Токтобүбү ЧЕРИКЧИЕВА, комузчу, ырчы: “Залкар аталар “тууралуу телеберүү “ачсам…”

Уркаш агайга жолуккан маньяк
Уркаш Мамбеталиевдин элге белгилүү болуп калган маньяк менен таанышкан окуясына мен бирден бир күбөмүн. Бир күнү филармониядан чыгып баратып Уркаш агайга жолугуп калдым. Ал мени көрө калып эле, “Токо, маньяк деген эмне кызмат?” деп сурады. Мен маньяк деген киши жегич дедим. Байкуш киши колдорун сереңдетип, “кокуй” деп катуу чочуп кеткени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Көрсө, Уркаш агай телерадиого бир иш менен барып келатса финтех окуу жайынын алдынан бир жигит жолугуп, Уркаш агайды таанырын айтып, чыгармачылыгына ийгилик каалайт. Ыраазы болгон агай ал жигиттин колун кысып “сен ким болуп иштейсиң?” десе, тиги “маньяк болуп иштейм” деп жооп берет. Мындай сөздүн маанисин түшүнбөгөн Уркаш агай анын иштерине да ийгилик каалап кете берет.

Чыгармачылык тагдырыңызга токтоло кетсеңиз? Сиз комузчусузбу же ырчысызбы?
Менин негизги өнөрүм комузчулук. Ушул өнөрдүн артынан борборго 1984-жылы келип филармониянын эки жылдык студиясына кирип, Эстебес Турсуналиевдин тобунда иштеп калдым. Айылда сегизинчи классты бүткөндө аны менен кошо музыкалык мектептин комузчулук жагын бүтүп чыккам. Ал эми ырчы катары 1990-жылдан баштап чыга баштадым. Ырдап калышымдын да себеби бар. Ошол 90-жылы Берлин дубалы кулап, ГДР менен ФРГ кошулган. Биз ага байланыштуу бул жактан Асанкан Жумакматов баштаган чакан топ концерттик программа менен Германияга барганбыз. Курамыбызда солисттерден Дарика Жалгасынова, Керим Турапов, мен, бийчилер, чакан оркестр бар эле. Киши аз болгондон улам мага комуз менен ырдоого туура келди. Себеби ошончо узак жол басып баргандан кийин чет элдиктерге ар тараптуу өнөр көргөзүш керек эле. Мурда мени комузчу катары билген Асанкан агай ошондо ырдаганымды көрүп, ой сен мыкты ырдайт турбайсыңбы деп андан ары ырдап кетишиме дем берген.

Сиз анда болгону 19-20 жашта болсоңуз керек эле. Чет өлкөгө жалаң дөө-шаалар менен кантип барып калдыңыз?
Мен ооз комуз чертем, өзүнчө жана оркестрде күүлөрдү аткарам, анан комуз менен ырдайм. Башкача айтканда, мындай сапарларга 3-4 кишинин ордуна барып калган учурларым көп болгон. Бул бардык жагынан үнөм эмеспи. Германияга барганымда биринчи жолу ырдап чыккам.

Эч кандай даярдыксыз эле ырдап кеттиңиз беле?
Филармониянын жертөлөсүндө маркум Марат Алыбаевдин “Таазим” деген эстрадалык тобу бар эле. Жумуштан чыккандан кийин солисттер Батма Качкынова, Роза Заитова, Султан, Мерген болуп ошол топко барып ырдап, бири-бирибиздин кемчилигибизби оңдоп, жакшы жагыбызды айтып өз алдыбызча аракеттенип жүрчүбүз. Албетте бул өзүбүздү акырындап чоң сахнага даярдоо болсо керек.

Эң биринчи кайсы ырларды ырдап чыктыңыз эле?
Алгачкы ырым Бакай Ташиевдин “Жолугуу” деген ыры болгон. Аны менен бирге Абидин Темировдун “Кайыр кош” деген ырын сахнага алып чыктым. Эң биринчи дебютум – “Мыскыл жана тамашада” болгон.

