Кор болгон хор искусствосу

g_esengulovaАдам ата, Обо эненин доорунан бери эле ыр адам баласынын жан жыргалы. Адам баласы жаралгандан бери кайгы-кубанычын, азап-тозогун, жеңишин, деги эле бардык көйгөйлөрүн ырга салып, ошол ыр аркылуу элге жеткирип, андан ырахат алат. Ыр – бул адам баласынын жандүйнөсүнөн ыргалып чыккандыктан, ошол адамдардын энергетикасын кошо ала жүрөт да, башка адамдарга таасир эте алат. Биз бу жерде болгону жалгыз обон созгон адамдын ыры жөнүндө айттык.

Ал эми чогуу ырдоо б.а. хор менен ырдоо көптөгөн адамдын бир мезгилде бирдей сезимге кабылып, бир тилекти, ой-максатты күчтүү поэтикалык сөздөрдүн, мукамдуу обондун коштоосунда айтылышы өзгөчө энергияны бөлүп чыгарат жана уккандарга чоң таасир калтырат. Мына ошол себептен хор менен ырдоо ыкмасын адамзаттын баардык коому ар бир кылымдарда, ар бир саясый кырдаалдарда идеологиялык курал катары ийгиликтүү пайдаланып келишкен. Биздин ата-бабалар да чогуу ырдоо, чогуу бата берүү, чогуу ураан чакыруу ж.б. ыкмалардын таасирин колдоно билишкен.

Ал эми өзүбүз өсүп чоңойгон Совет доорун эстесек, кенедей бөбөктөн баштап улгайган адамдарды да үгүттөп, багыттап алуу методикасында хор искусствосун гениалдуулук менен пайдаланганын билебиз. Эртең мененки зарядканы «Коммунизм», «Ленин ата»менен баштап, керээлдин кечке бактылуу балалык, келечек жөнүндө ыр угуп, ырдап жашап, андан башка чындыкты эч кимге да кереги жок кыла алышкан. Бул ошол хор өнөрүнүн башка бир да искусство бере алгыс зор күчү!

XX кылымдын 70-жылдарында өтчү концерттерге бизди – мектеп балдар хорунан баштап, музыкалык училищалардын, искусство институнун, аягы опера-балет театрынын, баш аягы 500дөн кем эмес сахнага катар-катар тизилген хорлордун кошулуп аткаруусундагы атайын жазылган патриоттук кантата, ораториялар симфониялык оркестрдин коштоосунда Эл артисттери: Болот Миңжылкыев, Артык Мырзабаев, Токтонаалы Сейталиев, Кайыргүл Сартбаева, Дарыйка Жалгасынова ж.б. солисттердин Асанхан Жумакматовдой кайталангыс улуу дирижердун жетегинде ырдалып жаткандагы илеби өзгөчө энергетиканы ушул күнгө чейин эч унута албайм. Так ошол көп кишиден турган хордун аткаруусундагы чыгармалар эле концерттин деңгээлин көтөрүп, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн, духун, кайратын, күчүн, сүрүн көрсөтүп коёр эле. Көрүүчүлөр эле эмес, биз – кичинекей аткаруучу балдар, концерттен кийин көңүлүбүз кайдадыр алып учуп, бактылуу келечекке ошол ырлар менен учуп жетип алгандай, элеп-желеп болгон акыбалымды бүгүнкү күндө да өмүрүмдүн эң керемет күндөрүндөй сагынам.

Хор – башка бир дагы искусство бере алгыс тарбиялык күчкө эгедер. Балдарды мекенин, ата-энесин, элин-жерин сүйүүгө тарбиялоодо энергетикалык потенциалы зор. Талкалап жоготуп коюу өтө оңой, аны кайра ордуна алып келүү эбегейсиз оор экенин баарыбызга турмуш дайым далилдеп келет. Өз атуулдарын бир идеяга байлап, бир максатка үндөөдө зор таасири бар хор деген гигант искусствосун өкмөт өгөй баласына айлантканына өкүнөөр убак келди. Ар бир бала-бакчада, мектептерде хор болуусу өтө зарыл, себеби, жыйырма жылдан артык убакытта биздин эгемен өлкөбүз өз эгемендигин сезбей баштаган, кайсы максатта, кайда барарын ойлонбогон жүүнү бош муунду тарбиялап алдык. Өз тилин, дилин билбеген, мекенин сүйө албаган, кайдыгер муунду өстүрдүк. Бул ар бир эле коом үчүн чоң коркунуч!!! Бүгүнкү күндө хор искусствосун өнүктүрүүгө атайын өкмөттүн программалары иштелип чыгуусу – мезгил талабы.

