Кыз кыялы-кыл кыякта

Кыз кыялы-кыл кыякта

Кыл кыяк-кыргыздын байыркы музыкалык аспабы. Ошол аспаптын касиетин кадырлаган кылкыякчы кызыбыз Залина Касымова буга чейин бир нече эл аралык конкурстарга катышып келди. Өнөрпоз Залина бүгүн “Керегеге” мейманга келип, ар багытта кеп куруп берди.

Май палоо
– Бишкекте төрөлүп, өстүм. Ата-энем Кочкордун Чекилдек деген айылынан болушат. Ошондуктан жай айларын айылдан, жайлоодон өткөрчүмүн. Уй сааганды, сүт тартканды, тамак жасаганды үйрөндүм. Эң алгачкы тамак жасаганым эстен кетпейт, кош бойлуу жеңем бар эле, ал ай күнүнө жетип, төрөт үйүнө кеткенде жайлоодо сиңдим экөөбүз жалгыз калдык. Жумуштун баары биздин мойнубузга түштү. Кечкисин палоо бастык. Тамактын көрүнүшү сонун, жыты буркурайт. Бирок, жейли десек тамактан өтпөйт. Кычкыл даамданат. Көрсө, машинанын майына жасап салыптырбыз. Кийин аны эстеп күлүп жүрдүк.

Ата сабагы
– Атам аккордеон тартып, комуз чертет. Менин музыкага болгон шыгым, азыркы багытым атама байланыштуу. Мектепке бара электе эле, бала бакчадан комуз чертип, бийлеп, музыкалык кружокторго катышып жүргөнүмдү көрүп, кийин атам М.Абдыраев атындагы мектептин кыл кыяк бөлүмүнө өткөрүп койгон. Кыл кыяктын чертилишин, күүлөрүн телевизордон гана көрүп жүрчүмүн. Мектепке тапшыргандан кийин, биринчи жолу колума кармап көрүп, таң калгам. Андан кийин бат эле көнүп кеттим. Ал жерден Б.Адышева, Б.Чытырбаевден сабак алдым. 2003-жылы консерваторияга тапшырып, төрт кылдуу кыл кыякта ойногонду үйрөндүм. “Устат-шакирт” деген борбордон жыгач, темир ооз комуздарда, эки кылдуу кыякта ойногонду өздөштүрдүм. С.Токтакунова эжебизден да сабак алдым.

Кыл кыяк
– Кыл кыяктын атасы-Муратаалы Күрөңкеев. Анын салмактуу укмуштуудай күүлөрү бар. Толтой Мураталиев, Сейит Бекмуратов аттуу адамдар, азыркы учурда Бакыт Чытырбаев деген агайыбыз кыл кыяк боюнча профессионалдар. Кыяк – төрт кылдуу жана эки кылдуу болуп экиге бөлүнөт. Экөөнүн айырмачылыгы абдан чоң. Төрт кылдуу кыяктар кийинчерээк эле чыккан. Аны “зым кыяк” деп да аташат. Ал скрипкага окшошуп кетет. Аны менен көбүнчө классикалык чыгармаларды аткарабыз. Скрипканын репертуарындагы ырлар ойнолот. Ал эми эки кылдуу кыяк ата бабаларыбыздан бери тартып келе жаткан аспап болуп эсептелинет. Кыргыздын илгертеден бери келе жаткан күүлөрү ойнолот. Экөөнүн добуштары эки бөлөк. Ойноо техникасы дагы эки башка. Мен экөөнү тең бирдей алып кеткенге аракет кылам. Төрт кылдуу кыякта ойноо алда канча оор. Мисалы, чет өлкөлөрдөгү конкурстарга катышканда эки кылдуу кыяк менен ойнойм. Анткени төрт кылдуу кыяк менен дүйнөлүк классикалык чыгармалар, мисалы, Бетховендин, Моцарттын чыгармалары ойнолсо, эки кылдуу кыяк менен кыргыздын нукура ырларын күүлөрүн аткарам. Кыргыздын музыкалык аспабын чет элге таанытыш үчүн эки кылдуу кыяк менен чыгам. Биз кыргыздын маданиятын улуттук аспаптарыбыз менен көрсөтө алабыз. Мисалы, чет өлкөгө барганда биздин кыл кыякта, жыгач ооз комузда ойногондо абдан таң калышат. Концерт бүткөндөн кийин келип кызыгып сурашып, жыгач ооз комузду кармап көрүп, “жөн эле жыгачтан ушундай үндөр чыгабы” деп таң калгандар да жок эмес.

“Капризный” аспап
– Кыл кыяктын жасалышы абдан татаал. Өзү өрүктөн, жаасы кара жыгачтан. Бетине төөнүн же уйдун терисин тартышат. Кыяктын кылдары аттын куйругунан жасалат. Кыркылган куйрук же союлган аттын куйругу жарабайт. Күлүк же жорго аттардыкы абдан жакшы болот деп айтышат. Учурда менин эки кыл кыягым, эки төрт кылдуу кыягым, темир, жыгач ооз комуздарым жана комузум бар. Аларга өзгөчө көңүл бурам. Кыяк абдан “капризный” болот. Мисалы көп ойнобой жүрүп анан ойносоң үнү өзгөрүлүп калат. Аны көндүрүүгө туура келет. Менин кыягымда башка бирөө ойносо үнү башкача чыгышы мүмкүн, айтор, жандуудай сырдуу аспап.

Аскат экөөбүз…
– Кыягым менен эстрада жаатына кайрылып жатам. Жаштар кыл кыякты көп түшүнө беришпейт. Ошентсе да азыркы ырчылар деле кыяктын коштоосунда ырдашат. Г.Сатылганова көпчүлүк ырларын кыяктын коштоосунда ырдап, баалайт. Ырчы жолдошум Аскат экөөбүздүн чогуу аткарган фольклордук маанайдагы чыгармаларыбыз бар. Буюрса, күзүндө экөөбүз биргеликте концерт берели деген жакшы тилегибиз бар. Ага дейре Нарын жергесин кыдырып концерт коюну пландап жатабыз.

Музыка хобби эмес
– Кээ бир ырчылар чыгармачылыкты, ырдоону, музыканы хобби катары эсептеп жүрүшөт. Арасында “кийинчерээк башка кесипти аркалап кетем” дегендери да бар. Мен буга толугу менен кошулбайм. Мен ушул тармак боюнча андан ары өркүндөп өсүүгө, чыгармачылыкты байытууга аракет кылам. Азыркы аткарып аткан иштеримдин үзүрүн көрсөм деп тилейм. Кыргыздын маданияты, келечеги кең деп ишенем. Кыргыз элибизде тынчтык,ы анан өсүү болсун!

Нургүл ИБРАЕВА, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.