Кайыргүл Сартбаева, СССРдин Эл артисти: “Мени сурабай, ырымды сурагыла”

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, эң сонун ырчы, болгондо да опералык да, элдик да ырларды машына жеткире ырдаган Кайыргүл Сартбаева үстүбүздөгү жылдын ортосунда тактап айтканда 20-июнда 75ке чыгат экен?! Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деген сөз бекерден-бекер чыкпаса керек. Кыйыргүлдүн атасы да өзү айткандай ырга жакын, шайыршат адам болуптур. Кайыргүл деген эң кенже кызына ысым ыйгаруунун тарыхына да Кайыргүл өзү кыйла кызыктуу ангеме кура сүйлөдү. Көрсө Сартбай үч кыздан соң, “эмдиги уул болсо экен, уул болгой эле” деген чоң үмүт, чоң тилек менен жүрүптүр. Дал ошол Кыйыргүлү көз жарар күнү бир топ жолдоштору менен -жайлоого чыгып кетет. Анын оюнда бек болсун, уулду болдуң, -деген сүйүнчүнү уккусу келип ошентиптир. Бирок анча-мынча уулга бергис таланттын жарыкчылыкка келерин оюна да албаса керек?! Акырында келинчеги кыз төрөгөнүн угуп, ошол тоодон атчан айылга келе жатып жолдо өсүп турган гүлкайыр гүлдөрүн атынан эңилип үзүп жүрүп отуруп үйүнүн алдына токтоп босогосун аттап, жаңы көз жарган өмүрлүк жары Кенжебүгө: “Кызымдын аты гүлкайыр, Кайыргүл болсун – деп бир кучак гүлдү алдына таштайт. Мына тагдыр жазуусу деп ушуну айт? Ооба, ошол гүлкайыр гүлү арадан он жети, он сегиз жылдар өтүп Кайыргүл аттуу жеке эле атасы Сартбайга эмес, бүтүндөй кыргызга ыр гүлүн тартуулаган талант өсүп чыгып жатпайбы?

Ал талант арадан дагы жылдар өтүп, ар жылы талантын кылдат таптаганы үчүн бир гана кыргыз театрында “Евгений Онегинде” Татьянанын, “Отеллодо” Дездемонанын, “Карменде” Микаэланын, “Дон Карлосто ” Елизаветанын, “Дон Жуанда” Донна Аннанын, “Борис Годуновдо” Ксениянын, “Князь Игордо” Ярославанын “Алекодо” Земфиранын, “Фигаро тоюнда” Графиянын, партияларын аткарып чыгып жатпайбы? Ал эми кыргыздын оперлары -спетаклдери: “Манас”, “Курманбек”, “Айчүрөк”, “Ажал ордуна”, “Алтын кыз”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жамила”, “Токтогул”, “Алтын көкүл”, “Аста-секин колукту”, “Бойдоктор”, “Сепил”, “Ак Мөөр”, “Саманчынын жолдорунда” негизги каармандардын образдарын ойдогудай жаратып, миңдеген көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүнө коргошундай уюган чыныгы искусствону тартуулай алды. Бүгүнкү биринчи маегибиз Кайыргүл талант жаратып элине тартуулаган кыргыздын эки керемет ыры жөнүндө гана сөз болот. Эмесе ага узаткан алгачкы суроом төмөнкүчө болду.