Ардак грамота менен ченелген жыйырма жыл
Сиз буга чейин филармонияда иштеп келдиңиз эле, былтыр кетип калдыңыз. Эмне себептен?
Сөз башында айткандай, мен филармониянын астанасын 1984-жылы 15 жашымда аттап, былтыркы жылга чейин иштедим. Анан албетте, эмгегиң бааланбаса, ары-бери иш сапарга көп кеткениңе карабай айлыгың аз болсо таарынат экенсиң. Мамлекеттик концерттер деп ары-бери чарпылып жүрүп, ашыкча бир жакка бара албайсың. Же ошол эмгегиң татыктуу бааланбайт. Анүстүнө былтыр апам ооруп, аны карап, анан көзү өтүп кетип жумуштан алагды болуп калсам, чоңдорум улам эле рапорт жаз деп жанымды кашайтып жиберди. Ушул себептерден улам жумуштан чыгып кеттим. Мүмкүн чарчагандырмын…

– Эмгегиңиздин мамлекет тарабынан бааланбай жатканын кимге таарыныч кыласыз?
– Ырас, мен сыйлык беришпеди деп таарынмак эмесмин. Бирок сенден кийин келген жаштар маданиятка эмгек сиңирген деген наам алып жатса намыстанат экенсиң. Катарымдагылар эмгек сиңирген деген наам алып жатса, мага жыйырма жылдан кийин араң Ардак грамота берилди. Эми бул бир барак кагаз экен, бир чети ага анчалык таарынбайм деле, бирок убагында беришсе жаман болбойт эле. Чындыгында филармонияда башка ырчыларга караганда темселеп көп иштедим. Он беш жашымда келип, мамлекет үчүн деп Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Толтой Мураталиев сыяктуу залкар аталар менен бирге филармониянын ысыгына күйүп, суугуна тоңдум. Алар менен учурунда концерт коюп, Кыргызстандын булуң-бурчунда, кыргыз маданиятын таанытабыз деп чет өлкөлөрдө жүрдүм.

Күтүү жана жалгыздык
Бир кезде сиздин аткарууңузда Элмирбек Иманалиевдин “Карап, карап, кайрадан сени самап…” деген ыры хит болгон. Ушул ырдын сөзү боюнча тактай кетсеңиз. Себеби башында биз бул ырдын обонун да, сөзүн да Элмирдики деп кабыл алган элек.
Бул ыр менин экинчи бактымды ачкан. Ооба, ал обон Элмирдин өзүнүн сөзү менен чыккан обон экен. Аны Элмирбек ырдап жүргөн. Бирок мен ал ырды аткарарда Элмирдин өзүнөн уруксат алып, сөзүн Шайлообек байкеден суранып кайра жаздыргам. Ошол кезде Шайлообек агай филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштечү. Мен чындыгында байкени аябай сыйлайм. Өзү бала кыял киши эмеспи. Өткөндө алтымыш жылдыгы өтүп жатканда күлдүрүп айтып койду. Өтө деле түн эмес болчу, кечинде чалып, мазмунун айтып кыңылдап ырдап бергем. Себеби эртеси жаздырмакмын. Анан ал жок дебей сөзүн бир саатта жазып, кайра чалды.

Ырдын маанайы сизге эмне үчүн жагып калды?
Мен жалгыз кызмын. Жалгыздык чыгармачылыкта да, жеке турмушта да көп түйшүктөрдү жаратат экен. Ошондон уламбы, айтор, бул ыр мага аябай жаккан.

Кечиресиз, сиз бул ырды аткарып жүргөн учурда эл арасында Токтобүбүнүн күйөөсү түрмөдө экен, ошол үчүн ал күттүм, күттүм деп ырдап атыптыр деген ушак чыкты эле.
(Күлүп) Кудай сактасын, таптакыр андай эмес. Ырдын мааниси менин тагдырыма түздөн түз тиешелүү эмес.

Учурда аялзаты катары бактылуусузбу?
– Бала-чакам маңдайымда, үстүмдө үйүм, астымда машинем бар. Татыктуу жигиттин жубайымын. Уулум 17 жашта, АУКта окуйт. Кызым “Келечек” атайын орто мектебинде билим алып жатат. Менимче, аялзатынын бактысы ушулар деп эсептейм.

