“Алиппеге” 100 жыл

Быйыл эң алгачкы кыргыз “Алиппе” китебине 100 жыл толду. Бирок, аталган китептин 100 жылдыгы азырынча мамлекет тарабынан расмий түрдө белгилене элек. Бир кылымдан бери жашап келаткан “Алиппе” тамга таанытып, сабатсыздыкты жоюп, окуганга, жазганга үйрөтүп, китеп маданиятынын алгачкысы болуп келет. Биз дагы “Алиппенин” 100 жылдыгын утурлай, 1998-жылдан берки учурда колдонулуп келаткан жаңы “Алиппенин” автору, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаевге кайрылганыбызда, жалпы эле “Алиппе” китептеринин тарыхы, мазмуну тууралуу кеп курду.

– “Алиппенин 100 жылдыгы” деп быйыл белгиленгени абдан туура болду. Мен бул маселени былтыр декабрда көтөрүп, “биринчи кыргыз китебинин 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеш керек” деп ММКдан жана радио- теледен айткам. “Алиппенин” жарык көргөн күнү 15-февраль экенин Улуттук китепкананын жамааты айтып чыкты. Китепканада “Алиппенин” тарыхынын көргөзмөсү болсо, И.Арабаев атындагы университетте илимий конференция өттү. Гезиттер жазып, теле-радиолор айтып чыгышканы менен мамлекет тарабынан расмий түрдө белгилене элек.

Алиппенин тарыхынан
– Орхон Энисей доорундагы ташка жазылган тамгалардан кийин 17-18-кылымда педагог Нурмолдо уулу балдарды кыргыз тилинде окутуп, тамга тааныткан. Андан кийин педагог Абдаш Молдо окумуштуу, тарыхчы Белек Солтоноев “дептер түрүндө китеп жазышкан” деп айтылат. Кийинчерээк Молдо Кылыч мектеп ачкан. Бирок, балдарга кандай шартта тамга таанытканын билбейбиз. Кыргыз китеп маданиятынын тарыхынын башталышы катары 1911-жылы Уфа шаарында чыккан Ишенаалы Арабаевдин китеби факт. Ушул жылдардан баштап, “улуттук китеп” деген эмне экенин түшүнө башташкан. Алтургай кыргыздар “чын эле кыргыз тилинде чыккан китеппи?” деп көздөрүнө жаш алган дешет. Чындыгында И.Арабаев өзүнүн доорундагы кыйын илимпоз, педагог болуп, араб тилин мыкты билген. Ал идиректүү казак студенти менен “казак-кыргыз балдар үчүн “Алиппе” жазуу” тапшырмасын аткарып, 35 сабакка ылайыкталган 70 беттен турган “Алиппе” китебин жазышкан. Башка “Алиппелерден” айырмасы-адабий тил болгон эмес. Татар, фарс, араб сөздөрү аралаш берилип, жалпы сүйлөшүү деңгээлинде жазылган. Ал “Алиппе” 1924-жылга чейин колдонулган. 1920-жылы казак окумуштуусу А.Байтурсунов казак “Алиппесин” жазып чыккандан кийин 1924-жылы И.Арабаев кыргыз “Алиппесин” жазып, Ташкенттен чыгарган. Ошентип, казак- кыргыз “Алиппеси” экиге бөлүнгөн. Араб тамгасынын түп нускасын билген Ишенаалы Арабаев араб арибин реформалап, кыргыз тилине ылайыктап, 24 тамгадан турган алфавитти түзгөн.

1925-26-жылдары да кайрадан “Алиппе” китеби басылган. 1927-жылы Касым Тыныстанов Бакуда өткөн чоң конференцияда араб арибинен латын арибине өтүү боюнча алфавит түзүп, К.Карасаев менен И.Арабаевдин “Алиппесин” жаңыртып, “Жаңылык” деген ат менен чыгарган. Бирок, И.Арабаевдин идеясы, ойлору сакталган. Өзгөчөлүгү, биринчи орунда кыргыз улутун таанытуу болгон. Биринчи бетинде Ала-Тоо, боз үй, кыргыздын төрт түлүк малы, оюу-чийме, жайлоосу чагылдырылып, А-4 форматында жарык көргөн. Жан-жаныбар, өсүмдүк, куштардын аттары, макал-лакап, тамсил, жаңылмач, жомоктор ж.б.камтылган. 1928-жылы Каримов менен И.Арабаевдин “Кичинекей колхозчу”, 1935-жылдары Болот Юнусалиевдин “Алиппеси” чыккан. Ошондон улам “Алиппе” деген аталыш такай сакталган. 1940-жылы Кыргызстан орус арибине өткөн. Ошондо Н.Абрамовдун “Алиппе” деген китеби чыккан. Кийинки жылы Т.Актанов кошулуп, кайрадан оңдолуп жаңы “Алиппе” чыгарган. Ал эми согуштан кийин “Тынчтыктын тиреги”, “Мекеним СССР, борбор шаарым Москва” деген темаларды камтыган Москванын букварынын тибиндеги “Алиппелер” чыккан.

