгөрүлүп турчу. Экөөбүз бир күнү апабыздан жашырып сыр бөлүшсөк, кээде “эрке” мүнөзү кармап калганда мен аны “тарбиялап” койчумун. Кээде ал мени урушчу. Ачуусу абдан тез келчү, бирок тез анысын унутуп калчу. Андыктан, анын таарынычын жазууга апам экөөбүздүн көп деле убактыбыз кетчү эмес. Апам анын мындай ачууга тез алдырган мүнөзүн, “музыка аны айланада эмне болуп жатканын унуткарып салат” деп түшүнүү менен мамиле кылчу. Атам дайыма сезим менен жашачу, ошондуктан кээде акылын сезимге алдырып ийчү. Атамдын оор, өзгөрүлмө мүнөзүн билген Түгөлбай ага (Казаков) атама “Эмгек сиңирген артист” наамын ыйгарып жатканда, бекеринен юмор менен чындыкты айкалыштырып, апама да “Эмгек сиңирген “дрессировщица” наамын берүү керектигин айтып күлдүргөнү бар.

Достору анын “куудулдук” жайын да көп айтышат… Сизде да атаңыз менен болгон кызыктуу окуя эсиңизде барбы?
Кызыктуу жана күлкүнү жараткан кырдаалдар көп эле болгон. 1986-жылы атам менен апам экөөнүн ортосунда конфликт болду. Мен мектепте окуйм. Апам атамды “жазалоо” үчүн, биз андан кетмей болдук. Үчөөбүздүн тең маанайыбызды элестетип жатсаң керек… Мен ыйлап атам, апам дагы. Ал чоң шейшепти коридорго жайып, ошого кийимдерибизди топтоп жаткан. Бизди алып кеткени апамдын агасы дагы келген. Атам болсо анын артынан ээрчип жүргөн. Бир маалда карасак, ошол түйүндүн ортосуна, майка- турсачан болуп, чөгөлөп отурат. Жалдырап бизди карап, анан апама, “Далиш, мени кошо түйүп кой, унутуп калба!” деп атпайбы. Ошол жерден баарыбыз күлүп, анан жарашып калганбыз. Дагы бир окуяны айтсам: 4-класста окуган кезим. Мектептен мугалим футболдогу “дарбазачы” жөнүндө эркин баян жазгыла-деп тапшырма берип, жазбагандарга , 1 коёрун эскертти. Менин таптакыр эле жазгым келбей койду. А 1 алсам, апам мугалим катары, мунумду кечирмек эмес. Ошентип, мектепке барбай, бирок, сурап калса, 1 же 2 албаштын айласын кылып, балдар китепканасынан китеп алып келип, үйдөн даярданмайга өттүм. Ата-энем жумушка кеткиче эшикте күтүп туруп, алар кеткенде акырын үйгө кирип, чоң креслонун аркасына жашынып алып окучу элем. Ошентип 10 күн өттү. Бир күнү анымды атам байкап калыптыр. Апам угуп алып, сабап атса, атам мага болушуп, “Сюита сабакка барбаганы менен үйдөн Ж.Верн, Дж. Лондон, А.Дюмадан жеке сабак алып жаткан турбайбы!” деп айтканы эсимден кетпейт.

Апаңыз Давлет эжени “Рыспайды абдан сүйгөндүктөн, артынан эле кете берди” деп кеп кылышканы бар…
Экөөнү мен ак кууларга окшотом. Атамдын “Ак куулар жалгыз жашабайт” деген ыры дагы бар. Ошол сыңары апам өмүрлүк шериги жок көпкө чыдабады. Бул чыныгы сүйүү го деп ойлойм. Мен ошол чоң сүйүүнүн ортосунда жаралып калганыма бактылуумун!

Атам азил -чынды аралаштырып, “Кемпир, биринчи мен өлөйүн. Сен мени жакшы көмөсүң. Бирок айтып коёюн, 10 жылга чейин күтөм, ошого чейин жаныма келбесең, өзүм келип алып кетем. Ушуну билип кой!” деп калчу эле. Ошентип атам менен апам азилдешчү, а бирок тагдыр азилди түшүнбөйт экен го. 10 жылдан кийин апам атамдын артынан шашып жөнөдү. Атам 53 жашында көз жумса, апам дагы так 53 жашында кетти, экөө бири- бирине сөз бергендей .

– Жакында Кыргызстан Рыспай аганын 70 жылдык мааракесин белгилеп, эскерүү кечесин өткөрдү. Ошол күнү телефон чалганыбызда сиз “Атамдын ордуна сый көрүп жүрөм” деп толкундандыңыз. Уюштуруу демилгелери, дегеле эскерүү-маараке көңүлүңүздөгүдөй өттүбү?
Көңүлүмдөгүдөй өтпөдү деп айтканга акым жок. Бардыгы жакшы болду. Областтын, шаардын жетекчилерине, анын ичинен Сооронбай Шариповичке, Мелис Жоошбаевичке учурдан пайдаланып дагы бир жолу рахмат айтам. Атамдын жай башы жаңыланды, болбосо тосмолору уурдалып, арчалары кургай баштаган. Азыр баары жаңы. Мен азыркыга чейин кыргыз элиме кандай ыраазычылыгымды билдирсем деп башым маң. Элиме рахмат айтканга сөз жетпейт. Менин атам кыргыздын уулу болуп төрөлүп калганына, кызы мен абдан сыймыктанам.

Атаңыз өзү тирүү болгондо кандай болмок эле деп ойлойсуз?
Атам да, апам да тирүү болгондо, албетте мындан дагы зор болмок. Кечээ жакында болуп өткөн майрамды көргөндө төбөсү көккө жетмек. Бирок, бул жашоо-турмуштун буйругу экен. Гений адамдар узак жашабайт деген чын окшойт.

Рыспай аганын ырларын көпчүлүк ырчылар аткарып жүрүшөт. Автордук укугун коргоп, “Кыргыз патент” гонорарын кимге төлөйт?
“Кыргыз патент” гонорарды атамдын мураскери катары мага төлөйт. Жылына 10 миң сомго жакын акча алам. Атам каза болгондо мен 25 жашта элем. Ошол гонорар менин мугалимдик айлыгыма, неберелерин бакканга чоң жөлөк.

Эльмира МАДИЕВА, “Лозунг” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.