«Аптап» сынагы: Тынчтык Алтымышев

АПТАП
үрмөк)

Шаарда…
Чекеден терим тамчылап,
Аптапка денем жанчылат,
Салкындап үйдө жатууга,
Жай бербейт турмуш камчылап.

Капырай, кантип болсун бу,
Күн жерге түшүп келиптир,
Күкүрттөй жанган ысыкка,
Кара жол бүгүн эриптир.

Көзүмдөн учат кең жайлоо,
Какшаткан тишти булак суу,
Карайлап келем калаада,
Куурулуп күнгө, чыкпай буу.

Маршрутка.  Элдер тыгылыш.
Колоңсо, шыбоо, тер, атыр.
Аппапак  кыздын денеси,
Денеме тийип нымдашып-
Дене бой козгоп келатыр…

Айылда…
Аптабы сонун айылдын,
Көчөлөр чаңга буюккан,
Сай жээкте балдар чуркурап,
Секирип сууга чумушкан.

Тигинде кийиз тепкилеп,
Келиндер сүртөт терлерин.
Күбүрөп ичтен наалышып,
Күнөөлөп алган эрлерин.

Чак түштө кызып тиет күн,
Бозорот улам тоо бети,
Саргарса аңыз кубанат,
Абышка кармап кетменин-
Акталат  ойдо мээнети…

Жайлоодо
Саратан жайдын мезгили,
Салкын жел келет тоо жактан,
Саадырбай бээлер тебинет,
Көгөндөн качып көп чаккан.

Оттобой койлор жуушаган,
Тумшугун катып жарчага.
Койчусу дөңдө олтурат,
Кымыздан жутуп тамшана.

Тигинде уйлар сайгактап,
Төш ылдый чуркап баратат.
Аптапка моюн сунбастан,
Баканда эски радио –
Коктуга обон таратат…

Тынчтык Алтымышев,
«Аптап» сынагына

Соц тармактар:

2 thoughts on “«Аптап» сынагы: Тынчтык Алтымышев

  • 01.08.2011 at 18:31
    Permalink

    Тынчтык, уч ырыныз тен абдан жакшы жызылган. Бирок эн эле жэагымдуусу “Жайлоодо” деген ырыныз. Анткени биринчи “Шаарда” деген ырынызды колонсо, шыбоо жана денениздин ашыкча сезимталдыгы “бузуп” койгон. “Айылда” болсо куйоолорун куноологон наалыган келиндердин кубуру жагымсыз сезилет экен. Кийиз жасаган кыргызда озунчо эле ритуал! Ал тургай ашыкча соз да суйлобойт энелер, женелер. Ушундай башкача дем менен жасалат кийиз. Кап, ушул ашыкча кеткен саптар болбосо сонун ырлар жаралган экен. Жонокой, бири-бирине куюлушкан татынакай саптар ырларынызга озгочо корк берип турат.

    Reply
  • 06.08.2011 at 10:25
    Permalink

    Айтылган сынды туура кабыл алам. Бирок, кичине оз оюмду билдирип койоюн. Мен ырда коркомдукко эмес, реалдуулукка басым жасагам, ошондуктан шаардагы аптапта шыбоо дегендер реалдуу нерсе кунумдук турмушта кездешкен. Ал эми айылдагы женелер менен мен далай кийиз тебишкем. Мээ кайнаткан ысыкта кийиз тепкилеген женелердин кубанганын коро элекмин. тескерисинче “элдин аялдары ушу кезде Ысыколдо эс алып журот, биз минтип оокаттан башыбыз чыкпай журобуз. Жок дегенде кийиз тебишип койбой атты минет да талаада кечке арак ичип журот куйоолорбуздун кордугу отту” деген кептерди коп уккам. бул дагы реалдуулук. Рахмат.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.