Кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасы

Кыргыз тилинде текстти компьютерде терүү же окуу азыркыга чейин кандай кыйынчылыктарды жаратарын жакшы билебиз. Биз колдонуп келген клавиатурада “ө”, “ү” жана “ң” тамгалары жок болгондуктан аны ар-кайсы жакка коюп келдик. Бирок ар-бирибиз ар жакка койгондуктан бир-бирибизге жиберген тексттерди окуу кээде ребус чечкенге окшоп кетет – кыргыз тамгаларынын ордуна ар кандай белгилер чыгып калат. Башка дагы бир кейиткен нерсе – кыргыз тамгалары менен алмаштырылган символдорду кээде жазыш керек болуп калса, дагы кошумча бир нече операцияларды жасаш керек.

Маселени кандайдыр бир деңгээлде биз колдонгон программалардын өндүрүүчүлөрү чечип берди – азыр баары окуй алган кыргыз шрифттерин компьютерден тандап алып, иштей берсек болот. Бирок клавиатура өзгөргөн жок да. Кыргыз тамгаларын басыш үчүн кеминде эки клавишаны басууга туура келет. Бу кыргыз тилинде текстти жазуу ылдамдыгын бир кыйла азайтат.

Эми бул кыйынчылыктардан арылдык окшойт. Жеке ишкер Нурмукамбед Абдыкадыров кыргыз тамгалары курамында бар клавиатураны иштеп чыгыптыр.

Клавиатуранын өзгөчөлүктөрү:
– клавиатурада Кыргыз алфавитиндеги 36 тамга бар
– Өзгөчө кыргыз тамгаларын бир кнопка аркылуу эле жазса болот
– Юникод шрифттердин негизинде эле иштейт
– Win XP, Vista & 7 иштетүү системдери менен шайкеш иштейт
– MS Office 2003, 2007 & 2010 пакеттик программалары менен шайкеш иштейт
– Интернетте “форум, чат, кат” кыргызча жазса болот. Эң жакшысы Mozila Firefox аркылуу иштейт.
– «Система проверки правописания киргизского языка KyrSpell 2.0» деген менен да шайкеш иштейт, бул клавиатура аркылуу киргизилген тексттер текшерилет…
– Мисал үчүн «Коёнуңдун», «Подъезд» деген сөздөрдү клавиатуранын тилин которбой эле жазса болот
– CorelDraw X3 жана жогорку версиялары менен шайкеш иштейт
– Компьютерде кыргыз тилинде жазууда системалуу бир эрежени калыптандырат.

Алгачкы версиясында клавиатура драйвер аркылуу иштейт. Клавиатураны офистик компьютерлерде жана нокбуктар үчүн атайын адаптер аркылуу колдонсо болот.

Клавиатуранын баасы – 350 сом.

Кыргыз алфавити бар компьютер клавиатурасын алгысы келгендер 0555 75-49-85 телефонуна чалсаңар же nurkubat@gmail.com дарегине кат жазсаңар болот.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.