“Көктөм” сынагы: Азамат Кыязов

“Бетме-бет”

Эй, Көктөм!
Бери кара, жүзүң кандай?
Мен сени
бала күндөн жакшы көрөм,
Мезгил да
Көктөм эле мен төрөлгөн.
Чырайлуу
айымзаттын алкымындай,
Чалкалап
жаңырса да жаңырган ай
Ээритип тоң дүйнөнү келер эле,
эрини Жаз перинин
табийгат ай!
Баар кези
балалыктын жылуу болчу,
Баа жеткис
боектору миң-сан, койчу…
“Мезгилдер ханышасы – Жаз”
дээр элем,
Кармалап
кайырмакты сөөлжан сайчу.
Баёолугум,
анда мен аңдабапмын,
Айырмалап
Жазды Жаздан тандабапмын.
Өмүрдүн
бар Көктөмүн окшош көрүп,
өкүттүү Жаз болорун ойалбапмын.
Ой жок эле,
өзүм дагы бир кезеңде
сөөлжандай ийрелеңдеп,
өзөгүмө кайырмак сайыларын
Ооба, ооба… ойалбапмын…

*  *  *
“Мен-мен!” деп,
менсиреген пенделердей
Мезгил да
чындыгынан тайып, сулап.
“Чындык!” деп,
чырылдаган кедейлердей,
Көктөм да
көктөй албай жүдөп турат.
Мартыбыз
майыштырбай тилектерди
Апрель
актаса экен үмүттөрдү
Байыртан
бабаларга Жаз жалгаган,
Балкытсын
ушул Көктөм жүрөктөрдү.

*  *  *
…Өлбөсө экен,
көк чыбыктай
Жигиттер, өлбөсө экен
Өрөөн толо
журт келип, көмбөсө экен…

*  *  *
Падышалар, падышалар!
Солдаттардай
тизилген катар-катар.
Араңарда
бир Манас жок!
Үзөңгүнү
үзүлгөн кадап алар…
Баарды күтүп,
келээр учуп
келгин куштар парандалар
Бакыт тайып,
кетээр шашып
кеткин куштар – падышалар…

*  *  *
Эй, Көктөм!
Бери кара, жүзүңө кел!
Жаркытчы,
эл көөдөнүн келер-кетер…
Кыргыздар
кылыч мизин басып турат,
Кылычтай
Ала-Тооңо тынчтык бер!..

Азамат Кыязов,
“Көктөм” сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.