Этно-жазга жан киргизген кыргыз аспаптары

Улуттук филармонияда “Чыгыш шаарынын музыкасы” деген аталышта 1-2-октябрда “Джаз-Бишкек-Күз” эл аралык фестивалы өттү. Анда кыргызстандык этно-жаз топтору алгачкы жолу залкар күүнү жаз жанрында аткарышты.

1-октябрда Улуттук филармонияда “Джаз-Бишкек-Күз” деген аталыштагы Этно-жаз музыкасы башталып, ага Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын музыканттары катышты. Бул фестиваль ишембиде (2-октябрда) жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Жан дүйнөнү ачкан жанр
Фестивалда Кыргызстандан «Salt Peanuts» , «Жума жана Өмүр», Викрам Рузахуновдун Джаз Бэнд , «Аура», алгачкы жолу «Инсан» тобу катышты. Алар музыкалык аспаптарды аткаруучулук жөндөмү, дүйнөлүк жаз стилиндеги композиторлордун чыгармаларын жогорку деңгээлде аткаруусу менен айырмаланышты.

Фестивалда дебьют катары катышкан Бишкектеги “Инсан” тобунун ырчысы Тынай Алыбаев жаз жанрынын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, учурда жандуу музыканын угармандары көбөйүп баратканын белгиледи.
– Жаз музыкасынын өзгөчөлүгү музыкант ички жан дүйнөсүндөгү болуп жаткан нерселерди музыкалык импровизация аркылуу элге жеткирет. Адамдын жан дүйнөсүн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Мында кандайдыр бир ритмдик же жанрдык чектөө жок.

Тынай Алыбаев жаз жанры Кыргызстанда жылдан-жылга өнүгүп, күйөрмандардын катары да арбып баратканын айтып, заманбап мыкты музыкалык техникалык-аспаптарга муктаж экендиктерин кошумчалады.
– Азыр кийинки беш-алты жылда жаз абдан эле жакшы өнүгүп баратат. Жазды ойногон музыканттар дагы көбөйдү. Көрөрмандардын көпчүлүк бөлүгү жаштар. Анткени жандуу музыка алардын сезимин арбап баратат. Азыр күйрөмандар да көбөйүп баратат.

Каныкейдин максаты
Кесиби боюнча прфессионал музыкант, фортепианонун чебери, фестивалдын директору Каныкей Муктарова мында алты жыл мурда Алматы шаарында өткөн Жаз эл аралык фестивалына катышып, Орто Азиянын музыканттарынын чыгармачылык карым-катнашын арттыруу идеясы келип, Бишкекте да жаз фестивалын уюштурууну чечкен. Мындан туура беш жыл мурда “Бишкек-Жаз” фестивалын өткөрүп, түшүнбөстүктөргө, бир топ тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга кабылган. Ага карабай Москвада алган билим, АКШда кызматта жүргөн тажрыйбасын колдонуп, эл аралык уюмдар, элчиликтер менен иштешип Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда этно-жаз жанрын өнүктүрүү багытында бир катар долбоорлорду жазып, көздөгөн ой-максатын ишке ашырат.

Мына ушул беш жыл аралыгында Кыргызстандын музыканттарынын, жаз стилиндеги топтордун чыгармачылык деңгээли кыйла жогорулап, алды чет өлкөлөрдөгү эл аралык фестивалдарда татыктуу баа алып келатканы кубандырат, дейт К.Муктарова.
– Бул фестивалдын өзгөчөлүгү фольклордук музыка менен коштоп, жаз аралашып бир синтезди түзүп, этно-жаз деген тармагын өнүктүрүп жатабыз. Бишкекте өткөн алгачкы фестивалдан баштап эле кыргыздын музыкасын, улуттук музыкалык аспаптарын дүйнөгө таанытсак деген максаттабыз. Мен ойлойм, кыргыздын музыкасы жаз жанры аркылуу дүйнөгө тез тарайт.

