Байсалдуу өмүр, бараандуу талант

Балалыктын башаты
Биздин байыркы жана түбөлүк жаш элибиз аттары тарых барактарында өчпөс алтын тамгалар менен жазылып калган жана жазылып кала турган даңазалуу инсандары менен табигый түрдө сыймыктана алат. Алар ар кайсы доорлордо жашап өтүшкөн, ошондой эле азыр да арабызда аман-эсен өмүр сүрүп жатышкан биздин мекендештер. Кимди-кимди дебейли, бирок ошолордун сабында Кыргыз эл жазуучусу, атактуу драматург, сценарист, белгилүү коомдук-саясий ишмер, тарбиячы-аалым жана публицист, профессор Бексултан Жакиевич Жакиевдин татыктуу орундардын бирин ээлеп турарында эч кандай шек жок. Минтип, анын ысмын атайлап атап жатканыбыздын да өзүнчө жүйөлүү себеби бар, анткени ушул жылы ал 75 жашка толуп, республикабыздын улуттук интеллигенциясы жана жалпы эле коомчулугу бул салтанаттуу мааракени кеңири белгилөөнүн алдында турат.

Калкыбыздын калың катмарына аттын кашкасындай таанымал болгон Б. Жакиев 1936-жылы Көл кылаасынын айтылуу Тоң районунун борбору Кольцовка айылында колхозчунун от башында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы өтө оор согуш мезгилине туш болуп, анын каары менен заарын миңдеген жердештери өңдүү эле өзүнүн жон териси менен сезген. Алар өспүрүмдүн сезимине терең таасирин тийгизип, кийин драматургдун чыгармачылыгында элестүү чагылдырылгандыгы маалым.

Б. Жакиев 1943-жылы өз айылындагы М. Горький атындагы орто мектептин босогосун аттап, аны ийгиликтүү бүтүрүп чыккан. Мектеп ошол тапта район гана тургай, бүтүндөй облус боюнча да алдыңкылардын катарына кирип, өз учурунда анда атактуу акын Тенти Жунушбаева (Адышева), коомдук-саясий ишмерлер жана ири илимпоздор Кеңеш Кулматов менен Карыбек Молдобаев окуп билим алышкан. Ал эми Бексултан агай элибиздин сыймыгы болгон улуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев менен биринчи класстан баштап чогуу окуган.

Каргадайынан тарта тирикарак, бүйрө, аракетчил өскөн Бексултан үлгүлүү гана окубастан, мектебинин пионердик, комсомолдук, спорттук уюмдарынын иштерине такай жана жандуу катышып, өзүн мыкты активист катары көрсөтө алган. Ал К. Кулматов экөө волейбол боюнча райондун курама командасында ойношкон. Анын зээндүү, сезимтал болуп жетилишине, эртелеп чыгармачылык нукка баш коё башташына чоң атасы Абийир менен энеси Салийман тийгизген таасири өтө чоң болгонун драматург көп эскерип калат. Чоң атасы ысмы район боюнча кеңири тараган сөзмөр, чечен, санжырачы, энеси кошокчу, жамакчы болушкан. Мындан сырткары, ал атактуу манасчы Мамбет Чокморов, чоң комузчу Осмонов, акын Шамей уулун көрүп, алардын жанында өсүп чоңойгон. Куйма кулак Бексултан ата-энесинин айткандарын жадына жадыбалдай жаттап, эртели-кеч уй мүйүз тартып олтуруп кызыктуу аңгеме-дүкөн куруп, санжыра айтышкан карылардын кебин “капка салып” келген.

Мектептин жогорку класстарында окуп жүргөн маалында драмалык ийримге жан дили менен катышып, окуучулардын күчү менен коюлган Ж. Турусбековдун “Ажал ордунда” пьесасында башкы каарман Искендердин, Ж. Бөкөнбаевдин “Алтын кызында” Жапардын ролун, К. Маликовдун “Биз баягы эмеспиз” драмасында башкы каармандын ролун чебер аткарып, “жаш артист” деген атка конгон. Баса, “Ажал ордундагы” орус кейипкери Григорийдин ролун ошол эле Кеңеш Кулматов аткарган.