Кайран социализм доору кайдадыр жоголуп, ордуна эч ырайымды билбеген, уят-сыйытты жокко чыгарып, жандүйнөнү жарым тыйынга баалабаган заман келгенде, адамдар да шумдуктуудай тез өзгөрүп, кечээги эле балдарын скрипкага, фортепианого, комузга милдеттүү түрдө жетелеп, балдарынын ырына ышкыбоз ата-энелер кыздарын бий өнөрүн гана үйрөтүүгө кызыкдар болуп, музыкалык мектептердин окуучуларынын саны азайып, айласы кеткенде музыкалык мектепке бий, эстрада ж.б. өнөрлөрдү кошуп «искусство мектебине» айланды.

Мен 2 жашынан эркелеткен «Мээрим, мээрим…» аттуу ырды созгон ырчы кыздарым бой түзөп, бел курчоолорун ачып, чыгыштын, деги эле дүйнө элдеринин кыймылы кыздарга өөн, саксаңдаган-какчаңдаган, мааниси тайкы, майнабы жок бийлерди бийлеп кетишти. «Эмнеге бий, кызыңыз жакшы ырдайт го?» – деп жагалдансам, «ал жактан кызым акча табат экен, кечки тойлорго бийлесе мугалими акча берет экен» – деп кашкайганы эч качан эсимден кетпес!!! Ал убак эми ал болду. Заманга жараша болдук дедик. Эми антип актануунун жарашыгы жоктой. Эмнени эксек ошону гана алаарыбызды кыргыз эли жатка билет.

Кайсы бакча, мектептерде хор кружоктору иштесе балдар ошол жакка өзгөчө кызыгуу менен барары бышык. «Чымыны» бар балдар табигый дараметин интуитивдик түрдө сезет жана ошого өзү эле умтулат. Андай балдар ал кружокторго өздөрү эле байырлайт. Кеп балдарда эмес, кеп ошолордун бакчасын, мектептерин «дудук» (ырсыз дегеним), кунарсыз кылып, аларды ар бир наристе сүйөр ыр деген керемет тарбиячы дүйнөсүнөн алыстаткан – бизде. Биз балдардын, а демек, мекенибиздин эртеңин эгип аткандарбыз.

Ал эми ошол Совет доорунун акыркы жылдарында уюшулуп (1985-ж.), бүгүнкү күнгө чейин өз нугун өзгөртпөй, далай кыйынчылыктарга түтүп, нечендеген балдардын жандүйнөсүн тарбиялап келаткан «Ак Шоола» балдар хору канчалаган Эларалык конкурстарда жеңүүчү болуп, өз өлкөсүн даңктап келаткандыгы уучубуздун дагы деле кур эместигин далилдейт. «Ыраматылык» Совет хор мектептеринин асыл үлгүсүндө жаралып, анын мыкты методикасын сактап, бирок да өзүнө гана мүнөздүү ырдоо манерасын, аткаруу чеберчилигин синтездештирип, үндөштүрүп, бүгүнкү күндө эл сүймөнчүлүгүнө айланган Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, далай-далай Эларалык конкурстарда байгелүү орундарга илинген «Ак Шоола» балдар хоруна айланды. Жана да бардык мектептерде хор кружокторун иштетүү толук мүмкүн экенине, музыкалык мектептерде эч кандай билим албаган, жөпжөнөкөй № 64-мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлүп, көп жылдардан бери ошол имаратты үй кылып иштеп, канчалаган бөбөктөргө кубаныч тартуулап иштеп жаткан «Ак Шоола» балдар хору – тирүү үлгү!

Гүлмира ЭСЕНГУЛОВА, «24.kg» MA, 26.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.