Куйручук – олуя

1866-жылы жарык дүйнөгө келген Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук) кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал. Жумгал районунун кулуну  Куйручук жөнүндө эл арасында түрдүү окуяларды айтышат. Бирок, апыртып айткан сөз эмес. Карыялардын жана бирге жүргөн жолдошторунун айтуусуна караганда, Куйручук жалаң эле куудул болбостон, балбан, эр жүрөк да болгон. Эч нерседен коркпогон баатыр да, ошону менен бирге көзү ачык (олуя) болгон. Бирөөнүн бир малы  же буюму жоголсо, же буюму ал кайсы жерде турганын, аны ким уурдап алганын даана айтып берүүчү экен. Бирөөнүн короосунда кандай малы бар, ошону Куйручук көрбөй туруп, көзү ачыктыгы, олуячылыгы менен алдыда эмне болоорун билүүчү тура. Ошондой эле, Куйручук акын да болгон. Алдын ала келе турган жакшылыкты же жаманчылыкты – олуячылыгы менен билип, көрүп тургандай айтып көпчүлүктү таң калтырып, тамшандырган. Эми Куйручуктун олуялыгын жана көз ачыктыгын айта берели.

Күздүн күнү. Чүй тараптан Куйручук бир топ киши менен Шамшыны ашып, Жумгалга келе жатат. Ошол убакта Сарыбагыш элинин манабы Ыбыке уулу Канат өз эли менен чыгымдарды жыйноо үчүн топ жыйып жаткан болот. Бирөө Куйручуктун кетип бара жатканын көрө коюп (Канатты ажы дешчү экен): “Ажым, менде бир собол сөз бар”, – деп өтүнүп калат. Канат ак көңүл, ак ниет адамдын көңүлүн калтырбаган калыс киши болгондуктан, баягы жигитти бир карап алып:

– Айтчы собол сөзүңдү, – дейт.

Жигит ордунан тура калып: “Тигинде Жумгалдын олуясы Куйручук өтүп бара жатат. Ошонун олуялык сөзүнөн угуп калсак. Топтун аягын эмки аптада (дем алышта) улантсак деймин”, – дейт. “Угалы ажым” – деп эл чурулдап калышты. Ак көңүл ажы: “Мейли, жыйналыштын калганын эмки аптада уланталы. Анда куудулду чакырып келсин”, – деп жигит жиберди.

Жигит чаап барып Куйручукка салам айтып: “Сизди, Куке, Канат ажы чакырып жатат”, – деди.

– Чакыргандан калбагын, чакырбаса барбагын дейт. Чакырса баралы, – деп, Куйручук келип түшүп калды. Канат ажы менен учурашып: “Чоң өтүгүм”, кандай, деп Куйручук ажыны тамашалайт. Анткени, атасы Ыбыке балбан киши экен. Күрөшкө чыгарса өтүк батпай, сугатчынын Анжыяндан алып келген өтүгү чак келиптир. Ошол өтүктү кийип күрөшкө түшүп, каршысын жыккан экен. Сугатчы мындан ары сиз эле кийип алыңыз – деп өтүктү Ыбыкеге бериптир. Эл тим турмак беле, Ыбыкени “чоң өтүк” деп атап калышат. Ошон үчүн Куйручук бир чети тамаша, бир чети шылдың кылып, элди күлдүрүү үчүн тамашалап койду. Кээ бирөө ачык күлсө, кээ бир  туугандары жылмайып коюшту. Канат ажы куудулду карап: “Куудулум, сени эл чакырып жатат. Сенин олуялык сөздөрүңдү уксак  деп чакырып калдык” – деди. Ошондо Куйручук куудул Канат ажыны бир карап алып, анан элди кыдырата карап:

– Сөз угасыңарбы?

– Ооба, – дешти көпчүлүк чурулдап.

– Анда баарыңар аттан түшүп, аттарыңарды алыс байлап, мына менин жаныма уй мүйүз болуп тегеректеп олтургула, – дейт.

Эл уй мүйүз болуп Куйручукту тегеректеп олтурушту. Элди тегерете карап:

– Ажым, бул олтурган элиңде атактуу байлар барбы? – деп сурап калды.

Анда Канат ажы өзүн жана элин өйдө көтөрүп: “Сарбагыш элинин атактуу байлары ушул жерде олтурушпайбы”, – десе Куйручук олуя ичинен күлүп: “Бул байларга бир сыр көрсөтөйүн”, – деп ойлойт.

– Эмесе эл-журтум, укканды айтып берейинби же көргөндү айтып берейинби деди. Эл бир мүнөт тынч боло түшүп, элдин ортосунда олтурган, сакалы белине келген, ак сакал карыя ордунан тура калып: “Уккан сөздүн жарымы – жалган, жарымы – чын, көргөндүн көбү чын. Ошон үчүн куудул көргөнүңдү айтып берчи”, – деп, ордуна олтурду. Карыянын сөзүн олтурган калк колдоп кетти. Анда Куйручук көпчүлүктү карап сөз баштады.

– Канат ажым, элиңдин ичинен жети бай тандап аламын. Жетөөнө бир суроо беремин, чечип кетишсе, жети асый берем. Чече албай калышса жетөө жети асый беришет. Байларың макулбу? – деди.