Жазга жан киргизген улуттук аспаптар
«Жума жана Өмүр», «Аура» топтору кыргыздын улуттук аспаптарын жаздын кайрыктарына салып, обон-күүлөрүн этно-жаз ыргагында аткаруусу менен айырмаланышты.

«Жума жана Өмүр» этно-джаз тобу залкар комузчу Ыбырай Тумановдун “Жаш тилек” деген күүсүн этно-джаз ыргагында аткарганда залда дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп турду.

Былтыр жазында Бишкекте өткөрүлгөн жаз фестивалында Америкалык белгилүү музыкант менен комузчу Рахат Көчөрбаев комуздун ыргактарын кошуп чыккан.

Ал эми бул “Жума жана Өмүр” тобунун кыл аспаптарын аткруучусу Камчыбек Жунушов комуздун коштоосундагы залкар күүлөрдү этно-джаз аркылуу эл аралык деңгээлге алып чыгууга аракет кылып жатышканын айтты.
– Жаз музыкасына комузду кошуп жатканыбыздын себеби, биз бир топ мамлекеттерге фестивалга барганда алар өздөрүнүн улуттук аспаптарын жазга кошуп, жаңы дем берип жатышканын көрдүк. Анан эмне үчүн комузга деги эле кыргыздын музыкалык аспаптарына жаңы дем киргизип, алып чыкпайбыз? -деген суроо туулуп, төрт-беш жылдан бери ушул максатты ишке ашыруунун үстүндө иштеп келатабыз. Анткени мезгил, доор өзгөрүп жатат. Угуучулардын көз караштары дагы техникалык прогресске ылайыкташып баратат. Мына биз комузду эстрада, жаз жанрына алып чыккандан бери Бишкекте комузда окуган жаш балдардын саны арбыды.

Ал эми “Жума жана Өмүр” тобунун көркөм жетекчиси Нурлан Жунушев өзү үйлөмө аспаптарды катыра ойнойт. Анын айтымында, кыргыздын үйлөмө аспаптары Жаз музыкасынын ыргактарына абдан ылайыктуу келет:
– Айрыкча чогойно чоор жаз-рок стилине, традициялык жаз стилине укумуштай дал келип калат. Бул кыргыздын байыркы аспабынын мүмкүнчүлүктөрү абдан көп. Себеби бул аспаптардын лады жок. Кайсы ыргакка салсаң төп келе тшөт. Чопо чоор, сыбызгы жана башка аспаптарды дагы этно-жазга аралаштырабыз.

Топтун комузчусу Рысбек Жунушев болсо жаз музыкаларын аткарууга ылайыкташырып, атайын төрт кылдуу комуз жасаганын, деги эле дүйнө элдеринин ар кандай ыргактагы музыкасын аткарууга комуздун мүмкүнчүлүгү чоң экендигин кошмучалады.
– Бул комузду атайын төрт кыл кылып жасадым. Муну ойнош үчүн үч кыл комузду мыкты аткарып, жакшы комузчу болуш керек. Андан кийин төрт кыл комузда ойноо же-ил болот. Кээ бир джаз музыкааларын ойногондо үч кыл комуздун ладдары дал келбей калат. Эгерде комуздун мүмкүнчүлүгүн мында да мыкты арттырабыз десек беш кыл тагып жасашыбыз мүмкүн.

“Жума жана Өмүр” тобу фестивалда дүйнөлүк атактагы жаз композиторлору Скотт Джеклин жана Флодстмандын чыгармалырын тартуулашты.

Бишкектеги фестивалда Казакстандын келишкен “Көчмөндөрүн сыйкыры” этно-жаз тобу да домбура, кобыз сыяктуу улуттук музыкалык аспаптарында казактын күүсүн зор чеберчиликте аткарышты.

Тажикстандан келген “Авесто” тобу дагы тажик элинин улуттук аспаптарын кошуп, европанын музыкаларын чыгыш менен батыштын аваздарынын айкалышуусу катары көрсөтүштү.

