Бала кыялындай бактылуу өмүр

Улуттук адабиятыбызда 50-60-жылдардын муунундагы агалардын бири, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Муса Жангазиев бизге балдар акыны катары белгилүү. Анын алгачкы китеби да “Балалык” деген ат менен 1950-жылы жарык көргөн. Чындыгында акын катары башка ырларды жазганга караганда балдар үчүн ырларды жазуу татаалыраак. Анткени балдардын психологиясына терең кирип, баланын тили менен ыр саптарын жаратуу үчүн баланын ордуна акын өзүн коюу керек. Антүүгө табигый жөндөм болбосо эч кимдин колунан келбеси бышык. Мына ушул жагынан алып караганда Муса Жангазиевдин чебердиги башкалардан айырмаланып келген.

Анын жүзгө жакын ырлар жыйнагынын басымдуу көпчүлүгү балдарга арналган. “Балдар менин өмүрүм” аттуу тандалма ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. “Бакыт гүлдөрү”, “Жылдыздар”, “Пионерлер”, “Ажырагыс достор”, “Келечектин ээлери”, “Москвага учуп бар”, “Бүлдүркөн”, “Табышмактуу таш”, “Үчүнчү үйдүн балдары”, “Менин бешим кыпкызыл”, “Улуу тоонун балдары” ж.б. ыр жыйнактарын мисалга алсак болот. Анын балдар темасына арналган ырлары мектеп программасына киргизилип, окутулуп жүргөн. Айрыкча 1-класстан 7-класска чейинки окуу китептерине хрестоматия катары колдонулган.

Муса Жангазиевдин жыйырмага жакын ыр жыйнактары орус тилине которулуп жарык көргөн. Андан сырткары ондон ашык китептери казак, түкмөн, эстон, украин, өзбек, тажик, грузин ж.б. улуттардын тилинде которулган.

Котормо жаатында дагы узангандыгын айта кеткенибиз туурадыр деп ойлойм. С.В.Михалковдун “В.И.Лениндин музейинде” аттуу китебин которгон.

М.Жангазиев чыгармачылык менен катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Алгачкы жаштык кадамы согуш жылдарына туш келип, комсомолдук кызматтарда иштеген. “Кыргызстан пио­нери” гезитинин редактору, “Жаш Ленинчи”, “Ала-Тоо” журналдарынын, “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын башкы редактору. 1966-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1985-жылы жа­зуучулардын “Арашан” чыгармачылык үйүнүн директору болгон.

Акын жана коомдук ишмер катары эмгеги бааланбай калган жок. “Эмгек Кызыл Туу”, эки жолу “Ардак белгиси” ордендери, бир нече медалдардын, СССР басмасынын жана республиканын элге билим берүүсүнүн мыктысы төш белгисинин ээси.

Замандаштарынын эскерүүсүн­дө Муса Жангазиевдин адамгерчиликтүү бийиктиги да айтылат. Бүткүл өмүрүн балдар үчүн арнаган акындын кыял-жоругу да баладай таза, баладай кыялкеч эле дешет. Нооруз майрамынан кийинки жадыраган жаз күнүндө туулган акындын жан дүйнөсү жаздай аруу болгонунан балдардын тили, дили менен жазып, баладай мүнөзү менен өрнөк өмүрүн өткөргөндүгү да чоң тагдыр. “Балдар менин өмүрүм” деп өзү да бекеринен айтпаса керек. Бала кыялындай бактылуу өткөн өмүрдүн ээси Муса агай тирүү жүргөндө 23-мартта 90 жашка чыкмак экен. Кантсе да артында эл эстээр эмгеги калды, сыйлуу аты калды. Андан көрө эстеп жүрүү – тирүүлүктүн ыйык парзы.

Муса Жангазиевдей асыл агаларды эсен болуп, эстей жүргөнгө жеткирсин.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз туусу, 18.03.2011-ж.

Муса Жаңгазиев тууралуу дагы маалыматтар.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.