Жаш ырчылар эмнеге акындар менен иштешпейт?

Учурда кыргыз шоу-бизнесинде эстрада тармагы “гүлдөп”, көптөгөн жаш эстрада “жылдыздары” пайда болуп, биринин артынан тынымсыз бири чыккан “даңкылдак-дүңкүлдөк” ырлары менен теле-радио, той-кечелерди шаңга бөлөп, жаштардын кол жеткис кумирине айланган убагы. Бирок ошол ырчыларда элге кандай деңгээлдеги ырларды тартуулап жатам деген ой барбы? Алар сөздөрүндө маани-маңызы жок чампаланган, чет элдиктерден уурдалган обону бар ырлары менен кыргыз маданиятына из калтыргылары келеби, же жашыл долларларга, атак-даңкка маарыгысы келеби деген ой ар бир адамда жаралбай койбойт. Албетте, жаш жылдыздардын арасында азыраак бөлүгү бар, чындап эле кыргыз маданиятына салым кошсом деген. Бирок сыныктан башканын баары жугуштуу дегендей, алардын да айрым ырлары жеңил-желпи жакка ооп кеткенин эч кимиси тана албайт. Азыр эмнеге жаш ырчылар кыргыздын белдүү акындары менен иштешишпейт деген суроого жооп издеп көрдүк.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны:
“Азыркы ырчылардын өзү да, сөзү да аман болсун”
Азыркы ырчылардын көбү эмне деген ырды ырдап жатканына маани бербей калды. Мен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясында 8 жыл иштеп, ырчылар менен обончулардын ким экендигин жакшы билип калган кишимин. Ошол жылдары аты элге белгилүү эле бир ырчы мага сөз жаздырып ырдап жүрүп, үч ай өткөндөн кийин: “Агай, мен буга чейин ырдын обонун эле ырдай берипмин, сөзүн эми түшүндүм. Сөзүн түшүнүп ырдагандан кийин ырым башкача боло түштү”,- деп айтты эле. Анын сыңарындай, бүгүнкү “жылдыздардын” баары ырдын сөзүн эмес, “жамаачыланган обонун” ырдашат. Ырчы деген сөздү ырдаш керек. Уккан адамдарга сөздү жеткирмейин обондуу ыр эч качан жүрөккө жетпейт, ал популярдуу боло албайт. Мындай ырлардын өмүрү кыска болот. Поэзия менен обонго жазылган сөздүн айырмасы-асман менен жердей. Мисалы, поэзия деген адегенде адамдын мээсине келип, мээ кабыл алгандан кийин анан жүрөккө жетсе, обондуу ырга жазылган текст адегенде адамдын жүрөгүн багынтып, андан кийин гана мээге жетет. Азыркы ырчылардын өзү да, сөзү да аман болсун. Заманына жарашабы, же адамына жарашабы, азыр бир-эки саат пайдаланып туруп, таштандыга ыргытып салчу буюмдар өтө көбөйдү. Көбү ошол буюм өңдүү бир күн, бир түн менен жашап калды. Мен сахнага ырын эмес, сөзүн эмес, өзүн кооздоп чыгып жаткан “жылдыздардын” ырларын никеси жок, “атасы” жок, кокусунан бойго бүтүп калып, анан апасынын боюнан “түшүп”, же беш айга жетпей төрөлүп, чарчап калган мутант балдарга окшоштурам. Чынында эле азыркы “жылдыздардын” ырлары-мутантталган ырлар. Азыр бардыгын уурдап жатышат. Ырларды эле эмес, ыйманды да уурдап жатышат. Боогачы менен Калмураттын, Атай менен Мусанын, Асек менен Жапардын, Болот менен Абдыластын Ата Мекени болгон касиеттүү кыргыз өнөрү “арам сийдик” өлүү ырлардын мекенине айландык. Бизде кудая шүгүр, сөз жазып бере турган акындар толтура. Менимче, ырчылар профессионал акындарга “сөз жазып бериңиз?”-деп кайрылса, эч ким баш тартпайт деп ойлойм. Мисалы, мен көп ырчыларга, обончуларга сөз жазып бергем, жазып да жүрөм. Бирок, жакшы обон болсо жазам, жаман обонго эч качан сөз короткум келбейт.