Кайыркүл айым сиздер, биздер жарым дүйнөгө көз жарган убакта деле мүмкүн метрика чыгып калгандыр? Бирок негизинен бала төрөлгөнү жөнүндө күбөлүк алуу, баланча айдын түкүнчө күнү төрөлдү деген так маалымат алуу жокко эмес беле. Мен бул сөздү баштап жатышымдын да жөндүү себеби бар. Баятадан сөздөн сөз чыгып, “Сиз кайсы айда төрөлдүңүз эле”, -деген суроомо: «1936-жылдын 20-июну» деп такма так айтып жатасыз. Сиз бул сөздү төрөлгөндүгүңүз жөнүндө күбөлүктүн негизинде айтып жатасызбы?
– Ооба сөздүн чынына келсек, “сен мал жайлоого чыкканда , же жайлоодон жакага көчүп келгенде” деген сөздөр айтылчу эле да (күлүп) мен качан, кай жерден төрөлүп анан эмне болгонумду өзүм деле анча биле бербейм. Адам болгон соң, өзүмдүн ырчылык кесибиме байланыштуу мына 75 жашка чыгып, анын 55 жылын сахнада ырдап келе жаткан касиеттүү Абдылас атабыздын атын алып келген опера жана балет театрында жүргөнүмө эле ошончо убакыт өтүп кетиптир? Мен өзүң сыңары журналистер менен пикирдеше баштаганда биринчи эле айтканым: “Ой айланайындар менин төрөлгөн жылымды сурап эмне кыласыңар, андан көрө ырым аркылуу жумурай-журтка таанылып жаткан соң, таза чыгармачылык жөнүндө сөз кылбайлыбы, -дейм. Дагы эле жогорудагы оюмду улап: Ошол менин угуучуларыма, көрүүчүлөрүмө кайсы ырым жагыптыр, анын ичинен элдик ырлардан баштап операда аткарган улуу композиторлордун кайсы операсынан кимдин ариясы, ыры, монологу жагыптыр, -деп берген, суроосуна ушинтип өздөрүнө кайра суроо узаткандан тажабайм.

Мен жакшы журналистер менен кеп курганда: Сахнага коюлуп келе жаткан улуттук опера-спектаклдерибиз, композиторлорубуз Абдылас Малдыбаев атабыздан баштап Насыр Давлесович агайга чейин, совет доорунда обончулар деп аталган элдик таланттарга чейин жазылган, ошолордун колунан чыккан музыкалар, Жалил Садыков, Аалы Токомбаев сыяктуу акындардын ырларынын тегерегинде жазылган обондор, музыка жөнүндө сөз болсо деп ойлойм. Кайыргүл ырдаган ырлар эмне үчүн элдин кулагына жетти? Ал жасалган маңдай тер, жасалган мээнет, ошондо талбаган изденүү, ошондой эле ырдап жатканда ыр кереметинин салмагы, баасына ал кантип жеткизди? Ал Кара-Булакта, Кеминде төрөлүп калып эле жарала койгон жок да?! Албетте, ошол эмгектеринин ичинен билим алуу, калыптануулардын негизинде элге жетип, талантты баалоочулардын назарына уруна алды, кеп мына ушунда! Мисалы, Байдылда Сарногоев агабыздын “Жылкычы бозой” деген ырын жаралышына бир аз токтоло кетейин. Анын обону карыя композиторубуз Насыр Давлесов агабызга таандык. Мына бул бүгүн экөөбүз маектешип отурган 203-бөлмөнүн өзүнчө бир тарыхы бар. Биздин улуу ырчы эжебиз Сайра Кийизбаева ушул жерден талантын таптап, ушул жай далай окуялардын күбөсү болгон. Аны баарыбыз билебиз жана сыймыктанабыз. Мен 1960-жылы Москвадан консерваторияны жаңы бүтүп келгенимде: “Оо сары кыз”, -деп мени эркелетип, абдан жакшы көрчү. Ошондой эле менин чыгармачылыгыма жогорку баасын берчү. Анан ошондо сахнадагы эң алгачкы кадамым Байдылда акындын жогоруда эскертилип өткөн ырынан башталган.

