Күлүктөр

Жолборс, илбирс, арстан сыяктуу жапайы жаныбарларга, ит, кой, эчки, уй сыяктуу жандыктарга да эч качан сын айтылбайт. Сын адам менен жылкыга карата гана айтылып келет алмуздаткан. Жылкы жаныбардын керемет зор касиетке, урматка ээ болгон үчүн кыргыз баласы: “Ат сыйлаган жөө калбайт”, “Акыр заман аттан ажыраган жерде”, “Аты жоктун – буту жок”, “жакшы аттын жалын сакта, жакшы эрдин кадырын сакта” сыяктуу нечендеген макал-лакаптарды чыгарышкан;

Ушул жылкы жаныбардын мыктылары кийинки кездерде байгеге кошулуп чабыла баштаганы жакшы жерөлгө болуп келүүдө.. Бирок, ат чабыштарда, жорго салыштарда сандаган ышкыбоздор катышкан жерлерде ат майдандарында техниканын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болсо да негедир (микрафон, үн күчөткүч) жалпы Камбар Атадан чыккан асыл күлүктөр жөнүндө баян айтылбай келет.

Кечээ жакында Соң-Көлдө өткөн Куйручуктун 145 жылдыгына чабылган күлүктөр менен салдырылган жорголорду УТРКдан көрсөтүү учурунда байгеде бара жаткан күлүктөр белгилегендей күлүктүн жери тигил район, ээси, номери баланча, түкүнчө делип араң баяндалып жатат. Көрсө, жылкы жөнүндө чала монгол билген кайсы күлүк кайсы райондон, айылдан экенин жандап айта албай шилекейине чакаган көлдөгү пансионаттардын биринде деректир болгон бир жигит баяндоочу болом деп чыга калса, микрафонду ошого кармата салышыптыр, капталдан чыга калгандар. Илгери күлүктөр кое берүүчү жерине айдалып кайра марага келгенге чейинки убакта акындар жаагын жанып аргымактардын таржымалын ыр менен төгүп айтып тураар эле. Азыр күлүктөр айлампада чабылса да анын бири жок. Мейли илгеркидей шаңшыган акындардын жогун моюнга алалы, бирок ошол күлүктөр айлампада жүрүп жатканда тээ илгери өткөн аргымактар менен буудандардын тарыхын, санжырасын чечен тил менен куюлуштуруп айтып отурганга адам жокпу? Бар, бирок ушуга көңүл бөлгөн сөзмөр адамды издеп тапканга аракет кылган киши жок.

Ошондой күлүк чабыштарда жылкыга ынтызаар, анын нечен тарыхтарын, санжырасын билген жан болсо 17-18 кылымдардагы калмактардан ала качкан Сарбагыш Болот баатырдын Кызыл тел күлүгүн, Солтон чыккан Шапактын Көк чологун, Сарбагыш Атаке баатырдын Кер кулунун, Саяк Түгөлдүн Шарп куласын, ушул эле уруудан Качке баатырдын Марал торусу, Кыпчак Шырдакбектин Боз жоргосун кийинки 19-20 кылымдардагы Эсенгул Сарбагышынан чыккан Шадыкандын Кызыл жоргосун, Бугу Балбай баатырдын Сур айгыры, Саяк Бекболоттун нар башын ушул эле Жумгал саяк элинен чыккан Самүдүндүн Ала баш аттуу жоргосун дагы нечендеген канаттуу жылкылардын тарых макалын айтып отурса уккандын кулагын кандырмак. Ошол жердеги ышкыбоздордун арасындагы куйма кулактар көкүрөгүнө туйуп алышса, бул нарктуу сөз элге сиңе бермек. Баатырлардын денесинде канчалык кара күчү, шамдагайлык касиет болбосун алдындагы аргымагысыз эч нерсеге арзышмак эмес да, эч бир эрдик жасай алышмак эмес. Биз Манас, Чубак, Алманбет, Эр Төштүк жана башкалардын алдындагы аттары ошол баатырлардын өздөрү сыяктуу эле элдин көөдөнүндө жашаш керек чындыгында. Бирок, иш жүзүндө андай болбой жатат. Мунун себеби бул жөнүндө сөз кылган адам жок. Манас өлгөндөн кийин кайран катын Каныкейге дем, кубат берген ким болгон? Атасы Темирканбы же бир туугандары Абыл, Кабыл, Жанадилдерби? Жок, деп кесе айтам. Кеменгер катын Каныкейге дем, күч – кубат кайрат берген Тайтору болгон. Аял болсо да Каныкей Тайторуну байгеге кошуп бул буудан 60 күлүктү артка таштап, алдыга марага келип өзү эмес кыргыздын, жаш Семетейдин намысын алат. Бул окуя Каныкейге зор кубат берет. Кошой, Бакай, Төштүктөр бере албаган кайратты берген, намыс алып башын өйдө көтөрткөн айбан да болсо кудурети артык Тайтору берген, демди Каныкейге. Бир эсе өтө драмалуу бир эсе оптимизмге жык толгон дастандын бул эпизодунун философиясы жылкыга байланышканын эч ким тана албас. Гениалдуу Манасчы Саякбай Тайторуну Каныкейге чаптырганда ат туягынан жер аласалып кадимкидей дүбүрт угулуп тургандай сезилет. Адамды мындай эмоционалдык маанайга алып келген бир эле Саякбай же Каныкей эмес, жебедей сызган Тайтору! Жылкыга бир кыргыз, казак элдери эмес батыш элдери да өзгөчө мамиле кылышат. Кадимки Александр Македонскийдин Буцла аттуу аты ХХII-кылымдан бери, 16-кылымдагы Швед королу Карл ХIIнин Жээрде аты кылымдап легенда болуп, муундан-муунга айтылып келе жатат.