Жогорку окуу жайындагы мезгил
Б. Жакиев 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1958-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат. Университетте окуган жылдар ал үчүн терең билим алуунун гана эмес, чыгармачылык талантынын пайдубалын түптөөнүн учуруна да айланды. Анткени анда адабий жана драматургия ийримдери иштеп, аларга Б. Жакиев менен бирге кийинки улуттук адабиятыбыз менен маданиятыбыздын кыр аркасын түзүшкөн Ж. Садыков, К. Бобулов, С. Жигитов, А. Жакыпбеков, Э. Турсунов, М. Тойбаев, С. Жетимишев, М. Байжиев, О. Султанов, Ж. Абдраимов ж. б. сыяктуу белгилүү инсандар чоң дилгир катышкан. Бексултан агай А. Сманалиев жетектеген драматургиялык ийримдин ишине тартылып, айтылуу “Курманбек” пьесасында Курманбектин ролун аткарып, өзүнүн чеберчилиги менен көрүүчүлөрдүн купулуна толо алган. Андагы Айганыштын образын кийин таланттуу журналист катары таанылган Жамийла Кочкорбаева ынанымдуу түзгөн. Пьеса Кемин районунун бир нече чарбаларында көрсөтүлүп, театр сүйүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.

Эмгек жана чыгармачылык жолунун башаты
Б. Жакиев өзүнүн эмгек жолун 1958-жылы университетти бүтүргөндөн кийин медициналык институтта кыргыз тили боюнча мугалимдиктен баштаган. Ал КМУнун акыркы курстарында окуп жаткан чагында эле өзүнүн эң алгачкы “Атанын тагдыры” драмасынын үстүндө иштей баштаган. Ал жазылып бүткөндөн кийин аны дароо эле залкар режиссёр Жалил Абдыкадыров Кыргыз драма театрынын сахнасына алып чыккан. Ошондо Б. Жакиев болгону 21 жашта эле. Пьеса биринчи эле коюлушу менен көрүүчүлөр менен адабий сын тарабынан өтө жылуу кабыл алынып, болуп көрбөгөндөй ийгилик менен коштолуп, кыргыз драматургиясындагы эң чоң окуя, ири бурулуш учурга айланган. Драматизми күчтүү, адамдардын ар кыл психологиялык абалдарынын жыштыгы жана реалдуулугу менен айырмаланган бул чыгарма дароо эле көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк таап, сөздүн толук маанисинде автордун да, режиссёрдун да, жалпы эле театрдын да багын ачкан деп айтсак, аша чапкандыкка жатпайт. Пьесада Улуу Ата Мекендик согуштун кайгылуу элеси адамдардын аң-сезиминен кете элек мезгилде согуш темасында жазылган таланттуу чыгарма болуп эсептелет. “Драма ушул маселени чоң реалисттик чеберчиликте көрүүчүнүн, окуучунун сезимине таасирдүү жеткире алгандыгы менен чоң ийгиликке жетишкен”, – деп ага акыйкат баа берип кеткен белгилүү адабият таануучу жана сынчы Качкынбай Артыкбаев. Драмадагы башкы каарман Акылбектин ролун улуу актёр М. Рыскуловдун өзү аткаргандыгы эле эмнеден кабар берип турат?

“Атанын тагдырынын” өз тагдыры да өтө бактылуу болду. Ал кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлуп, атагы өлкөбүздүн чегин аттап өтүп, коңшулаш Казакстандын Алматы, Жамбыл, Шымкент, Семей шаарларынын театрларында 300дөн да арбын жолу көрсөтүлүп, казак көрүүчүлөрүнүн көңүлүн өзүнө тарта алды. Пьесанын мындан 55 жыл мурда жазылгандыгына карабастан, анын эмдигиче чейин сахнадан түшпөй келатканынын сыры да ушунда жатат. Биздин оюбузча, Б. Жакиев бөлөк драмаларды жазбай, ушунусу менен эле чектелгенде да, улуу драматург катары кала бермек деп айтууга толук негиз бар.

Уюштуруучулук жана коомдук -саясий ишмердиги
Б. Жакиев Москвадагы эки жылдык киносценаристтердин курсун бүтүрүп чыккандан кийин ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап келди. Ал “Кыргызфильм” киностудиясында, Маданият министрлигинде, Кинематография боюнча мамлекеттик комитетте башкы редактор, ошол эле министрликтеги Бириккен репертуардык коллегиясынын башчысы, Б. Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун профессору, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер кошунунун катчысы болуп үзүрлүү эмгектенди. Булардан тышкары, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын директору жана көркөм жетекчиси, ал эми 1994-жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитеттин төрагалык милдетин үзүрлүү аткарып келүүдө.

Б. Жакиев “Атанын тагдырынан” кийин да ар кандай турмуштук көрүнүштөр менен коллизияларды, адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерди, моралдык көйгөйлөрдү козгогон, тарыхый, жашоо, достук, эмгек, махабат ж. б. орчундуу темаларга арналган бир катар драмалык чыгармаларды жазды. Мисалы, 1964-жылы Токтогулдун 100 жылдык мааракесине карата ал “Миң кыял” драмасын тартуулады. “Эртең – Жаңы жыл” пьесасы комедия жанрында жазылды. “Өкүм” драмасында автор каармандардын психологиясынын калыптаныш, ички дүйнөсүнүн өзгөрүш жараянына терең талдоо жүргүзсө, “Жолугушууда” үй-бүлөдөгү чиеленген маселелерге кайрылды. Ал эми автордун “Алтын аяк” драмасы элибиз өз башынан кечирген тарыхый доорлорду көркөмдүк жактан да, философиялык жактан да жалпылап көрсөтө алган. Аталгандардан сырткары, ал “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жаза” аттуу драмаларды жазып, алар театрларда чоң ийгилик менен көптөгөн сапар коюлган. Алсак, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” спектакли Алматынын М. Ауэзов атындагы драма театрында ушул убакка чейин коюлуп келүүдө.

