Кыргыз композиторлордун чыгармалары каражат жоктуктан чаң басып жатууда

Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү төбөдөгү чачтан жыш экендигин баарыбыз тең сезип жаткандырбыз. Бир жагын бүтөсө бир жагы калат дегендей, кыйын заманга туш болдук. Кээде отуруп, ий, ушул кыргыз элим бактылуу бакубат жашоого туш болоор бекен деген ойлор да келип кетет. Бүгүнкү күндөгү жашоо турмуш өтө эле кыйынчылыкка батып кеткендигине баарыбыз күбөбүз. Бүгүнкү күн саясий-экономикалык жагынан гана эмес соцалдык жадакалса руханий жагынан да аксоодо.

Бирок бүгүнкү макала саясат же экономика багыты тууралуу эмес, бүгүн кыргыз композиторлордун чыгармалар сахнадан көрүнбөгүндүгү тууралуу болмокчу.

Жыйырма жылдан бери Улуттук Опера жана балет театрынын сахнасында бир да кыргыз композитордун чыгармалары коюлбай келе жатты. Жалаң эле дүйнөлүк, оруссиянын белгилүү композиторлорунун чыгармалары чагылдырылып келгендиги баарыбызга эле маалым болсо керек. Мындай акыйкатсыздыкка дисбаланс кылуу максатында Опера жана балет театрынын дирекциясы “Кабар” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү.

Улуттук опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов, бул жылдан баштап белгилүү Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Насыр Давлесовдун 80 жылдык мааракесине арналган, “Аста секин, колукту!” аттуу чыгармасынын спектакли сахнага чыгып тураарын айтып кетти.

Эмне себептен ушунча жылдан бери кыргыз элинен чыккан композиторлордун чыгармалары караңгылыкта чаңдап жаткандыгы такыр эле түшүнүксүз. Балким биздин композиторлорубуз мындай даңк, сыйга татыктуу эместир бирок, кантсе да кыргыз элиники эмеспи. Мен муну жазышым менен эч кимдин аброюна доо кетиргим келген жок. А бирок, биздин улуу, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгаан композиторлорубуздун чыгармаларын чаң басып жаткандыгына кимдин гана кыжыры кайнабасын? Биздин өлкөбүздө деле чыгаан инсандар жетиштүү эмеспи.

Т.Саламатовдун айтымы боюнча жыйырма жылдан бери былтыр гана Т.Чокиев менен Г.Эсенгулованын “Алтын уя” аттуу балдар опереттасы сахналаштырылган. Ал эми бул жылдан тарта “Аста секин, колукту” спектакли ар бир ай сайын өтүп тураарын белгиледи. Билеттин баасы карапайым элдин чөнтөгүнө ылайык болоорун да айтты, 70 сомдон 200 сомго чейин .болоорун да белгилеп кетти. Андан сырткары бул спектаклге жаш артисттер катышаарын да кошумчалады. Учурда мындай спектакльдарга жаш муунду аралаштыруу максатында консерваториянын бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте иштеп жатат, деди Т. Саламатов.

Буга чейин кыргыз композиторлордун чыгармалары чыкпагандыгы финансылык каражатка келип такалып жаткандыгын, мамлекет тарабынан көңүл бурулбастыгына байланыштырды. Театр ичинде өткөн спектакль, оперетталардын баарын өздөрү каржылагандыктарын да айтты. Буга байланыштуу сырткы жарнамалардын жетишсиздиги көрөрмандардын азайышына себеп болуп келүүдө.

Финансылык көйгөйлөргө байланыштуу артистерибиздин сыртка чыгуусу да чектелүүдө. Бирок жылына бир-эки артистибиз сыртка гастролго чыгып келээрин кошумчалады.

Келечекте мамлекет ичиндеги көйгөйлөрдүн жоюлушу менен бизге да татыктуу көңүл бурууларына ишенебиз деп Т. Саламатович сөзүн аяктады.

Мальвина Уметбекова, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.02.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.