Куйручук олуя да болгон…

“Куйручук” деген атка ээ болгон Кудайберген Өмүрзак уулу 12 жашынан малайлыкка жалданып, үркүндү, оор турмушту башынан кечирген. 5 жашынан куудулдукту үйрөнгөн Куйручуктун куудулдук гана эмес, көрөгөчтүк, олуялык, баатырлык, акындык жайы бар экенин баары эле биле бербесе керек. Өтө курч ырларды чыгарып, “Манас” эпосун жана башка дастандарды айта билген ал 1938-жылы өнөрпоздордун республикалык олимпиадасына катышкан. Ал эми баатырлыгы боюнча, “Соң-Көлдөн кайтып келе жатып, көк жал карышкыр менен кармашканы” эл арасында аңыз болуп айтылып жүрөт.

Кыргыз элинин белгилүү куудулу Куйручуктун 145 жылдык мааракесин өткөрүү даярдыгы көрүлүп жатканын угуп, бир чети изилдөөчү, бир чети ушул айылдын келини катары атабыздын көп кырдуу инсандык касиеттерин ачып берүүнү ойлоп, мындан бир ай мурун айылды көздөй жөнөп калдым…

Айылга баргандан кийин, айыл аксакалдарынан Куйручук атабызды көргөн жана андан бата алган, бүгүнкү күндө Куйручук айылында (мурунку Кызыл-Туу) жашаган 89 жаштагы согуштун жана эмгектин ардактуу ардагери Сапаралиев Нурдин ата тууралуу угуп, анын үйүндө болдук. “Куйручук атабыз каза болгондо 18 жаштагы жигит элем. Бет келбетин сүрөттөп бере турган болсом, узун бойлуу, өңү калың, буржуйган баатыр сымал адам эле. Куйручук атабыз 1940-жылы 1-майда каза болду. Ошондо кыламык кар жаап, “улуу адамдын өлүмүнө жаратылыш да ыйлап жатат” деп элдин айткандары эсимде калыптыр” деди ата.

Эмесе, Нурдин атабыздын төмөндөгү эскерүүлөрүнөн, атактуу Куйручук тууралуу буга чейин элге айтылбаган-жазылбаган жактарын окуп, ал адамдын көрөгөчтүк, олуялык касиеттерине күбө болуңуз.

Биз билген, билбеген көрө билгичтик
“Атам Сапаралы Чүйдөн Жумгалга көчүп келип жашап жаткан кези. Ал кезде Таш-Дөбөдөн сууну буруп келип, эгинин сугарышчу экен айылдагылар. Кезек Куйручук атабыздыкы тура. Аны билбей эле, атам сууну буруп алып, эгинин сугара баштайт. Эртеси Куйручук келип, “сууну буруп алган ким экен?” деп сүйлөнөт. Атам “мен эле” деп жооп бергенде, Куйручук чочуп кетип, “Сен жөн киши эмес экенсиң, сага бата тийген турбайбы, сууңду сугарып болгон соң, бизди көздөй буруп коёрсуң” деп, атын бастырып кете бериптир. Көрсө, Куйручуктун көзү ачык жагы да бар экен. Чындыгында эле атамдын аялы начар чыгып, атасын өзү багып, кир-когун жууп, алпештеп асырап, батасын алса, келини каарына калып, үркүндө каза болуп калыптыр”…

* * *
“Чарбалык кызматтарыма байланыштуу, Жумгал районунун бир нече айылдарында иштеп калдым. Эл аралап жүрүп, Куйручук жөнүндө көптөгөн эскерүүлөрдү уктум. Баласы жоктор Куйручуктан бата сурап, ал бата берсе, балалуу болушкан. Өрнөк айылында 1908-жылы туулган Шералы деген киши бар эле. Балалуу болбой, элдин айтуусу менен Куйручукка келет. “Мага бата берип койсоңуз, балалуу боло албай жүрөм” дейт ал. Анда Куйручук бата берип, “балалуу болгондо, мага алдагы минип турган атыңды бересиң” дейт. Бир жылдан кийин Шералы балалуу болот. Күлүк атын бергиси келбей, “андан көрө кулундуу бээ берейин” деп чечип, Куйручукка келет. Ошондо Куйручук: “Сен да айныдың, мен да айныдым” деп басып кеткен экен. 6 күндөн кийин баласы чарчап калганда, Шералы “аттиң!” деп арман кылып, бир жылдан кийин элди ортого салып, кайра Куйручукка келген тура. Куйручук кайра бата берип, ал киши балалуу болгондо, сүйүнгөнүнөн баягы бербей койгон күлүк атын, кулундуу бээсин жетелеп, Куйручуктан кечирим сурап келет. Анда Куйручук ата: “Кудайдан, мен бала эле сурайм, атыңды абдан жакшы көрөт экенсиң, аны өзүң ал” деп, кулундуу бээсин алган экен”.