– Байлар, макулсуңарбы? – деп Канат ажы сурады. Байлар бир асый өлүп деле калат дешип, баары чурулдашып, макул болушту. Куйручук элди кыдырата карап туруп:

– Өңү көөдөй капкара болгон, көзү кара буканыкындай сүзүлгөн, мойну буканыкындай жоон, курсагы кырк бээнин сүтү баткан сабадай, кара теке сакал, быртыгый манжалуу, кара кементай кийген, кап курсак байым бери чык, – деп бир байды элдин орто жерине тургузуп койду. Карап турган кембагалдар кыйкырышып күлүп жатышты. Эл дуулдап кыраан-каткы күлкүдө.

– Башы алма баш, көзү чөөнүкүндөй көк, өңү ышкын түпкө боёлгон теридей сары, кабыктай каткан, узун бойлуу, өңүнө окшош сары пиязы чепкен кийген, жакын конгон жалчы-кедейге, жарты чөйрөк айран бербеген, куу казан байым бери чык, – деп Сарыбайды экинчи кылып тургузуп койду.

Чын эле ошондой бай эле. Эл күбүр-шыбыр болуп жатты.

Эки бети эт жасаган табактай – тайпак, эки бетинин чок ортосу анардай кыпкызыл, эт табагынан кетпеген, бир чайнап нан жебеген, элге берген саан малын албаган, конок келсе кой сойбой тура албаган, жайыл дасторкон, Кытайдын кара чийбаркутунан чепкен кийген, кызыл март байым, бери чык, – деп үчүнчү кылып тургузуп койду дагы бирин.

Конок менен кошо кой этин жебеген, чарадай болгон чөйчөгүнө айранга нан чылап жеген, эки бети күлгө бышкан көмөчтөй, эт ордуна нан жеген, бүт оокатын нанга жумшаган, чүңүрөйгөн көзү бар, кокондук көк суп чепкенин кийген, какшык менен сүйлөгөн, какшыкчыл боз байым бери чык, – деп төртүнчү байды тургузуп койду.

Төгөрөгү төп келген, кодо десе кодо, чындык десе – чындык, семиз десе семиз, сүйлөөк десе сүйлөөк, март десе март, куу казан десе куу казан, ач көз десе ач көз, сөгөнөөк десе сөгө­нөөк, жаш десе жаш, кары десе кары, көп аял алган, катын жандуу сулуу байым бери чык, – деп бешинчини катарга тургузуп койду.

Бою мырза теректей, темененин көзүндөй акылы жок, малым өлүп калат деп, өмүр бою сууга боюн салбаган, бүткөн бою кычыткы болгон, кийими төөнүн чомундай капкара чор болгон, кийими менен иши жок, кол менен кармаса кол ооруган, бир малы өлсө, баласы өлгөндөй ыйлаган, адам сыягы жок, мырза теректей болгон – байым бери чык, – деп ал байды алтынчы кылып катарга тургузду.

Сүйлөгөн сөзү уккан кишини коргошундай эриткен, малын ыгы менен бактырган, ашык малын чачпаган, кургак чечендик менен жан сактаган чечен байым бери чык, – деп чечен байды жетинчи кылып катарга тизип койду.

Ошентип жетөөнү, алардын кылык-жоруктарын кулк-мүнөздөрүн, адамга кылган мамилесин мурун көрбөсө да, так өзүндөй айтып берди. Эл тыптынч. Куйручук байларга:

– Ал-абалыңар жакшыбы, турмуш-тиричилигиңер, оокатыңарчы?

– Жакшы.

– Баарыңар жакшы турмушта жашап жатасыңарбы?

– Ооба, ооба. Жакшы турабыз.

– Анда, баарыңардын турмушуңар жакшы болсо, эми баарыңар шымыңарды шыпыргыла! Ыштаныңар бар болсо, бирден ат минесиңер. Эгер жок болсо, анда бирден ат бересиңер мага, – деди Куйручук.

Биринде да ыштан жок экен. Жети бай ычкырын кармап туруп калышты. Күлбөгөн киши калган жок. Канат ажы жети байдын жанына басып келип: “Болору болду, көзүңөр менен көрдүңөр. Баарыңардын ыштаныңар жок экен. Турмушуңар өтө мыкты экен. Эртең көзүңөр көргөн атыңарды жетелеп келип кутулгула? Бүттү, тарагыла”, – деп элди таратты.

Эртеси аттарын жетелеп келишип, Куйручуктан кутулушту. Жети аттын бирин сенин эмгегиң өтүп кетти деп Канат ажыга берип, алтоону элине алып келип, марттыгын карматып, бей-бечара кембагалдарга таратып берди.

Жазган санжырачы Бексултан АРЫКОВ

Кудай сүйгөн Куйручуктун эл ичинде ушул кезге чейин айтылып жүргөн олуялыгы, көрөгөчтүгү, чечендиги, баатырдыгы тууралуу аңгемелер кыйла көп. Андыктан алардын баарын гезит бетине чыгарууга мүмкүн болбогондуктан, анын айрым гана эпизоддоруна орун берүүгө туура келди.

«Кыргыз туусу», 26.07.2011

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.