Чыгармачылыктачы?
Бул жагынан белгилүү устаттардан билим алып калганым үчүн өзүмдү бактылуу деп эсептейм. Бирок өзүмдүн чыгармачылыгыма ыраазы боло элекмин. Чынын айтканда, менде талант болушу мүмкүн, бирок аябай жалкоомун.

Асыл адамдар
Балалыгыңыз, устатарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
Менин балалыгым аябай жакшы өттү. Апам соода кызматкери эле. Союз учурунда бул кесип барктуу болчу. Жашырганда эмне, кийимдин жакшысын кийип, тамактын жакшысын ичип чоңойдум. Чыгармачылык жолум да жакшы уланды. Эч кандай таанышы деле жок айылдын жөнөкөй эле бир кызы 15 жашында филармонияга келип жогоруда айтып кеткен кыргыздын залкар таланттары менен иштешип калышы чоң бакыт эле. Буга сүйүнгөнүмдөн көпкө чейин өзүмө келе албай жүргөнүм эсимде. Алар мага устат, ата ордуна ата болушту. Тилекке каршы, азыр дөө-шаалардын баары кетти. Эми мындай адамдардын кайталанышы кыйын го. Алар жок мага учурда филармония аңгырап калгандай сезилет. Кудай буюрса, шартым болуп калса ушул адамдардын таланты, таалим тарбиясы, сүйлөгөн сөздөрү тууралуу телеберүү жасасамбы деген планым бар. Анткени Ашыраалы, Эстебес, Мыктыбек, Толтой, Тууганбай аталар бир жыл ичинде үйүндө ашып кетсе үч ай болсо, калган тогуз айында баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп эл-жер кыдырып чогуу жүрчүбүз. Алардын ар биринин жандүйнөсүн, кыял-жоругун билип калдым. Жамааттын эң кичүүсү болгон мен алардын кызындай, керек болсо небересиндей элем. Мисалы, Айдараалы жөргөлөктүн “Көйрөң күүсүн” өзүндөй аткарган Мыктыбек Үмөталиев аксакал өтө толук киши эле. Негизинен күнүнө сый-конокто жүргөн элдик артисттердин ар бири эле токчулуктун символундай көрүнчү эмес беле. Бирок Мыктыбек агай алардан да толук болчу. Андыктан ал биз гастролго чыккан автобустун орундугунда бир жарым кишинин ордун ээлеп, ал эми жарым кишинин ордуна мен отурчумун. Байкуш киши автобуска отурары менен уйкуга кетип, калпагы бир жерде, комузу бир жерде калып, мен артынан жоготкондорун издеп жүрчүмүн.

Зайырбек АЖЫМАТОВ

Иштебей калган телефон
Бир жолу Италияга бир иш сапары чыгып калып, мен жетекчибиз Эстебес Турсуналиевге айтпай ооруканада жатат деген кагаз ачтыра коюп, чет өлкөгө кетип калдым. Апам ыраматылык балдарды карап үйдө калган. Эстебес ата өзү аябай жоопкерчиликтүү жетекчи болчу. Апама да мени ооруканада жатат деп коюңуз дегем да. Бир күнү Эстекем чалып апамдан менин кайсы ооруканада жатканымды сурайт. Апам менин кайсы ооруканада жатканымды билбесин, өзү үйдө бала карап отурганын, мага күйөөм барып келип жатканын айтат. Эстекем “анда мен эртең чалам, кечинде келгенде күйөөсүнөн кайсы ооруканада экенин сурап коюңуз, биз жамаат менен барып коелу” дейт. Эртеси апам ваннада жуунуп жатса телефон улам чырылдайт. Апам байкуш ага шашып келатып кафелден тайгаланып, бир чети эмне деп жооп айтарын билбей карбаластап келип трубканы алып, “Кагылайын Эстебес, биздин үйдө телефон иштебей калган, мен кошуна орустардыкындамын. Алар жаман көрүп жатат, экинчи бул жакка чалбачы” деген тура. Кесиптештерим кийин айтат, Эстекем биринчи ишенип трубканы коюп салып анан ойлонуп, “мен Токтобүбүнүн үйүнө чалсам, анан бул кошунанын үйү деди да, бул неси” деп түшүнүп-түшүнбөй кызык болгон дейт.

«Жаңы агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.03.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.