* * *
“Куйручук атабыз 1940-жылы, башкача айтканда, Улуу Ата Мекендик согуш баштала электе каза болот. Бирок, “Алаамат келе жатат, жакында эр-азаматтар согушка аттанат. Алаамат күн башталат. Бирок жеңишке жетишип, жакшы турмушта жашайсыңар” деп айтканын Жумгал эли алигиче ооздон-оозго өткөрүп айтып жүрүшөт”.

* * *
“Кызарт айылында жакында эле Куйручук аттуу адамдын көзү өтүп кетти. Ал кишинин атасы баласы жогунан, Куйручукка барып, Теңирден перзент сурап берүүсүн өтүнгөн, ага Куйручук “балалуу болосуң, бирок, ысымын өзүм коём” деп жооп берет. Олуя айткандай, ал киши ымыркайлуу болуп, анан атын койдурайын десе, Куйручук Токмокко кеткен болот. Эки айча күтүп, “Куйручук өзү деле сүйүнөөр” деп, баланын атын Куйручук деп коюп коюшат. Куйручук сапардан келгенде, баланын атын Куйручук койгонун айтышса, “аттиң болбостур, бекер кылыптырсыңар, мен айттым эле, атын өзүм коём деген элем, анымды укпапсыңар, Куйручук деген атты бала көтөрө албайт, бир мүчөсү кем болот, бирок өмүрү узун болот дептир. Айткандай эле, баланын мурду кемтик болуп, бирок, балалуу-чакалуу болуп, жакшы турмушта узак жашап өттү”.

Нурдин ата менен болгон маегибизди коштой, ушул айылдын 80 жаштагы аксакалы Исмаилов Кадыркул сөзгө аралаша кетти:
“Атамдын жакын тууганы Садыбакастын жалгыз уулу каза болуп, аза күтүп: “Жалгызымдан айрылдым, эми мага жарыкчылыктын эмне кереги бар” деп тамак ичпей, бүк түшүп ыйлап жатып алган экен. Туугандарынын айласы кетип, Куйручукка келишип, “бир укса сиздин сөзүңүздү угат, агабызды кепке-сөзгө келтириңиз” дешет.

Куйручук Садыбакастын үйүнө келип, “эмне болду, аксакал?” десе, мага жашоонун кереги барбы, уулумдун артынан өлөйүн деп чечтим” деп жооп узатат. Ага Куйручук кыжырданып, сөз баштайт:
– Андан көрө, менин сөзүмдү тыңда, азыр эл алдында батамды берейин, жыл алмашып эркек уулдуу болосуң, – деп алакан жайып батасын бериптир. Ошо кезде Садыбакас 70 жашта, кемпири 55те экен.
– Менин жарамды кайра ырбатпагыла, Кудайды карасаң боло, Куйручук, – деп Садыбакас кайра буркурап ыйлай баштайт.
Ошентип, чындыгында эле жыл айланып, Куйручук олуянын батасы кабыл болуп, Садыбакас 71 жашында, кемпири 56 жашында Зарылбек аттуу уулдуу болушкан. Зарылбек догдурлук кесипти аркалап, эл оозуна алынган”.

Куйручуктун куйкуму
Куйручук 1916-жылы Үркүндө Турпан жергесине качып барып туруп калат. Ал жердеги бай Түкбашга келип, “9 эшек көтөрө алгандай эгин жүктөп бер” десе,Түкбаш мындай дейт:
– Кулагы жок чунак Куйручук,
Куйругу жок чолок Куйручук.
Өйдө чыкса өбөксүң Куйручук,
Ылдый жүрсө жөлөксүң
Куйручук.
Арка кылаар элиң кайда?
Азык берээр жериң кайда?

Анда Куйручук:
Кулагым чунак болсо –
шумкармын
Куйругум чолок болсо –
тулпармын.
Кулагы узунду эшек дейбиз,
Куйругу узунду ит дейбиз.
Өбөксүз өйдө чыксам – жүрөгүм
таза.
Жөлөк коюп таяк алганды
ууру дейбиз.
Арып-агып алыстан келдим.
Арка болчу эл ушул!
Тентип-тентип тегимден
келдим,
Эне болчу жер ушул.
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөйт да жүгүнөт.
Жалгыз десең, күнгө тилиң
тийгени.
Жарык берген дүйнөгө,
Жарды десең, айга тилиң тийгени, – деп жооп берген.

Ошондо Түкбаш жеңилип, сөзүн кайра алып, эгинин жүктөп бергенге айласыз болгон. Ошентип, Куйручук Кытайда жүргөндө да элин багып, ачарчылыктан ар кандай айла-амал менен алып калган.

Куйручук ата тууралуу баянымды аяктап жатып, кыргыз элинин улуу инсандарынын өмүр таржымалы, басып өткөн изи, тарыхы улам толукталып, иликтенип, келечектеги жаш муундарга өрнөк болооруна ынандым.

Гүлзада Абдалиева , “Учур” («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.