Байыркы Барсхан шаары тууралуу баян

Албетте, эми Барскоон айылын чалдыбар деп айтуу кыйын. Себеби, качандыр бир мезгилде дүркүрөп өсүп, кайра кыйрап жокболгон шаардын үстүнө заманбап кыргыз айылы өсүп чыккан. Азыркы Барскоон айылы Ысык- Көлдүн түштүк жээгинде, Жети өгүз районунда, жайгашкан.

Барсхан кайда жайгашкан?
Байыркы жазуучу, тарыхчылардан калган маалыматтарга таянсак, шаар YIII-ХIII кылымдарда дүркүрөп өнүгүп-өскөн экен. өзүнүн ынгайлуу географиялык абалы боюнча Жибек Жолунуп бир тармагы өткөн стратегиялык орунду ээлеп турган. IХ-ХIII кылымдардагы мусулман жазма даректеринде шаарды Барсхан, Жогорку Барскан, ал эми айрым араб жазмаларында Нушжан, Жогорку Нушжан деп да аташкан. Орто кылымда туулуп, өскөн Мах­муд Кашкари “Диван лугат ат-түрк” (1072-1074-жж) аттуу эмгегинде дүйнөнүн картасына шаарды Барсхан деген ат менен түшүрүп, элдик этимологиясын берген. Махмуд Кашкари өзү Барсхан шаарында төрөлгөн деген божомол бүгүнкү күндө да жашап келет. Ал эми “Худуд-ал аалам” (“Дүйнөнүн чектери”) аттуу эмгекте: “Барсхан көл жээгинде жайгашкан, абад-далган, бай шаар”, -деп жазылган.

Тарыхый эмгектер эмне дейт?
Орто кылымдагы бул шаар Барскоон суусунун чатына жакын жерден, он өйүзүнөн, орун алган. Шаар чептен, мунарадан жана мунаранын тегерегиндеги кенен аянттан турган экен. Кийинчерээк чарба жумуштарынын айынан толугу менен талкаланып жокболгон. Тек кийин гана археологдор казуу иштерин жүргүзүүдө коломтолору бар бөлмөлөрдү, чарбалык оролорду, чоподон, таштан, жаныбарлардын сөөгүнөн ж. б. материалдардан жасалган буюмдарды табышкан. Бул материалдар YIII-ХIII кылымдарга таандык. Шаар тууралуу жогорудагы тарыхый булактардан башка булактарда да бир топ жолу эскерилет. Мисалы, Абдусаид Гардизи “Зайп ал -Акбар” (“Кабарлардын көркү”) де­ген чыгармасында Барсхан шаары 6000 куралдуу аскер бере аларын белгилеген. Шаардын жайгашкан орду стратегиялык жактан өтө ынгайлуу, ал жерден Жибек Жолунун негизги тар­магы өткөн. Андан сырткары, шаар Барскоон капчыгайынын оозуна жакын жайгашып, капчыгайга кирип-чыккандарды, ошондой эле, Ысык-Көлдун жээги аркылуу өтүүчү жолдорду көзөмөлдөп тургандыктан, шаар четинен билинбей өтүү мумкун эмес эле. Гардизи дагы мындай дейт: “Барсхандын он жагында эки тоо ашуусу бар”. Балким, ал бул жолду айтуу ме­нен Кытай жергесине Улуу Жи­бек Жолу аркылуу өтүүчү ашууну эске алган чыгаар. Ал – бү­гүнкү күндө Кумтөр кенине алып барчу жол. Бирок, Кытайга жол толук жабылган.

Шаар кантип пайда болгон?
Абдусаид Гардизинин “3айн-ал-ахбар” аттуу тарыхый чыгармасында шаардын пайда болушу тууралуу  уламыш жазылып калган. Уламышта дүйнө жүзүн согуш менен ээлеп келе жаткан Зулпкайнар (Александр Македонский китепте ушундайча аталат) б. з. ч. 329-324-жылдар аралыгында Перс мамлекетине кол салып, жениш менен кайтат. Бирок, Зулпкайнардын вазирлери арабдардын өтө акылдуу, көрөгөч, билимдүү, согуш жүргүзүү тактикасын мыкты билген адамдардан экенин айтышат. Ошондо, басып алуучу каратып алган аймактын аттуу-баштуу адамдарынын уулдарын чогултуп, туткундап, өзү менен кошо Кы­тай аркылуу Индияга ала кетмекчи болот. Бирок, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барскоон капчыгайынын оозуна келгенде, чалгынчылар ашуудан өтүүабдан оор экенин, тамак-аш жана жылкылардын тоюту тартыш экенин айтышат. Зулп­кайнар туткундап келе жаткан арабдарды айласыздан бошотуп, капчыгайдын оозуна таштап кетет. Ара жолдо калышкан перс элинин жогорку даражадагы адамдарынын уулдары Ата мекенине кайтып барууга көздөрү жетпей, азыркы Барскоондун ордуна Барсхан шаарын курушкан экен. Кылымдар бою көлдүн суусу акырындык менен көтөрүлүп отуруп, ал шаар толугу менен суунун астында калат. Суу тартылгандан кийин гана археолог­дор көлдүн түбүндө шаар бар экендигин изилдеп далилдешти. Бүгүнкү күндө да толкундар суунун түбүнөн тарыхый мурастагы байыркы шаардан кабар берген ар кандай буюм-тайымдарды жээкке шилеп турат экен. Баарынан да көлдүн түбүнөн Александр Македонскийдин дооруна таандык курал-жарак табылгандыгы өзгөчө кызыгуу туудурат.

Барскоон шаркыратмасы на баргансызбы?
Эгерде барбаган болсоңуз, билип алыңыз. Тарыхый мааниге ээ Барскоон айылынын дагы бир сыймыгы жана зыяратчылардын самаганы – Барскоон шаркыратмасы. Ал Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусу­нун ортонку агымындагы карбондун (алмаздын бир түрү) тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, 10-15 метрге чейин фонтан сымал чачырап турат. Бул шаркыратманын бийиктиги 24 метрге жетсе, андан бир топ метр төмөн, бийиктиги 12 метрге жеткен экинчи шаркыратма да бар. Ал абдан кооз көрүнөт жана шаркыратмага жылдын бардык мезгилинде барууга болот. 1975-жылы шаркыратмалар табият эстелиги катары мамлекеттик коргоого алынган жана СССРдин тушунда Юрий Гагарин космоско барып келгенден кийин, 1962-жылы, шаркыратманын жанындагы чоң ташка кол тамгасын жазып калтырган. Ал бүгүнкү күндө да сакталып турат.

Гүлмайрам Мазиева, (Макала «Шоокум» журналынан көчүрүлүп алынды),
«Кыргыз диаспорасы»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.