«Көктөм» сынагы: Ширин Турдакунова

«Көктөм»

Күн узарып, күндөн-күнгө эртелеп,
Нурун чачып адатынан эртерээк.
Кыбыр эткен жандыктарды чогултуп,
Күч кубаттуу жаз-жарышка жетелейт.

Тыбырчылап коктудагы шар булак,
Жаны тынбай тоңгон музду тепкилейт.
Тыным албай жетип барып батыраак,
Төбөсүнөн дарыяга секирет.

Жарып чыгып жердин бетин жашыл чөп,
Бак-дарактар бүчүр байлап тынбады.
Жарашыктуу көрккө келип айлана,
Жоогазын гүл жер бетине жайнады.

Чымчык сайрап көктөм ырын жаңыртып,
Канаттуулар жылуу жактан кайтышат.
Чээнинен аюу чыгып, баш багып,
Чаарчыктар так секирип калышат.

Айланада жаздын жыты жыттанып,
Жан дүйнөмдү жаңы ойлор чырмады.
Ак баракка жаз жөнүндө ыр жазып,
Анан менин сезимдерим эс алды.

Ширин Турдакунова,
«Көктөм» сынагына

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.