Сөзүңүздүн түркүнүнө түшүнсөм, мына бүгүн биз отурган 203-бөлмө жөнөкөй эле көптүн бири эмес экен. Мына ушул жерде отурганыбыз үчүн Кийизбаева сыяктуу эң сонун ырчынын мамилеси, сыйы эске келип жатпайбы. Жогоруда сөз учугун чубап келе жаткан эң сонун акын агабыз Сарногоевден сөзүбүздү уланталы. Ал аталган ыр кандайча тандалып жана ырдалып калды?
– Байдылда улуу акын. Сөздүн уңгусу Сайра Кийизбаева эжебизди эстегеним бул бөлмөдөн чыгып жатат. Мен Москвада беш жыл улуу талант. Рождественскаянын колунан окуган элем да. Аерден “Айчүрөк” операсы менен “Евгений Онегиндеги” Татьяна экөөнү даярдап келгемин. Анан эже мага кайрылып: “Каке, сенин жакшы үнүң бар экен, аны да жакшы тарбиялаптырсың. Татьянаны кийинкиге калтыралы, биринчи кадамды, “Айчүрөктөн” баштайлы”, -деген улуу адамдын ошол сөзүнөн соң ушул жердеги биринчи кадамым Айчүрөк менен башталган. Ошондо Сайра эжебиз менин колумдан жетелеп алып: “Каке, кудай буюрса ушуну иштеп, ушуну чыгаралы. Биз жардамдашабыз, жаштарды өстүрүш керек, -деп өтө камкордук көрсөткөн. Дал ушул бүгүн биз отурган 203-кабинетинде өзү отурган орунтукка отургузуп: “Ишиңе ийгилик”, -деп ак батасын биринчиден болуп берген. Молдобасанов Калый, Мырзабаев Артык бар эле. Теңдешсиз сопрано үндүү Махмутова Мариям эжебиз Чачыкейдин ролун ойночу. Ал эми Асек Жумабаев байкебиз Ахунхандын ролун жүзөгө ашырган эмеспи? Ушул улуу ага, эжелердин баардыгы бир добуштан ак баталарын жаадырышып: “Кудай буюрса сенин чыгармачылыгындын башаты дал ушул жерден көз жарат, буерде көп-көп жакшы нерселерге туш келесиң” дешкен. Күндөрдүн биринде 1967-жыл болуш керек Насыр байкем: -“Айланайын кыргызча бир да ырың жок экен, бүт эле орусча батышча, башка элдердин романс, арияларын ырдап жатасыңар. Ошону үчүн бир ыр жазылды. Ушуну сага көрсөтөлү, баарыдан да анын сага арналганын баала” деди. Бул сөздү уккан соң: “Ап-пий кандай болоор экен, кантип ырдаар экем” деп жүрөгүм дүпүлдөп эле калды. Акырында: “Байке, макулмун” деген сөз оозуман чыгып кетти. Ал: -“Айланайын саат 12 лерге театрга келе калсаң, ошол жерге Байдылда байкең келет, -деди. Мен Байдылда деген атты угуп ого-бетер кооптонуу күчөп: “Ой-ий ал кишинин поэзиясы эмне деген керемет!! Ал кишинин ыр саптарындагы чымчыкей юморлор, ушулардын баарын окуп эс тартканбыз да. Ушул ойлордон улам: – Оо кокуй бул кишиге жагыш оңой-олтоң эмес го, -деген далай ойлор сезимди ээлеп жатты. Акырында Насыр агайдын сөзүнөн соң, шашкалактап чуркап келдим. Бөлмөгө кирсем, экөө тен отурушуптур. Карасам экөө тен супсулуу, жап-жаш жигиттер. Ал эми мен жапжаш, бала кезим да!!! Мен бөлмөгө киргенден бир аздан соң эле: “Ии Кайыргүл кандай, кана!” деп катуу сүйлөдү.

Ал экөөнүн кимиси бул сөздү айтып жатат?
– Байдылда. Мен ошондон соң эле аларга кайрылып: -Саламатсыздарбы, -деп учурашкыча эле кайрадан Байдылда: “Кел, келе гой айланайын, отур, кана көрөлүчү сенин үнүңдү, сеники эмне деген үн байкайлычы, Насыр агаң эле жерге, сууга тийгизбей мактап жатат, кана көрөйүнчү” деди. Бул сөздөн соң: – “Ии кантээр экем, ырдаар алаар бекем”, -деп жүрөгүм ого бетер дүпүлдөй баштады. Ошондон соң Насыр Давлесович роялга отуруп: “Мен нотасын алгын да ошол аркылуу ырда” деп нота кагазын колума берди.