Мен өзүм ат жалында жүрүп өстүм. Самүдүн дегендин Алабаш аттуу атактуу жоргосун нечен ирээт салдырып чексиз кумарга баттым. Атактуу деп атаганымдын себеби, 1958-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунда маданий ишмерлер менен катар бул өлкө жетекчилери жоргону жүк ташуу поезд менен ала барышып Москванын ат майданында улуу державанын жетекчилерине, маршалдар С.Буденный, К.Ворошиловдорго жоргонун өнөрүн көрсөтүшүп суктандырышкан. Алабаш өтө курч жорго эле. Үзөңгүгө бут салаар менен эч теминдирбей эле куштай сызып жөнөчү. Жоргонун кубатын ушундан билиңиз, катуу кеткенде тизгин тартып отуруп адамдын колдору карышып кетчү.

Бала кезимде өзүбүздүн Каракашка айгырыбыз болоор эле. Адамдан ашкан акылдуу болчу. Таң заардан үйүрдөгү бээлерди өзү желеге айдап келип имерип турчу эле жарыктык. Анын дагы бир касиети улака жаралган жаныбар эле. Үстүндөгү улакчынын оюн адамдай сезчү. Улакчы улак эңээрде колу жерге жакын болсун деген тейде бир капталына кыйшая туруп берип анан улак колго тийээр менен зыр койчу. Алдын тосмологон башка улакчылардан кадимкидей буйтап өтчү. Анын бул өзгөчөлүгүн нечендеген көк бөрү тартышында өзү өздөштүрүп алган белем. Оозу ушунча элпек болчу. Тизгинди бир манжа менен тартып койсоң жайлай түшөөр эле.

Жумгалда өткөн той, майрамдарда Каракашка айгырды минген улакчы эч кимге улак берген эмес. Кара кашканы 3,4 ирээт улакка салышып терине суу чачып кургатып, кайрадан улакка сала беришээр эле. Айрым ичи тарлар ыза болгондор Каракашканы улакка салбагыла, башкалардын да күчүн көрөлү” дешип чуулдагандар далай ирээт болгон. Бул айгыр коендой ойноп турганына салыштырып көптөр “суркоен” атап жүрүштү. Кайран жылкы жедеп карылыгы жеткенде, 27 асый болгондо союлду. Мен анда бул жерде Бишкекте элем. Анын союлганын угуп алып жакын адамымдан ажырагандай муңканып ыйладым. Кыйла жылдар ачылып өтсө да Каракашка айгыр кээде түшүмө кирет. Мээме жедеп сиңип калган белем. Бул жарыкта Каракашканын үстүндө жүрүп эстен кеткис рахатка баткам…

Мен ТУ-154, Боинг-737 менен асманда 5-8 саат учуп көрдүм. Бул суперлайнерлер мага Алабаш менен Каракашка аргымактай эч бир кумарланткан эмес. Тескерисинче, чарчатып тажаткан. Самолет канчалык тез учкан менен ал жаны жок муздак темир. Алабаш жорго менен Каракашка аргымак жандуу. Алардын тамырында ысык кан ар дайым дүргүп жүгүрүп турат. Ысык демдери бар. Ошон үчүн жылкы баласын жаныбарым деп эркелетип айтабыз, сылап сыйпайбыз.
Мен София, Прага, Самарканд, Бухара, Стамбул сыяктуу шаарлардын байыркы жана азыркы эстеликтерин, архитектуранын шедеврларын көрдүм. Адамдын акылына, күчүнө, чеберчилигине суктандым, тан бердим. Бирок, булар Алабаш менен Каракашка аргымактай менин жан дүйнөмө жылуулук бере алган жок. Жогорудагы шаарлардын имараттарын адам курган, ал эми Алабаш менен Каракашканы кудурети күчтүү, акыл жетпей турган сырдуу табияттын өзү жараткан. Экөөнүн айырмачылыгы ушунда.

Улуттук маданиятыбыздын бир тармагы жылкы жаныбары. Буга байланышкан ат оюндары. Биз аны азыркы тил менен айтканда популизациялашыбыз керек. Бул багытта бир эле басма сөз, китеп менен эмес ат оюндары өткөн майдандарда сөз менен угармандардын жан дүйнөсүнө жеткизиш биздин милдет.

Саналуу күндөрдөн кийин Бишкектин Аккула ат майданында эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата ат оюндары өтөт. Эгер Бишкек мэриясы менен эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы жана Курманжан Датканын 200 жылдыгын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция көңүлдөнүшсө, ошол ат майданында жылкы жаныбардын тууланынан баштап нечендеген күлүктөр, аргымак, буудандар жөнүндө баяндоого жардам берүүгө даярмын.

Жолдошбек Токоев, “Айгай” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.