Кыялбек Урманбетов, акын:
“Ырчы болом деген адам баарына түтүш керек”

Мен бир ырды 100 АКШ долларына жазып жүрөм. Ал эми элестеткиле, ырчылар бир ырды 100 долларга жаздырып, аны той-кечелерде ырдап, 1000 долларга айлантып алат да. Бул нерсе талаага себилген эле үрөндөй, бир данды сепсең, кайра ал жүз дан болуп мөмө берет. Азыр ырчылар ошондон акчаларын аяп, болор-болбос ырларды ырдап чыгып алышып, үнү да ачылбай, жүзү да ачылбай кыйналып жатышат. Ырчы болом деген адам баарына түтүш керек, жок дегенде эң биринчи кезекте жакшы ыр, жакшы музыкасы менен тандап алып чыгышы керек. Болбосо эптеп чыгып алышып кереги эмне? Азыр эптеп сөзүн, обонун чампалап жазып алып жаткан ырчыларды кубаттоого болбойт. Ар бир ырчы элдин алдына ырдап чыгып жаткандан кийин, ырчылык аларга кесип болуп калат да, анан өзүнүн кесибине кайдыгер карабоо керек. Мисалы, үй куруучу деле эптеп курулса болду деп дубалын кыйшыйтып коюп салса, урап түшүп калбайбы?

Кыргыздын белдүү акындары менен эмнеге иштешпейсиз?

Нэна, ырчы:
“Акындар менен иштешпегенимдин себеби, чоң акындарды тааныбай жатпайлыбы”

Ырларымды Н. Раимкулова жазып берчү, ал менин продюсерим болгондуктан, ырларды сатып алган эмесмин. Назира эженин таланты бар, ырдын сөздөрүн айкалыштырып жакшы жазат. Б. Алыбаева да акыркы ырларымды жазып берген. Азыр болсо К. Урманбетов менен иштешип баштадым. Агайдан ырларды сатып алып жатам. Мурдатан акындар менен иштешпегенимдин себеби, чоң акындарды тааныбай жатпайлыбы. Андан сырткары, ыр жазарда биринчи обон жазылат, ошондуктан, кээ бир акындардын сөздөрү обонго дал келбей кыйналып калышат, ал эми Кыялбек байке обонго ыр жазганды билет.

Роза Шакирова, ырчы:
“Эми чоң акындар менен да иштешсемби деп жатам”

Акындар менен деле иштешпейм, даяр эле Ж. Шералиевдин, С. Бактыгуловдун, А. Өзүбековдун, Б. Токтобаевдердин ырларын ырдап жүрөм, бирине да акча төлөгөн эмесмин. Бир жолу гана Жаныш агайдан “Шок кыздар” деген ырга 200 АКШ долларына обон сатып алгам, ырдын сөзүн М.Осмоналиев 2000 сомго жазып берген. Эми чоң акындар менен да иштешсемби деп жатам. Азыр менде Ш. Дүйшеев, Ө. Кулумбаев агайлардын китептери бар, ошол китептердеги ырларга обон жаратып ырдай берсемби деп ойлойм. Себеби, мага өзүлөрү берген.

Дайыр Исмадияров, ырчы:
“Азыр иштешип жүргөн
акындарымдан ырды бекер алам”
Ар бир ырчынын өзүнө жаккан акындары болот. Мисалы, мен азыр К. Тайчабаров, С. Жээнбаевдер менен иштешип жүрөм. Ал эми чоң акындар менен деле иштеше турган пландар бар. Буйруса, келечекте иштешип калам го? Азыр иштешип жүргөн акындарымдан ырды бекер алам, алардын сөздөрү мага жагат. Чындыгында, ырдын сөзү жакшы болуп мага жагып турса, каражат жагына карабай сатып алмакмын.

Жаш ырчылардын көпчүлүгүнө жазып берген ырлары хитке айланып жаткан жаш акындардын да оюн уксак.

Кундуз Качкынбаева, акын:
“Акындын эмгегин сөзсүз эле акча менен баалабаш керек да”

Учурда жаш ырчыларга ыр жазып берип жүрөм. Каражат жагын айтсам, баарына эле бекер жазып берем. Алар ошол ырдан канча акча таап жатканына кызыкпайм. Эми акындын эмгегин сөзсүз эле акча менен баалабаш керек да. Ырчыларга берип жүргөн ырларымды чоң акындарга текшертип көргөн эмесмин. Бирок эң акыркы жазылган М. Атабеков ырдап чыккан “Кыргыз элим” деген ырымды Мирбек акын К. Урманбетовго текшертсе: “Эч жерин деле оңдоонун кажети жок, ушул бойдон эле ырдай бер”,-дептир. Мага алгач ырчылар ырдын обонун алып келишет,мен ошол обонго карап текст жазам. Кээ бир ырчылар тексттеги сөздөрдү туура эмес ырдап бузуп койгон да учурлар болот, ал кезде сөздөрдүн мааниси өзгөрүп кетет.