Насыр байкем ырдын текстин бир, эки жолу кайталап окуп бергенден кийин: – Кана кандай экен, -деген сөзгө: – Абдан жакшы экен, эми аткарып бере алаар бекем, дегениме: “Аа, эмне аракет кылсан баары болот”, – деди Байдылда ага. Ошондон соң Насыр байкенин коштоосу менен ырдай баштадым. Ал бүткөн соң: “Ай дагы бир жолу, сөздөрүн туура айтпай жатпайсыңбы”, -деди Байдыкем. Ал кишинин бул айтканынан улам: “Ии жакпай калган экем”, -деген ойго келдим. Ал кайрадан: “Тиги Маскөөдө жүрүп орусча тарбияланып калган да, кыргызга, кыргызча ырдаш керек да, -деген Байдыкемин бир аз каардуу сөзүнөн соң: “Ии ар бир сөздү так, даана айтыш керек тура, -деп ошол замат өзүмдү чыйратып: “Аргымак минип туйлаттың бозой”, -деп ырымда аяктасам эле Байдыкем кол чаап жиберди. Насыр Давлесович болсо тиги пианинодо ойноп жатат да. Мен токтоп калдым. Ал ыр баш-аягы алты куплет экен. Анан ошондо Байдыкем: “мунун баарын бүтүндөй жаздырып кой, ал эми ырдаганда үч же төрт эле куплетин аласыңбы, өзүңүн ылайыгына жараша, ырдын мазмунун бузбай тандасаң болот, -деди. Анын мындай сөзүнөн соң:

– Ооба, сиз айткандай болсун. Ушинтип ушул ыр жаралып, андан үч күн өтө электе, ал кезде малчылардын слету жана башка жыйындар, чогулуштар көп-көп өтөөр эле да. Ошондо бүтүндөй республиканын жетекчилери, ал гана эмес ошол кезде биринчи катчы баш болгон, жер-жерлерден келишкен чабандар, Социалистик эмгектин Баатырлары, иши кылып айыл чарбасында иштешкендердин чоң жыйыны чоң залга толуп турган эле. Сахнага чыгуу да өзүнчө кызык. Анын алдында Насыр байке мага кайрылып: “Кайрыке, бая күнкү Сарногоевдин “Жылкычысын” сен чоң мааракеде ырдамак болдуң, жакшылап даярдан, -деди. Жүрөгүм түшүп калды, ага чейин андай чоң жыйындарда кыргызча ырдап чыга элек элем да!! Ошондон соң: “Ат-тигин ай кандай болоор экен, -деп жанталашып күн-түнү отуруп ырды бышырып, аны оркестерлештирип да жиберди. Аны Насыр агай өзү жүзөгө ашырды. Ушинтип сахнага чыктым.

– Кайыркүл айым, ошол эле жылдары мүмкүн арадан бир, эки эле жыл өткөндүр, экинчи кыргыз ырынын жүзөгө ашыруу, эл алдына чыгуу тарыхын сөзгө алсаңыз?
– Ооба, ошентип “Жылкычы бозой” экзаменинен жакшы өттүм. Ошондо Төрөбай Кулатов аксакал тиги өкмөттөр отурган ложада колдорун жогору көтөрүп чаап турат. Ал киши антип аткан соң залдагылардын баардыгы кол чабууну мындан кой, кыйкырык сүрөөнгө толуп кетти. Пультта Насыр байкем отурат, анан сахнага улам-улам чакырышып. Адатта бир көрүнүп эле кетчүбүз да. Бир маалда Насыр агай: -Биринчи куплетти кайталай кой, -деди. -Ии эмне болоор экен, адашып кетпесем болду, -деп жүрөгүм дүпүлдөгөн калыпта биринчи куплет кайталанганда залдагылардын гүлдөр жаап келе баштады. Ошол чыгармачылыктын бир учуру болгон.

– Эми жогорудагы сиздин сурооңузга да жооп кайтарып коёун. Экинчи жакшы ырлардын бири Калый Малдабасанов аганыкы, сөзү Кубанычбек Маликовдуку. Баякы концерттен соң спектаклдерге катышып жүргөн кезим. Күндөрдүн биринде Калый ага үйгө телефон чалып: -Каке, сен театрга качан келесиң -деди. Мени ал киши эркелетип Каке, дээр эле. Анын бул суроосуна:

– Сиз кел десеңиз азыр деле барам, сабагым бир жерде студенттер менен көнүгүүм да бар эле,- десем, – мейлиң эртерээк келүүгө аракеттенип көрчү,- деди. Ал киши анда театрдын башкы дирижёру болчу.

(уландысы кийинки санда)

Тенти Орокчиев, “Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.