Үрүмчү шаарында 2-7-сентябрда Кыргызстандын маданиятынын күндөрү өткөрүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 2-7-сентябрында Үрүмчү шаарында Кыргызстандын Кытай Элдик Республикасындагы күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде болгон маалымат жыйынында Эгемендиктин 20 жылдыгын жана Курманжан Датканын 200 жылдыгын белгилөө боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раев билдирди.

“Бул иш-чара Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп жатат. Анда президент Роза Отунбаева жетектеген олуттуу делегация барып катышмакчы”, деди президенттин кеңешчиси.

Анын айтымында бул иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылып, кечкисин кыргызстандык искусство чеберлеринин концерти берилмекчи.

Мындан сырткары С. Раев жооп катары Кытай өлкөсүнүн маданиятынын Кыргызстандагы күндөрү 20-сентябрда ачылаарын, анда Кызыл-Суу аймагынын өкүлдөрү жана эки жүзгө жакын өнөр адамдары келе тургандыгын айтып, Россиянын маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүү октябрь-ноябрга болжолдонуп жаткандыгын кошумчалай кетти.

Жолдош Жусупов, «Кабар», 23.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.