Кудрет Тайчабаров, акын:
“Көркөм кеңеш иштесе, менин ырларымды жаратпай койсо…”

Ырчылардын көпчүлүгүнө ыр жазып берем. Ырларымды сатпайм, бош убактым болсо бекер эле жазып берем. Кээде гана жаш, жаңы чыгып келе жаткан ырчылар: “Ырымы болсун, чай ичип коюңуз”-деп кичине акча берип калышат. Болбосо сатып көргөн эмесмин. Эгерде жазган ырларымды акчага баалап олтурсам, баасын жаш ырчылар көтөрө албайт. Ошондуктан, акчасыз эле жазып берем, өзүм да акчага көп кызыкпайм. Азыркы жаш ырчылардын ырлары сапатсыз дегендерге кошулам. Бизге ырларды сындап, электен өткөрүүчү көркөм кеңеш керек деп көптөн бери айтып келе жатабыз. Көркөм кеңеш иштесе, менин ырларымды жаратпай койсо деле ыраазымын. Болбосо “Кара чаң”, “Сарала” сыяктуу түшүнүксүз ырлар радиодон кетип жатпайбы? Менин да шашылып жазган ырларым бар. Ырчылар: “Ыр жаздырып жатам, мындай кылып жазып бере калчы”-десе, макул болуп жазып бере каласың. Ошол бойдон ал ыр радиолорго тарап кетип, оңдогонго болбой калат, Айрымдар жазып берген текстти туура эмес ырдап салган да учурлар бар.

Нурлан Насип, ырчы:
“Азыр жаштарга жеңил ырлар көбүрөөк жагат”

Мен жазган ырларымды Анара Кожоматова аттуу ыр жазган таежем бар, ошол текшерип берип жүрөт. Андан сырткары, өзүмдүн апам сөзгө абдан маани берген адам, ал да текшерет. Ушул убакка чейин чоң акындардан, менин жазган ырларыма карата “жаман” деген сөз уга элекмин. Буйруса, жакшы бир акындар менен таанышып, кеңеш сурап, иштешким келет. Өзүм мааниси терең ырларды ырдасам деп ойлойм. Бирок азыр жаштарга жеңил ырлар көбүрөөк жагат. Учурда жазган ырларымды ырчыларга белекке берип, айрымдарына сатып жүрөм. Тааныштарга арзаныраак, бейтааныштарга кымбатыраак сатам.

Канат Култаев, продюсер:
“Кээде ыр жаздырарда, ырдын сөздөрүнөн абдан кыйналабыз”

Биз чоң акындар менен иштешип келебиз. Мисалы, К. Урманбетов менен М. Атабеков тыгыз иштешип, ырдаган ырларынын сөзүн текшертип келет. Ошондой эле Б. Сейитбекова да текшерип берет. Кыргыз эл акыны Ш. Дүйшеевдин “Сагынуу” аттуу ырын Алихан ырдап жүрөт, мага ал ырдын сөзү абдан жагат. Негизи, чоң акындар менен иштешиш керек, ырдын сөзү маанилүү болуп турса жакшы го? Беш жыл мурдагыга салыштырмалуу азыр ырлардын сөзү бир топ эле оңолуп калды. Кээде ыр жаздырарда, ырдын сөздөрүнөн абдан кыйналабыз, белдүү акындар жардам берип, акыл-насаатын айтып турса абдан жакшы болот эле. Учурда бизге көбүнчө К. Качкынбаева ыр жазып берет. Ал биз менен көптөн бери иштешип жакын болуп калган, ырларын сатпайт.

P.S. Мындан башка да көпчүлүк ырчылар менен байланышканыбызда, баары эле чоң акындар менен иштешкилери келерин, аларга каражат жагы жана белгилүү акындарды жакшы тааныбастыгы себеп болорун бир ооздон айтып өтүштү. Ырчылар, белгилүү акындарды тааныбаса, биз кайда бара жатабыз деген ой келет. Эми мындан ары жаш ырчылар элди тамшандырып, оңой менен эсинен кетпеген, жазып алып жаттай турган ырларды ырдайт деген үмүттө болуп туралы.

Динара Чокоева, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.