“Джаз-Бишкек-Күз” фестивалын көргөнү келген Бишкектин тургуну Бурулкан Усубакунова жандуу музыканы угуп, ырахатка бактанын жашырган жок:
– Бизде 10-15 жылдан бери Батыштын эстрадалык түшүнкүсүз, оор музыкалары басымдуулук кылып, элдер мажбурланып угуп келатышкан. Мына бул фестивалда “Жума жана Өмүр” тобунун улуттук аспаптарды кошуп жаз музыкаларын аткарганы музыкага жан берип, жагымдуу маанай жаратып турду. Тажикстандан келген топ дагы улуттук урма аспабы менен батыштын музыкасын чыгыштыкы кылып жибербедиби. Мына залдагы көрөрмандар ушунчалык кунт коюп, ырахат алып отурушпадыбы. Мени кубантканы көпчүлүгү жаштар экен. Мына ушундай музыка менен жаштардын жан дүйнөсүн таза, тунук кармоого эмне үчүн болбосун. Күндөн күнгө кыргыз элинин искусствого кызыгуусунун тенденциясы өсүп баратканы сезилип турат.

Чыгыш менен батыш музыкасынын айкалышуусу
Фестивалдын директору Каныкей Муктарова Бишкекте өткөрүлгөн “Чыгыш шаарынын музыкасы” “Джаз-Бишкек-Күз” эл аралык фестивалы аркылуу этностордун ортосундагы мамилени жакшыртууга, ынтымакка доо кетирбөөгө жасалган аракет катары сыпаттады:
-Бул фестивалдын “Чексиз музыка” деген урааны бар. Негизи маданият, көркөм өнөр аркылуу достук, ынтымак үчүн, улуттар арасындагы түшүнүү, өз ара жылуу мамилелерди түзүү аракетин көрүп жатабыз.

Дүйнөлүк абройлуу, орусиянын белгилүү жаз-музыканты Игорь Бутман Бишкекте өнөрүн тартуулап, Бишкектеги фестивал зор ийгилик менен өткөнүн айтат:
-Жаз фестивалы абдан жакшы өттү. Музыканттар ушунчалык чеберчиликте ойношту. Дагы бир өзгөчөлүгү этно-жаз жанры аркылуу чыгыш-менен батыштын музыкасынын айкалышуусу укмуштай таасир калтырды. Джаз жанрын Кыргызстанда мында дагы мыкты өнүктүрүш керек.

Ошентип “Джаз-Бишкек-Күз” фестивалы соңуна чыгып, аны уюштуруучулар келерки жылы апрель айында дүйнөлүк атагы бар музыканттардын катышуусунда VI “Джаз-Бишкек-жаз” эл аралык фестивалын өткөрүүнү пландаштырышканын айтышты.

Жаз музыка жанрынын тарыхына кыскача токтоло кетсек, 19-кылымдын башталышында Американын Жаңы Орлеан шаарында ар кошкон этностордун маданиятынын негизинде, бий ыргактарына ылайыкташтырылып Чарлз Бадди Болден тарабынан негизделген. Анда 3-4 музыкант ар түрдүү улуттун обондордун импровизациялышып, жандуу музыка кайрыктарын түзүшкөн.

Болден жана Оливер менен үн аспапчы Льюис Армстронг Джаз жанрын элдик үлгүдөгү чыгармачылыктан, көркөм өнөрдүн музыкалык эстетикалык багытын көрүүчүлөргө алып чыккан. СССРде бул музыка жанрына империалисттик багыттагы жанр деп катуу тыйуу салынган. Бирок ага карабай ири шаарларда Жаз топтору түзүлүп, жашыруун концерттерди беришип, өз көрүүчүлөрүн тапкан.

Мурдагы Фрунзе шаарында 1989-жылы алгачкы Жаз фестивалы өткөрүлгөн.

Ал эми “Джаз-Бишкек-Жаз” эл аралык фестивалы 2005-жылдан бери бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Маалыматтарда АКШда жашап жаткан кыргызстандык 21 жаштагы Элдар Жангиров Жаз боюнча учурда амеркиалык көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзыган бирден-бир атактуу жаш музыкант катары белгилүү экендиги айтылууда.

Аманбек Жапаров, «Азаттык», 03.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.