Бүгүнкү күндөгү “Алиппенин” жаралышы
– 1987-жылы Билим берүү акадимясынан, эл мугалими Исак Бекбоевдин “мурункулардын катасын оңдоп, кайра жаңы алиппе жазуу” тапшырмасы мага берилди. Эгемендүүлүктүн, улуттук педагогиканын негизинде китепканадан архивдерди казып отуруп, 1911-жылы чыккан И.Арабаевдин “Жаки төтө окуу китеби” кыргыз тилине которгондо “алиппе жана шар окууга үйрөтүү” китебинен башка 1924-жылдан бери 12 “Алиппе” чыкканын билдим. “Алиппе” деген эмне экенин изилдеш үчүн бир гана кыргыз “Алиппелерин” казбастан, уйгур, казак, өзбек, орус, азербайжан алиппелерин карап чыктым. “Алиппе” – тамга таанытып, сабатты жоюу менен чектелбестен, Ата Журтту, Эне тилди, улутту тааныткан символикалуу китеп экен. Мен “Алиппени” жазууда улуттук тилди, улуттук тарбия- таалим, салтты негиз кылып, бүгүнкү күндөгү окуу-тарбия технологияларын пайдаланып, жаңы үлгүдөгү альтернативдүү “Алиппе” жазып, алгач ирет комплект түрүндө чыкты. Курамында: “Алиппе” дептери, “Боемо тамгалар”, “Шайыр тамгалар”, “Кесме тамгалар”, “Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо”, кыскасы, мугалим жана биринчи класстын окуучусуна керектүү материалдарды толук камтууга аракет кылгам. Китепти коомчулук жакшы кабыл алып, 1999-жылы кайрадан А-4 форматында түстүү сүрөттөр менен  кооздолуп, Финляндиядан басылып келди. 13 жылдан бери Кыргызстандын баардык мектептеринде бул китептер колдонулуп, жыл сайын басылмадан чыгарылат.

“Алиппе интеллектуал”
– “Алиппе” мага өзгөчө дем берди. Андан кийин 2-3-класстын кыргыз тил китебин, орус мектептери үчүн 1-2-3-4-класстын кыргыз тил китептерин, “Адеп алиппеси” жана бакча балдары үчүн мектепке даярдоочу “Наристе алиппеси” китебин жаздым. Турмушка жараша тамга таанытып, балдарды турмуштун өнүгүүсүнө карата тарбиялоо керек экендигин баамдадым. Азыр турмуш өзгөрдү. Мурунку окуучуларга салыштырмалуу азыркы балдар мектепке чейин тамга таанып, компьютерди билип, анан биринчи класска барып калбадыбы. Тамга таанып барган балдарга кайра “Алиппе” китебин беришке болбойт. Өсүү деңгээли алдыга кетип, берген билим артта калууда. Башкача айтканда, “Алиппеден” кийинки этапка өтүп кеттик. Биринчи класска тамга таанып келген балдардын билимин өнүктүрүү максатында 2006-жылы “Алиппе интеллектуал” аттуу китеп чыгаргам.

Акча маселесине карата муну министрлик колдобой аткандай болуп турат. Ошентсе да, эксперимент жүргүзүүгө ниеттенип атышат. Ошон үчүн быйылкы жылы аталган китепти кайрадан чыгарып, экспериментти улантсакпы деп турабыз. Китептин артыкчылыгы-тамга таанып кирген балдардын сөзүн өстүрүп, түшүнүгүн байытуу болмокчу. Муну эксперимент далилдеген. Кадимки “Алиппе” менен окуган балдар февралда тамга таанып бүткөндө орто эсеп менен мүнөтүнө 40 сөз окуса, ал эми “Алиппе интеллектуал” менен окуган балдар феврал айында орто эсеп менен 70 сөз окуганга жетишкен. Бул китепке мугалимдер гана эмес, өз учурунда балдардын ата-энелери да кубанып, ушул китепти мектеп программасына такай киргизүүнү суранышып, “Кут билим” гезитине да алгач Бишкек, Жалал-Абад, Таластан каттар келген.

«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.05.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.