Б. Жакиевдин пъесаларына кейипкерлердин өз ара мамилелери, мүнөздөрүнүн кагылышуулары, аракеттердин ыкчамдыгы, композициясынын кынапталып, так түзүлүшү мүнөздүү. Автор аларда келишпес чындык үчүн күрөшөт. Каармандардын монологдору менен диалогдору драманын ички маани-маңызын терең ачып берүүгө кызмат кылат. Алар автордун психологияга болгон чоң кызыгуусун айгинелеп, жандуу жана элестүү түзүлгөн. Каармандардын сөздөрү кынапталып, өтө так жазылып, метафоралар менен коштолгон. Б. Жакиев өз каармандарын кандайдыр бир үлгүлүү эталонго айландырып, идеалдаштырууга кызыкпайт, турмуш чындыгы кандай болсо, аны так ошондой берүүгө аракеттенет. Анын драмалары ушунусу менен баалуу жана маанилүү.

Б. Жакиевдин чыгармачылыгы өзүнүн көп жактуулугу, көп пландуулугу менен кескин айырмаланып турат. Анын курч калеминен бир нече повесттер, новеллалар, аңгемелер, киносценарийлер жаралды. Республиканын мезгилдүү басма сөзүндө анын публицистикалык курч маанайда жазылган макалалары, дил маектери байма-бай жарыяланып келүүдө. “Атанын тагдыры” боюнча опера, “Саадак какты” боюнча балет жазылды. Ал М. Ауэзовдун, Б. Брехтин, С. Михалковдун, С. Алёшиндин чыгармаларын эне тилибизде сүйлөтүп, театрларда коюлушуна шарт түздү. Анын таланты театрлаштырылган ар кыл постановкалардын сценарийлерин түзүүдө да айкын-ачык көрүндү. Кыргызстандын 50, М. Рыскуловдун 60, Ч. Айтматовдун 60 жана 70, “Манас” эпосунун 1000, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыктарына арналып театрлаштырылган спектаклдердин сценарийлери коомчулук тарабынан өз алдынча чыгармачылык ири ачылыш катары кабыл алынды.

Б. Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган долбоордун негизинде манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк өнөрлөр ЮНЕСКО тарабынан Бүткүл адамзаттын оозеки мурасынын шедеври деп жарыяланды. 2007-жылы “Манас” эпосунун “Манас – кыргыздардын баатырдык эпосу” аттуу кысылган варианты түзүлүп, ал мектеп окуучусунан баштап, дыйкандарга чейинки адамдар кызыгып окуй турган өтө баалуу жана зарыл чыгармага, чыныгы бестселлерге айланып калды.

Б. Жакиевдин кыргыз улуттук адабиятын, асыресе, драматургиясын өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги татыктуу бааланып, ал “Манас-3” ордени, “Даңк”, “Манас-1000”, Казакстан Президентинин “Астана” медалдары, Украинанын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, бир канча дипломдор жана төш белгилер менен сыйланган. Ал өзүнүн өмүрлүк жары Сабира жеңе менен уул-кыздарды тарбиялап өстүрүп, үй-бүлөсү, неберелеринин курчоосунда бактылуу өмүр сүрүүдө. Деген менен, калкыбыздын кадырман уулу ата мекендик драматургиясынын классиги, таанымал жазуучу, котормочу, сценарист, белгилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер публицист катары өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө, улуттук маданиятыбыздын өркүндөшүнө, элибиздин рухий байлыгынын дөөлөттөрүн даңазалоого, көркөм өнөрдүн жаңы муундарын тарбиялоого кошкон зор салымы, коомдук жигердүү иш-аракеттери мамлекетибиз тарабынан өзүнүн эң бийик даражадагы баасына дагы да татый алат деп жазбай ишенебиз.

Биз Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казакстандын Т. Айбергенов жана Ж. Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын ээси, республиканын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер Бексултан Жакиевди анын салтанаттуу 75 жылдык торколуу тою менен ак дилибизден куттуктап, ага бекем ден соолук, жемиштүү узак өмүр жана жеңиштүү чыгармачылык, жаңы ийгиликтерди каалап кетебиз.

Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Фабула” («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.06.2011-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.